ЗАМАНБАП АЧЫТКЫ РАКТЫ ЧАКЫРАБЫ?

Ачыткы – ашканада кеңири колдонулуучу каражат. Анын бир нече түрү бар: нан, сүт азыктарын жасоодо жана сыра ачытууда колдонулуучу түрү. Бул жолу биз нан жасоодо колдонулуучу заманбап ачыткы (дрожжи) жана камыр туруш жөнүндө сөз кылабыз.

“КАМЫР ТУРУШ МЕНЕН АЧЫТЫЛГАН НАН ЖЕГИЛЕ”

Орусиялык врач-натуропат, медицина илимдеринин кандидаты, академик Виктор Хрущев “Нан – ден соолук үчүн” аталышындагы эмгегинде жана социалдык баракчаларынын бирине: «Мен күнүмдүк рационумдан заманбап жол менен жасалган нандын түрлөрүн алып салдым. Анткени нан жасоодо колдонулуучу заманбап, термофилдик ачыткылар (дрожжи) организмге киргенден кийин көбөйөт да, организмге керектүү витаминдерди, микроэлементтерди, белокторду пайдалана башташат. Аны менен катар ар кандай уулуу заттарды бөлүп чыгарышат. Айрым изилдөөчүлөр “нанды бышырган кезде ачыткы өлүп жок болот” деп элди ынандырууга аракет кылышат. Мен алардын оюна кошулбайм. Анткени бышыруу процессинде ачыткы ундун курамындагы белоктуу затка (клейкость) кирип, аны капсула катары колдонот да, ичегиге барганда капсуладан чыгып, ичегинин былжырын сезгентет, микрофлорасын бузат. Алар ичегиде гана мителик кылышпастан, кандын плазмасына да өтүп жашашат жана көбөйүшөт. Мунун арты ууланууга, грибок ооруларына, иммунитеттин бузулушуна, өнөкөт жана рак ооруларынын жаралышына жеткирет. Эгер рациондон мындай нанды алып салсаңыз, кан 5 жылдан кийин гана ачыткы клеткаларынан тазалана алат. Андыктан камыр туруштан жасалган нан азыктарын пайдаланууга өтүңүздөр”,- деп жазган. Чынында анын бул оюн бүгүнкү күндө оорулардын жашарып бараткандыгы айгинелеп тургандай. Заманбап ачыткынын организмге зыяны тууралуу башка окумуштуулар, алардын ичинде Розини Жанфранко, Сергей Коновалов, Фёдор Углов да айтып чыккан.

Маалыматтарда заманбап ачыткыларды өндүрүүдө оор металлдар жана зыяндуу химиялык элементтер (техникалык аммонийдин сульфаты, Б маркасындагы техникалык аммиак, техникалык күкүрт кычкылы жана башкалар) колдонулат делет.

Айта кетчү нерсе, АКШ, Швеция жана башка кээ бир өлкөлөрдө ачыткысыз бышырылган нан кадимки көрүнүшкө айланган жана аны рактын алдын алуу үчүн жешет.

КАМЫР ТУРУШ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Камыр туруш – бактерия. Аны үй жаныбарына салыштырсак да болот: ун менен азыктанып, суу ичет жана аба менен дем алат. Байыртадан кыргыз эли ачыган айранга, угутка, максымга же бозого бир аз ун кошуп чалып, тыныктырып, 3-4 күн ун жана суу менен азыктандырып отуруп камыр турушту даярдап алышчу. Ал азыркы ачыткынын (дрожжи) да, көптүргүчтүн (разрыхлитель) да ролун бирдей аткарчу. Жылуу сууга камыр турушту эзип, унду салып камыр жууруп, ачытып, андан соң нан бышырышкан. Камыр көөп чыкканда кийинкиге муштумдай камыр туруш алып, аны унга бөлөп супаранын ичине салып сакташчу. Мындай камыр туруш менен ачытылган камырдан табигый таза жана жанга жагымдуу, бойго кубаттуу нан жасалчу.

КАМЫР ТУРУШ ЖАСООНУН ЖОЛДОРУ

Италия камыр турушу

Керектелүүчү азыктар:

Жүзүм – 5-6 даана

Булак суусу – 150 миллилитр

Ун – 150 грамм

Даярдоо ыкмасы:

1-күн. Жүзүмдү эзип, ага 50 миллилитр жылуу сууну жана 50 грамм унду кошуп камыр жууруп, жакшылап ийлейбиз. Жуурулган камырды сүйрү формада 0,5 сантиметр калыңдыкта жайып, рулеттей кылып оройбуз. Оролгон камырды фарфор идишке салып, үстүнө көмгүдөй кылып суу куябыз да, идиштин бетин жаап, жылуу жерде 1 сутка тыныктырып коёбуз. Эртеси суу киргилденип, бетине майда көбүктөр чыгып калган болот. Эгер мындай процесс байкалбаса, анда камырды колуңуз менен ордунан бир аз козгоп, дагы 1 күн тыныктырууга туура келет.

2-күн. Идиштеги сууну төгүп, камырды алып, ага 50 грамм ун, 50 миллилитр суу кошуп камыр жасайбыз. Бул процесс азыктандыруу деп аталат. Камырды жакшылап ийлеп, айнек идишке салып, оозун чүпүрөк менен жаап, жылуу жерге 1 суткага коёбуз.

3-күн. Камыр кайрадан 2-күндөгүдөй азыктандырылат. Ал канчалык көп күн азыктандырылса, ошончолук күчтүү камыр туруш алынат.

4-күн. Камыр туруш камыр жасоого даяр.

Ун менен суудан жасалган түрү

Керектелүүчү азыктар:

Буудай уну (2-3 сорт) – 150 грамм

Жылуу суу – 150 миллилитр

Даярдоо ыкмасы:

1-күн. Банкага 50 миллилитр жылуу сууну (кайнатылбаган) куюп, 50 грамм унду (2 аш кашык) салып аралаштырабыз. Жыйынтыгында коюу каймактай болгон аралашмага ээ болобуз. Аралашманы банкага салып, оозун 3 жеринен тешилген желим капкак менен бекем жаап, жылуу (20-28 градус), караңгы жерге 12 саатка коюп коёбуз.

2-күн. Аралашма ачып, жагымсыз жыт чыгарып, көтөрүлүп чыгат. Эми бул аралашманы азыктандырабыз. Ал үчүн ага 2 аш кашык буудай унун салып, 50 миллилитр суу куюп, жакшылап аралаштырабыз. Аралашма банканын кайсы жерине чейин экенин сызып белгилеп коёбуз. Эгер аралашма көтөрүлбөсө анда суткасына 2 жолу азыктандырууга туура келет.

3-күн. Аралашма жогору көтөрүлүп, кайра ылдый түшкөнүн байкайбыз. Ага 50 грамм буудай унун, 50 миллилитр жылуу суу кошуп аралаштырып, оозун чүпүрөк менен бекем ороп, бир суткага тыныктырып коёбуз. Күчтүү камыр туруш даяр.

КАМЫР ТУРУШ

Артыкчылыктары:

Үй шартында, колдо бар азыктардан жасап алууга болот.

Камыр туруш менен ачытылган камырдан жасалган нан даамдуу болот жана жыты аңкып турат.

Камыр жасаган сайын андан бир муштумдай алып, жаңыртып туруу менен аны түбөлүккө колдонууга болот.

Биологиялык активдүү кошулмаларга, микро жана макроэлементтерге бай.

Камыр туруш табигый азыктардан жасалгандыктан ден соолукка пайдалуу:

  • Нандын организмге сиңимдүүлүгүн арттырат.
  • Ашказандагы, ичеги-карындагы айрым ооруларды жок кылууга жөндөмдүү.
  • Организмдин стресске туруктуулугун жогорулатат.
  • Уулуу заттарды айдап чыгат.
  • Сөөк жана нерв системдерин чыңдайт.
  • Тырмакты жана чачты бекемдейт.
  • Кандагы холестериндин деңгээлин азайтат.

Кемчиликтери:

Камыр туруш менен жасалган камырды өз убагында жасабаса ачып кетет да, нан кычкыл болуп калат.

Камыр турушту үшүтпөй, бөлмө температурасында сактоо керек.

7-8 күнгө чейин сактоого болот. Эскирип кетсе андан жасалган нандын сапаты да бузулат. Демек, жаңылоо керек болот.

Заманбап Ачыткы

Артыкчылыктары:

Дүкөндөрдө сатылат, кымбат эмес.

Камырды 1 саатта ачытат (ачытуу эрежелери туура сакталган учурда).

Узакка сакталат. Сактоо мөөнөтү 2 жылга чейин.

Кемчиликтери:

Ар кандай кошулмалар кошулуп, химиялык жол менен алынган азык.

Курамында грибоктор болгондуктан төмөндөгүдөй зыян алып келет:

  • Иммунитетти начарлатат.
  • Ууларды бөлүп чыгарат.
  • Ракты жаратат.
  • Тамак сиңирүү органдарынын иштешин начарлатып, ашказанда кычкылданууну жогорулатат, жараны пайда кылат.
  • Кан тамырлардын кеңейишине алып келет.
  • Боордо жана өттө ташты пайда кылышы мүмкүн.
  • Кальций тартыштыгын жаратат жана башка.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
Aisle
2018-12-18 10:33:30
дрожьду ле колдоном...камыр туруш жасап отурбай эле...озу карап корсок баардык нерсе зыян жашабайле коюш керек....
+5
meni_kut
2018-12-18 11:17:34
Aisle,озун билесин денсоолук озундуку го.Мен балдарымдын жана озумдун денсоолугубузга кайдыгер карабайм,дрожжду колдонууну токтотуу керек.Грибокту дрожж кобойтот,бул кобуно маалым
+3
Aisle
2018-12-24 13:44:18
meni_kut,олбойле грибок болбойле жашап атабыз айланайын.
0
Alia82
2018-12-18 10:59:27
Кудакааласа ачыткы жасап албасамбы, айылда ачыткыле колдончулек. Кантип жасашты билбей жүрдүм эле рахмат чоон супер! Айылда эскирип кетсе кошуналардан алат элек да
+15
Shokoladka94
2018-12-18 13:27:08
Дрожжи аябай зыян камырга көп кошпогула деп апам мурда эле айтчы да. Эмнеге баарыбыздын иммунитетибиз төмөндөп кетет десе
+1
NURSAPAR
2018-12-18 15:06:44
Айттым неге зарна болуп жатам деп, кемпириме айтып ачыткы жасатпасам элеби. ...
+8
uhti.sister
2018-12-18 15:20:42
Ачыткы ( камыр туруш) колдоном. Тоюмдуу да болот дрожго жасалган нанга караганда.
+4
Mikra
2018-12-19 11:54:44
uhti.sister,мага бербейсизби ачыткыныздан мен Бишкектемин.мен айылдан алып келейин деп жургом бирок айылдагыларда дрожго отуп алышыптыр.ошого айла жок дрож колдонуп жатам.кимде болсо бергилечи.
0
uhti.sister
2019-02-21 21:54:09
Mikra,Мен Оштомун да. Аралык жакын болсо бермекмин жан дилим менен.
0
Tynybek1989
2018-12-21 12:07:39
uhti.sister,болсо магада бергилечи,бишкектемин
0
men70
2018-12-18 19:21:51
Бала кезде далай ачыткы сурадык го кошуналардан))) безилдеп чуркап, же болбосо суу ысык болуп, же ото жылуу жаап камырыбыз чаралардан далай ашты го))). Камыр туруш деп айтаар элек. Коптон бери ойлонуп журдум эле ушу ачыткы жонундо. Супер инфого рахмат бул маалымат учун.
+8
dobrajelatel
2018-12-20 17:19:51
men70,кошуналар азыр да сурай берет.
-1
Asman...
2018-12-18 20:33:24
Нан жаппай сатып жегендерге кыйын болотко. Мага окшошторго.
+3
Zaina
2018-12-19 03:28:43
Asman...,нанды такыр эле жебей коюш керек
+1
dobrajelatel
2018-12-20 17:18:31
Китайский медицина менен алектенген байке 5-6 жыл мурда айткан. Дрождун зыяндуулугун, айрыкча баш мээдеги шишик, жана эт осуп кетуунун башкы себеби деп. Биздин уйдо апам дрож колдонбойт илгертен эле.
0
№ 841, 14-20-декабрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан