Архив
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Дарика Кодоева, троллейбус жууп иштеген апа: «СОКУР БОЛУП КАЛСАМ, ООРУЛУУ КЫЗЫМДЫ КИМ КАРАЙТ?»

№841 14-20-декабрь, 2018-жыл


Бишкек, Ак-Өргөө конушу. Биринин артынан экинчиси токтогон троллейбустар. Троллейбустардын улам бирин шыпырып, тазалап, экинчисине жөнөп апа жүрдү. Дээрлик бош убактысы жок, кичине эле буйдалса “Дарика эже, болуңуз тазалай калыңыз. Мен кетишим керек” деп шаштырган айдоочулар. Дарика эже менен маектешүү үчүн ал бошогончо көпкө күтүүгө туура келди. Акыры убакыт таап, оор үшкүрүнө колундагы резина мээлейин чечкен 57 жаштагы каарманыбыз башынан өтүп жаткан оор тагдырын баяндап берди.

“18 ЖАШЫМДА АЛА КАЧЫП КЕТКЕН”

– Мен 5-6 жашта болсом керек, атам 33 жашында жүрөк оорудан каза болсо, кийинки эле жылы апам 29 жашында ооруп күйөөсүнүн артынан кете берген. 5 бир тууган элек, 3 кыз, 2 уул. Агам да каза болуп калган. Калган бир туугандар эптеп бири-бирибизди эш тутуп чоңоюп алдык. Нарын облусунун Кочкор районунун Чолпон айылынан болобуз. Тайларыбыз Ак-Учук айылында турушчу, мектепте 8-класска чейин ошол айылдан окудум.

8-классты аяктагандан кийин Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарына атамдын инисиникине келип, ал жактагы кулинариялык техникумда окуп калдым. Окууну бүткөндө Кочкордун Дөң-Алыш деген айылына ала качып кетишти. Анда мен 18 жашта элем.

“КЫЗЫМДЫН КЕБЕТЕСИН КӨРСӨҢ БООРУҢ ООРУЙТ...”

– 19 жашымда, 1980-жылы кызыбыз Алтынай жарыкка келди. Кызым 6-7 айлык болуп калганда жолдошум “мени милиция кызматкерлери издеп жүрүптүр, соттоп жибериши мүмкүн” деп кызым экөөбүздү менин улуу эжемдикине алып барып салып, өзү кетип калды. Ошондо жаш экенмин, бат эле алданып жалдырап кала бериптирмин да. Көрсө, ал башка аял алып, ошонусу менен жашап баштаптыр. Андан 2 балалуу болду, кызым Алтынайды талашып, “бербесең өлтүрөм” деп коркутуп алып койду. Бирок берки 2 баласы чоңойгону кызымды батырбай, кызым чоң ата-чоң энесинин колуна келди. Мен эжемдикинде жашап, ооруканада пол жууп иштечүмүн. Кызыма жолугуу үчүн күнүгө бала бакчага барам, ал жактын тарбиячыларын кайненем “эгер апасы менен жолуктурсаңар, силерди сотко берем” деп коркутуп коюптур. Болбой эле барып жолугуп турчумун.

Жолдошумду сотко бердим кызымды талашып, анда Алтынай 4 жашка чыгып, сүйлөп калган. Сотто Алтынайды атасы экөөбүздүн ортобузга коюп “Алтынай, атаңа барасыңбы же апаңабы?” деп сурашты. Кызым дароо “апама барам” деп айтып, ошол күндөн баштап өз колума тийди. Жаңы келгендеги кебетесин көрсөң бооруң ооруйт, чачы кырылган, моюну-башы кир. Үйгө алып келип жуунтуп отуруп көзүмдүн жашын тыя албай аябай ыза болгом. Алтынай чоңойгон сайын көп ооруй турган болду.

“МАГА 2 ИРЕТ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛДЫ”

– 1995-2005-жылдар аралыгында Чүй облусундагы Чым-Коргон айылында жайгашкан психиатриялык ооруканада пол жуугуч болуп иштедим. Андан кийин Кемин райондук ооруканасында бир нече жыл пол жуугуч болдум. Бишкекке 2007-жылы келгенбиз. 2008-жылдан бери 7-8-каттамдагы троллейбустарды шыпырып-жууп иштейм. 30 жылдан ашуун пол жууп келе жатам.

Кызымды 16 жашка чыккыча эжем багып берди, мен акча табышым керек эле. Бир туугандарым барына шүгүр кылам, алар жок болсо кантмекмин?

Өзүм 2 ирет операцияны башымдан өткөрдүм: биринчисинде өтүмө операция жасалса, кийин геморрой болдум. Бир көзүм катаракта болуп такыр эле көрбөй калган, азыр экинчи карегимдин жарымын чел басып калды, операция керек, аны ойлоп да кайгырам. Сокур болуп калсам, оорулуу кызымды ким карайт? Кантип жан сактайбыз? Анын үстүнө астма оорум бар, түнү-күнү приступ кармап жыгылып калам. Бул оорунун баары өмүр бою колум суудан чыкпагандан улам жабышса керек.

“ТАПКАНЫМДЫН ЖАРЫМЫН ЭҢ ЗАРЫЛ ДАРЫГА ГАНА КОРОТОМ”

– Троллейбустарды бат-баттан эле жууп-тазалап чыкчу элем, акыркы 2-3 жылдан бери колдорум какшап, өйдө көтөрүлбөй, кыймылым жайлап калды. Айдоочу балдар менен жакшы мамиледемин, абалымды түшүнүп кээде 5-10 сом болсо да жардам берип калышат, жол кирем бекер. Күнүгө саат 8ден кечки 5ке чейин иштейм. Айына 5500 сом айлык алам, анын жарымын эң зарыл деген дары-дармекке коротом. Пенсияга жашым жете элек, буюрса, кийинки жылы чыксам керек. Кызым ооруганы такыр эле каражат жеткире албай чүнчүп кетип, балким, элден кандай да болсо жардам болот деп сиздердин гезит аркылуу элге кайрылалы дедик.

“Кызымдын канчалык кыйналганын өз оозунан уксаңыз” деген Дарика апаны ээрчип анын үйүнө жөнөдүм. Ак-Өргөө Бишкектин четиндеги эң өнүккөн жаңы конуштардын бири саналат. Борбордук көчөлөрүнө асфальт төшөлүп, жолдору зыңгырап турганы менен, реалдуу турмуш майда көчөлөрүнөн байкалат. Камырдай жуурулушкан баткак, бутуна түркүн түстүү целлофан баштык кийген жаш-карылар. Асфальт жолдун жээги баягы баткакты тазалагандан улам ыргытылган чүпүрөк-чапырак таштандыга толгон. “Бул жердеги мечитте иштеген кайрымдуу адам бизге жашаганга вагонун берген, айына 2 миң сом төлөйбүз. Бул жакта 4-жыл кыштап жатам” деген каарманым вагондун эшигин ачты.

АЛТЫНАЙ ТЕНТИЕВА: “БАЛА ЖЫТЫН ЖЫТТАП, ЭНЕ БОЛГУМ КЕЛЕТ”

Апасы экөөбүз киргенде эле Алтынай айым ыйлап жиберди. Жолдошу айылда болгондуктан, аны таежеси карап жаткан экен. Өз алдынча баса албай, сүйлөгөндө да кыйналарын байкадым:

– 1 жашымда менингит болуп ооруп, ошондон жакшы айыга албай койдум. Эпилепсия дешти, ушул кезге чейин башым ооруйт, катуу нерв болгондо бет сөөгүм такыр эле кыйшайып калат. 2015-жылы жолдон өтүп баратсам машина сүзүп кеткен. Анда да башымдан жаракат алган элем. Азыр өзүм жалгыз көчөгө чыга албайм, анткени басып баратып эле бутум шилтенбей тырышып, башым айланып жыгылып калам. Инсультка да кабылгам, сол капталым дээрлик иштебейт. “Талма ооруң айыгат” дегенинен 2010-жылы күйөөгө да чыктым, бирок айыга алган жокмун.

Бир жолу ичим катуу ооруганынан ооруканага барсам “жатындан сырткары бойго бүтүп калган, бир түтүк сезгенип кеткен, алыш керек” деп “макулмун” дедиртип кол койдуруп алышты. Ооруканадан бир түтүгүм алынды деп чыккам, кийин такыр боюма бүтпөй жатканынан гинекологго барып текшерилсем, эки түтүк тең алыныптыр. Ошентип балалуу болуу бактымдан айрылып калдым. Жолдошум менен уруш-талаш көбөйдү, ал “сен кечке эле ооруй бересиң” дейт, мен “ооруганымды билип туруп алгансың да” дейм. Эгер ортобузда бала болсо мамилебиз башкача болот беле? Мен да бала жытын жыттап, эне болгум келет.

“АПАМДЫ ЖОГОТУП, ЖАЛГЫЗ КАЛАМБЫ ДЕП КОРКОМ”

– Акыркы 5 жылдан бери эки бөйрөгүм тең ооруйт. Мына, ноябрда без чочуп, эмчегиме операция жасалды. “Жардам бергиле” деп канчалаган оорукананын эшигин жырттым? “Макул” дешет да, каражатым жоктугун укканда көрүнгөн жакка жибере башташат. Мени ушул абалым менен ким ишке алмак эле? Абалымды көрүп туруп жок дегенде майыптыкка чыгайын десем, ал үчүн да пара бериш керек экен.

Өткөндө көчөдөн жыгылып калсам, жан адам басып келген жок. Бир маалда бир таксист байке “эй, эмне ичип алдың беле?” дейт. Ызаланганымды айтпаңыз. Көчөгө чыксам эле мени карай беришкенсийт, өзүмдү кем сезе берем. Айыгып эл катары иштегим, апамды баккым келет. Жогоруда санаган ооруларымдан башыңыз адашып калдыбы? Ошонун баарына апам чыдап келе жатат. Азыр көзү да жакшы көрбөй калды, кээде чай куюп жатып кайнак сууну колуна төгүп күйгүзүп алат, бир буюмду колу менен карайлап издеп калганда жүрөгүм шуу дейт. Апамдын көзү көрбөй калса аны ким карайт, менин абалым бул болсо? Байкасаңыз, мышыктай болуп дайыма кышылдап турат, астмасы бат-баттан кармай баштады. Жалгыздыктан, апамды жоготуп алуудан корком. Өмүр бою менин түйшүгүмдү тартып, чыдап келе жатат. Биздей адамдардын үнү угулчу жер бар бекен?..

Асыл Орозбекова
koom@super.kg



Вагондо жашаган эне: “Троллейбус жууп иштеп, оорулуу кызымды багам”

Автор: Алтынай Тынышова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(13)
18.12.2018. 09:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
59
Катталган:
04-05-2010
Соӊку аракети:
24-01-2019 18:55
Жынысы:
Белгисиз
+12
Дарика апага жардам берем дегендер үчүн байланыш номерлери: 0559744426, 0709 046103
Super TV
18.12.2018. 10:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
04-06-2011
Соӊку аракети:
27-03-2019 22:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+1
Мен буйруса айлыгымды аларым менен акча котором . Кандай гана оор тагдырлар. Келгиле кыргыз элим 50 сом 100 сомдон болсо да которуп койолу. Апанын козуно операциясына жарап калаар. Шыфаа берсин экооно тен . Элден айланса болот.
18.12.2018. 10:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
345
Катталган:
03-12-2018
Соӊку аракети:
26-05-2019 20:17
Жынысы:
Белгисиз
+8
Счёт ачкыла,кайрымдуу инсандар коп эле сооп издеген.Байкуш апа((((
18.12.2018. 11:45 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
758
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
06-03-2019 12:18
Жынысы:
Белгисиз
+22
Мечитте иштеген киши кайрымдууулук кылып вагонун эки мин сомго берди дейт, ошондой да кайрымдуулук болобу??? Бекер берсе анда айтса болмок кайрымдуулук дер. Мечитте иштегени кайсыл анда,экоо тен оорукчан экенин коруп туруп акча алса,кайрымдуулук дебей эле койсунчу
18.12.2018. 12:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
01-02-2017
Соӊку аракети:
26-05-2019 22:37
Жынысы:
Белгисиз
-11
Nanei, колуңуздан келсе сиз таап бериниз
18.12.2018. 12:58 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
758
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
06-03-2019 12:18
Жынысы:
Белгисиз
+13
Tyty1990,мен колуман келсе Бекер эле жашатмакмын. Вагондо кыштап коргом мен дагы,ото суук болот ичи,ошого ацтыватам. Тем более эч кандай шарты жок вагондо. Эки мин сом баасы болсо,кайдагы кайрымдуклук???
21.12.2018. 04:05 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
01-12-2018
Соӊку аракети:
06-01-2019 03:40
Жынысы:
Белгисиз
+3
Nanei,оа туура айтасын, Эми ошол салып алган уйу болсо дагы бир жон, вагонго акча албай эле койсо болмок да
18.12.2018. 12:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
72
Катталган:
23-05-2017
Соӊку аракети:
26-04-2019 11:50
Жынысы:
Белгисиз
+9
Элсом болсо ар бирибиз 50 сомдон болсо да салат элек
18.12.2018. 13:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
10-12-2013
Соӊку аракети:
25-05-2019 20:11
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эх кандай окунучтуу тагдырлар! Кочкорлук куркулмун деп мурдун которгондопр жардам беришсе кана. Депутаты, министри бизнесмени жайнайт го. Карапайым эл гана куйот экен бири- бирине. 100 сом болсо да жардамыбызды аябайлы.
18.12.2018. 23:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
99
Катталган:
04-02-2014
Соӊку аракети:
13-04-2019 14:29
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ эженин так номерин жазып коюнузчу
19.12.2018. 14:35 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
8393
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
26-05-2019 22:13
Жынысы:
Белгисиз
0
Mystery, саламатсызбы! Видеоматериалда көрсөтүлгөн: 0559744426
19.12.2018. 10:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
106
Катталган:
28-01-2014
Соӊку аракети:
24-05-2019 18:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Элсом номер ачып берсенер жакшы болмок экен.
21.12.2018. 15:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
01-02-2016
Соӊку аракети:
16-05-2019 19:54
Жынысы:
Белгисиз
+1
Карта ачпайсызбы счет номер бул жака жазып коюнуз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
22285;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: