Ушул жылдын 9-декабрында Канаданын Торонто шаарында мекендешибиз Валентина Шевченко UFC'нин чемпиондук курун тагынды. Чемпиондук үчүн беттеште ал польшалык Йоанна Енжейчик менен күч сынашты. ОКТОЙ УЧКАН ВАЛЕНТИНАНЫ ЕНЖЕЙЧИК ТОКТОТО АЛГАН ЖОК
Кыргыз күйөрмандары күткөн Шевченконун кыялы орундала турган күн келди. UFC`нин чемпиондук куру үчүн кыргыз мушкери Валентина октагонго эски таанышы польшалык Йоаннага каршы беттешке чыкты. Эски тааныш дегенибиздин себеби бул эки спортчу тең тай бокстун чеберлери. Валентина муай-тай боюнча дүйнө чемпиондугун 9 жолу жеңсе, польшалык спортчу 5 жолу чемпион аталган. 2008-жылы алар дүйнө биринчилигинин финалында кез келип, анда биздин спортчу жеңишке жеткен. Мындан кийинки эки беттеште да жеңиш Шевченко тарапта болгон.
Валя беттештин алгачкы мүнөттөрүнөн эле октагондо ким күчтүү экендигин далилдей баштады. Алгачкы раундда Йоаннанын ийгиликсиз соккуларына Шевченко кубаттуу жана таамай соккулары менен жооп берип жатты. Валя аралыкты кармап, кези келгенде күтүүсүздөн чабуулга барып каршылашын аргасыз абалга келтирип койду. Жөнөкөй көз менен караганда дагы жердешибиздин уруш техникасы кыйла күчтүү экендиги байкалды. Анын айланып тебүүлөрү, “супермен-панч” же “кобранын соккусу” деп аталган чагылгандуу соккулары каршылашына чоң кыйынчылыктарды жаратты. Мындан сырткары Валя жалпы беттеште 5 тейкдаун кылууга жетишти, польшалык мушкер бир дагы жолу тейкдаун кыла алган жок.
5 раунддук беттештин жыйынтыгында Буллет (Ок) UFC`нин 57 килограммга чейинки салмак категориясында чемпион аталды. Салтка айланып калган лезгинка бийин бийлөө менен ал октагондон чемпиондук курун тагынып алып чыгып кетти.
“НУНЬЕС МЕНЕН БҮТПӨЙ КАЛГАН ИШИМ БАР”
UFC`деги алгачкы беттешин Валентина 2015-жылы декабрь айында өткөрүп, Сара Кауфманды утуп алган. Кийинки жылдары Шевченко бразилиялык Аманда Нуньес менен 2 жолу кез келип, экөөндө тең жеңилип калган жайы бар. Мындан соң Валентина өзүнө көбүрөөк ыңгайлуу болгон 57 килограмм салмакка чейинки категорияда күчүн сынап көрүүнү чечет. Мында алгачкы беттешинде бразилиялык Присцила Качоейраны 2-раундда муунтуу жолу менен жеңип алган. Бул салмак категориясынын чемпиону Никко Монтаньо менен кез келмек. Бирок каршылашынын ар кандай себептер менен беттешти жылдыра бергендигинен улам бул беттеш болбой калган. Натыйжада UFC Монтаньону чемпиондук курдан ажыратып, чемпиондук курду Шевченко менен Енжейчик талашары белгиленген.
Чемпиондук курду тагынган Валентинанын кийинки максаты Аманданы реванштык беттеште утуу экендигин айтат:
– Менин салмак категориямда эжем Антонина бар экенин билем. Качан гана ал рейтингдин сап башына жакындаганда мен өзүмдүн кийинки аракеттеримди ойлоно баштайм. Менин Аманда Нуньес менен бүтпөй калган ишим бар. Амандадан жеңилбегенимди билем. Ал дагы мени жеңбегенин жакшы билет. Бул беттеш качан болорун билбейм, бирок сөзсүз түрдө орун алат.
Антонина Шевченко 1-декабрда UFC уюмунда алгачкы беттешин өткөрүп, кореялык мушкерди жеңип алды. Кызыгы, Антонина менен Валентина экөө бир салмак категорияда. Бирок эже-сиңди бири-бири менен беттешпей турганын айтып келишет.
“ЧОҢ РАХМАТ, АЛГА, КЫРГЫЗСТАН!”
Валентинанын бул беттештеги жалпы гонорары 130 миң долларды түздү. 100 миң долларды беттешке катышкандыгы үчүн алса, Reebok компаниясынан демөөрчү катары 30 миң долларга ээ болду. Анын каршылашы дагы өз эсебин 130 миң долларга көбөйтүп алды.
Беттеш бүткөндөн кийин сары кыз күйөрмандарына видео аркылуу ыраазычылык билдирди. Ал видеону эжеси Антонина өзүнүн интернет баракчасына жүктөгөн. Шевченко беттешке чейин жана беттеш учурунда аны колдоп келген күйөрмандарына ыраазычылыгын билдирди. Видеонун аягындагы мушкерибиздин "Чоң рахмат, Кыргызстан, алга!" деген сөздөрү ар бир кыргыздын мекенчил сезимдерин ойготту.
ШЕВЧЕНКО МЕКЕНИНЕ КАЧАН КЕЛЕТ?
Ушул жылдын январь айында ал кезде UFC`нин чемпиондук курун тагына элек орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов Бишкек шаарына келип, күйөрмандары менен жолуккан. Ал жолугушуу Бишкектеги соода борборлорунун биринде болуп, суук аба ырайына карабай миңдеген күйөрмандар мушкерди көрүү үчүн келишкен. Ал эми UFC`нин чемпиону мекендешибиз Валентина келсе кандай болорун элестетүү кыйын. Шевченко чемпиондук курду тагынса мекенине келерин буга чейинки берген маектеринде айткан жайы бар. Демек, жакынкы арада чемпион мекенине келиши толук мүмкүн.
Кубан Жумамидинов
sport@super.kg