Гезитибиздин өткөн санында Бактияр Токторовдун жаңы демин ачып, популярдуулугун арттырган “Ыйлай-ыйлай” деген ырын орусиялык “Сборная союза” тобу “Я однолюб” деген аталыш менен ырдаганы тууралуу жазганбыз. Видеодо чыгарманын сөзү, обону катары топтун ырчысы Евгений Журин көрсөтүлгөн. Өзүн автормун деген Евгений Журинге байланыштык. Орусиялык ырчы “Супер-Инфо” гезити үчүн видео аркылуу кайрылуу жасап, ырынын тарыхына кайрылып өттү.
– Саламатсыздарбы, “Супер-Инфо” гезити, мен “Сборная cоюза” тобунун жетекчиси жана ырларынын автору Евгений Журинмин. Мен 1979-жылдан бери ыр жазам, ал эми азыр ырдап жүргөн “Я однолюб” аттуу чыгармамдын обонун 1984-жылы жараткам. Бир нече жыл мурун кыргызстандык топтун менин ырымды аткарып жатканын угуп калдым. Ага көп деле капа болгон жокмун. Анткени менин чыгармаларымды аткарбай коюунун өзү күнөө.
Эми бул ыр кандайча жаралып калган? Ошол темага кайрылайын. 1984-жылы мен 10 жылга абакка кесилгем. Ошол учурда (ред.: абактагы жылдарда) ырларымды кассеталарга жаздырып, эркиндикке чыккан өзбек, кыргыз улутундагы балдарга белекке берчүмүн. Алардан ары дүйнө жүзүнө тарап кетти. Мына 35 жылдан бери чыгармаларымды атактуу ырчылар аткарып келет. Мен аларга капаланбайм деле. Анткени чыгарма жаратуу менин хоббим. Бул ырдын алгачкы версиясы “Апама кат” же “Арыба, апа” деген аталышта болчу. (Андан ары Евгений ырды гитарада ойноп аткарып берди). Кийинчерээк Кыргызстандагы кесиптештеримдин аткаруусунда бул ырымды угуп, ал ырдын сөзүн өзгөртүп, кайрадан “Я однолюб” деп жаңылап жаздырып, жубайым Оляга арнадым. Бул ырды Кыргызстан, Европа, АКШда ырдашсын, мен эч кимден акча талап кылбайм,- дейт орусиялык ырчы.
Журиндин жообунан кийин Токторовго байланышпай коё албадык. Ырчы мырза төмөнкүлөргө токтолду:
– Орустарда автордук укук дегенге аябай маани беришет. 2 жыл мурун мага “Comedy Club” долбоорунан чалып аталган ырымды сурашкан. Уруксат берип "ала бергиле" десем, "бизде автордук укук боюнча мыйзам катаал. Паспортуңузду, банктык эсебиңизди жөнөтүңүз" дешти. Паспортумду сүрөткө тартып жөнөткөм, бирок банктан эсеп ачканга чыгынбай ошону менен калып кетти. Эгер автору Журин болсо алар ошондон сурашпайт беле? Менин 500дөн ашык обонум бар. Мурун менин ырларым элдик ыр болсо деп ниет кылар элем. Мына эми “Ыйлай-ыйлай” деген ырымды башкалар ырдап жатышат (күлүп).
Кошумчалай кетсек, Евгений Журиндин абакта жүрүп апасына арнап жазган ырында куплеттеринин обону башкача. Болгону кайырмасынын кайрыктары азыркы “Ыйлай-ыйлай” аттуу ырдыкына окшош. Эгер Токторов “Ыйлай-ыйлай”деген хит ырды чыгарбаса, балким, Евгений Журин да апасына арналган ырын унутуп, кайра иштеп чыкпай ошол боюнча кала бермектир. Анткени орусиялык ырчы жаңыланган "Я однолюб" деген чыгармасын Бактияр Токторовго таандык обон, аранжировкада аткарып чыкпадыбы. Эки ырчы тең бири-биринен автордук укукту талашпай, ооздон-оозго таратса чоң сыймык экенин айтышты.
Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg