Адахан Мадумаров Кыргыз жарандарынын массалык түрдө сыртка агылып жатышы улуттук коопсуздукка коркунуч жаратат деп коңгуроо кагууда.
– Ар кандай концепция, программа жазуу менен Кыргызстан өскөн эмес, өспөйт дагы. Мунун максаты – грант. Гранттын эсебинен күн көргөн эки-үч киши бар. Концепцияны ишке ашыра турган киши да, мүмкүнчүлүк да жок. 2018-жылды аймактарды өнүктүрүү жылы дегени – жомок. Кантип, эмненин эсебинен өнүктүрөсүң? Эгер кийинки жылды “токойлордун жылы” деп койсок эле токойлор өсүп кетеби? Жалган кыялдар, программалар, ураандар. Мына, аймактарды өнүктүрүү жылында 220 миң Кыргыз жараны айылын таштап сыртка чыгып кетти. Анын 35 пайызы Баткен облусунан кетип жатат.
Бүгүнкү күндө Баткен облусун 265 миң киши таштап кетиптир. Облустун 400 миңдей калкы болсо, демек, жарымынан көбү чыгып кетиптир. Мамлекеттин бүтүндүгүн, коопсуздугун камсыз кылууда Баткен облусу чоң ролду ээлейт. Ошол жерди кыргыздар таштап кетип жатса, алардын ордун ким ээлейт? Бул коопсуздук, оор маселе.
Эми биздин мамлекетке кошуна өлкөдөн киргендерди санап көргүлө. Расмий маалымат боюнча айтайын, 2017-жылы 100 миң өзбекстандык жаран Кыргызстанга кирсе, быйыл аймактарды көтөрөбүз деген жылы 217 миң Өзбекстандын жараны кирди. Кытайдан, башка өлкөлөрдөн канча миңдер кирип жатат? Бизде намыс деген калбай калды. Азыр көчөгө чыксаң кафе, ишканалар кытайча жазыла баштады, бул – коркунуч. Эмне деген апаатка, кыйроого баратабыз? Жаштар “сырттан келген жарандарды карагыла” деп бийликтин алдына талап коюп жатышат. А Жогорку Кеңеште “Кытай жарандарына өлкөгө визасы жок кирүүгө уруксат берели” деп отурушат. Бул эмне деген көктөп кеткен мээлер? Ач курсак бир күнү тоёт, аккан көз жаш бир күнү кургайт. Бирок жериңди кумурскадай басып кирип, сен жериңден ажырагандан кийин анда жашоо кандай болот? “Жарандар эмне үчүн Кыргызстанды таштап кетип жатат?” деген суроого көпчүлүгү “коррупция” деп айтыптыр. Жарандар жергиликтүү төбөлдөргө, акимдерге, облус жетекчилерине, милиция, прокурорлорго өчөшүп Кыргызстанды таштап кетип жатканы менен, алардын ордун “куп” дегендер келип басып жатат. Эң коркунучтуусу – Кытайдан келген Кытайдын жарандарынын баарын милициялар кол чатырдай калкалап турат. Себеби милициянын курсагын тойгузуп, анча-мынча тыйын берип коюшат. Муну токтотуу өтө оор, кыйын. Мамлекет, өкмөт силкиниши керек. Ушул маселе чечилмейинче Кыргызстандын келечегин мен көрө албаймын. Бул ачуу чындык.
Бизде 83 улуттун өкүлү бар, баары Кыргызстандын жараны. Ошол мен Кыргызстандын жаранымын деген азаматтардын бардыгы ушул терс көрүнүштөрдү чечкиндүү түрдө токтотууга аракет кылыш керек. Буга өкмөттүн, Жогорку Кеңештин сабаты жетпейт. Биз өз тагдырыбызды өзүбүз колго албасак, эртең баарынан куру калабыз. Кудай ушундан сактасын!
Автандил Добулбеков