СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ КЕҢЕШЧИСИН МИНИСТР КЫЛДЫ

Президент Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси Бактыгүл Жээнбаева каржы министри болуп шайланды. Анын талапкерлигин парламентте 101 депутат колдоду. Депутаттар Жээнбаевага талапты эмес, мактоону көп айтып жапатырмак ийгилик каалашты. Мисалы, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов каржы министрлигине эң татыктуу кадр сунушталып жатат деп чыкты. Депутаттар кызматка шайлаарда бардык талапкерди ушинтип макташат, бирок ал макталган кадрлар жетектеген сектордо жылыш байкалбайт. Өткөн аптада каржы министри Адылбек Касымалиев кызматтан кеткен. Анын ордуна премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев президенттин аталган кеңешчисинин талапкерлигин сунуштаган. Бактыгүл Жээнбаева буга чейин “Кыргызстан коммерциялык банкынын” директорлор кеңешинин төрайымы, Улуттук банктын төрайымы, Мамлекеттик ипотека компаниясынын жетекчиси болуп иштеген. 2018-жылдын июль айынан тарта президент Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси болуп иштеп келген.

Автандил Добулбеков

politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 841, 14-20-декабрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан