ПАРЛАМЕНТ КОМИТЕТИ ТЕКЕБАЕВДИН ИШИН КАЙРА КАРОО БОЮНЧА БАШКЫ ПРОКУРАТУРАГА КАТ ЖОЛДОЙТ

Парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитети Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароо боюнча Башкы прокуратурага кат жолдойт. Мындай чечим комитеттин кезектеги жыйынында кабыл алынды. Комитет жыйынында Текебаев жана Чотоновдун ишин кайра кароо боюнча “Ата Мекен” фракциясынын кайрылуусу жана укук коргоочу Чолпон Жакупованын баяндамасы окулду.

Өткөн айда экс-депутат Садыр Жапаровдун иши кайра карала турганын анын адвокаты Шарабидин Токтосунов билдирген. Айтымында, Жапаровдун күнөөсүз экенине далил болуп берүүчү видеокайрылууларды Бишкек шаардык прокуратурасы карап чыгып, кошумча текшерүү жүргүзүү үчүн материалдарды Бишкектин Биринчи Май райондук прокуратурасына өткөрүп берген. Райондук прокуратура кошумча текшерүүдөн кийин ишти кайра кароо үчүн райондук сотко жөнөтмөкчү.

Буга чейин Садыр Жапаровдун да, Текебаев менен Чотоновдун да адвокаттары ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароо өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылып, прокуратура “негиз жок” деп баш тарткан. Жарандык коом саясий негизде камалган саясатчыларды камактан бошотууну 1 жылдан бери талап кылып, бирок реакция болбой келе жаткан. Айта кетсек, Текебаев менен Чотонов 2017-жылы ар бири 8 жылдан, Садыр Жапаров 11 жарым жылга эркинен ажыратылган.

Автандил Добулбеков

politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 841, 14-20-декабрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан