Парламент депутаты Абдывахап Нурбаев өлкөдө чуулгандуу иштер болуп жатса, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев үн катпай отурганын сындап чыкты. “Министрдин орун басары 50 миң доллар пара алып жатканда кармалды. Улуттук банктын төрагасы өзүнө үй салуу үчүн 5 миллион сом ссуда алып, банк аны кечип коюптур. Ушундай окуялар болуп жатса, премьер-министр унчукпайт. Эл-журт, биз ит болдук дебейби. Биз эмне деген мамлекетпиз өзү?”- деди депутат. Ал орун басары 50 миң доллар пара менен кармалган транспорт жана жолдор министри кызматтан кетиши керек дейт. Толкунбек Абдыгулов ссуданы кечип жиберүү окуясын прокуратура иликтеп жатканын билдирди. “Бул 1995-жылдан бери болуп келе жаткан практика. Бул ишти прокуратура иликтеп жатат, анын жыйынтыгы менен жоопкерчилик жөнүндө сөзүмдү айтам”,- дейт банк төрагасы.
Эскерте кетсек, Толкунбек Абдыгулов 2015-жылы Улуттук банкты жетектеп турганда 5,5 миллион сом турак жай алуу үчүн банктан ссуда алып, 2017-жылы ал биринчи вице-премьерликке шайлангандан кийин Улуттук банк Абдыгуловдун ссудасын кечип жибергени маалым болду.
Автандил Добулбеков