ЧЫГЫШ ГОРОСКОБУ БОЮНЧА 2019-ЖЫЛ 5-ФЕВРАЛДАН БАШТАЛАТ
2019-жыл чыгыш гороскобундагы аяктоочу цикл жана Сары (Жер) Доңуз (Кара кийик) жылы. Андыктан жылдын негизги түсү сары, жашыл, күрөң болмокчу. Кийимге “тирүү коралл” өңү басымдуулук кылмакчы. Сары өң байыртан күндүн, эрктин, жашоого кумарлануунун түсү катары белгиленип келе жатканы анык. 2019-жыл чыгыш гороскобу боюнча
5-февралдан башталат.
Астрологдордун маалыматына таянсак, жыл динамикалуу, активдүү, бирок жеңил эмес жылдардан болот. 2019-жылы адамдарда Жерге жана Доңузга таандык белгилер: туруктуулук, максатка жетүү үчүн чыдамкайлык, жети өлчөп, бир кесүүчүлүк, түшүнүүчүлүк, чынчылдык керектелет. Калпычы, жалганчылардын бет пардасы сыйрылып, чыныгы жүзү ачылат. Алар жашоого башкача көз караш менен кароого аргасыз болушат. Негизги маселе өлкөнү туура башкаруу болмокчу. Саясий кыймылдар, саясий партиялар, эл өлкө башчыны, министрлерди туура чечим чыгарууга, өздөрүнө чоң жоопкерчилик алууга мажбур кылышат. Саясий лидерлердин аброю көтөрүлөт. Көптөгөн олигархтар банкротко учурайт. Амбициясы жогору айрым саясатчылар отставкага кетишет. Айыл чарба жана тамак-аш маселелери курч коюлат жана көтөрүлөт. Өлкөлөрдөгү диний баш аламандыктар жөнгө салына баштайт.
Доңуз эмгекчил жаныбар болгондуктан карьера курам, бизнес баштайм дегендерге колдоо көрсөтүп, мүмкүнчүлүктөрдү ачып берет. Негизи жыл тынч өтөт. Бирок ажырашуу жана соттошуулар көп болот.
2019-жылы ири нерселерге жумшалуучу акчаны ойлонуп туруп жумшоо кажет. Кымбат нерселерди сатып алууну мүмкүн болсо кийинки жылга калтыруу оң. Элге жага турган жаңы турак жай программаларын кабыл алууга талаптар күчөйт. Иштөө менен катар үй-бүлөгө, чөйрөдөгүлөргө да көбүрөөк көңүл буруу кажет. Кыдырып жер көрүүгө, активдүү эс алууга ылайыктуу жыл.
ДҮЙНӨДӨ 2019-ЖЫЛЫ ЭМНЕЛЕР БОЛУП ӨТӨТ?
Орусиялык астролог Павел Глобанын божомолу: Дүйнөдө 2 күчтүү өлкөнүн тирешүүсүнүн жыйынтыгында аскерий картада жаңы “ысык чекиттер” пайда болот. Тиреште аскердик жана экономикалык жактан мыкты өлкө лидер болуп (божомол менен Кытай же Индия) табылуусу мүмкүн.
2019-жылы белгилүү саясатчыларды өлтүрүү болуп, масштабдуу дүрбөлөң күтүлөт. Көп өлкөлөрдөгү террордук уюмдарда баш аламандык күчөйт. Дүйнөлүк медицина онкология жаатында ачылыштарды жасайт. Ири өнөр жайлуу шаарлардын экологиясы өтө булгангандан эли коопсуз жерлерге көчүп жайгаша башташат.
Азербайжанда батыштын таасиринин артында элдик толкундоолор болуп өтөт. Эл аралык бир нече сот иштери дүйнөнү таң калтырат.
Болгариялык көзү ачык Ванганын божомолу:
Орусия президентинин өмүрүнө коопсуздук кызматы тарабынан кол салуу болот (аман калары же көз жумары белгисиз). Америка президенти табышмактуу оору менен ооруп (башына суу толуп, акырындап угуусун жана тең салмагын жогото баштайт), жыйынтыгында керең болуп калуусу мүмкүн. Андан тышкары президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири жол кырсыгына учурайт. Европанын жана Азиянын бир катар өлкөлөрүн цунами каптайт, Орусияга метеорит түшөт.
Эл аралык аренада күтүлүп жаткан божомолдор:
Путин менен Трамп Сирияда тынчтыкты, Украинада тартипти орнотуу, Крымды таануу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. 2020-жылы дүйнөлүк коомчулук Крым Орусияныкы деп таанып калуусу ыктымал.
КЫРГЫЗСТАНДЫ ЭМНЕЛЕР КҮТҮҮДӨ?
(Астролог Жанар Кадыралиевдин божомолу)
Коом жана саясат
2018-жылга салыштырмалуу 2019-жыл бир аз чыңалуу абалында өтөт. Бул коомчулукта жана саясатта сезилет. Асмандагы жылдыз топторунун, планеталардын жайгашуусуна баам салсак, саясатта өз ара алдоолор, саясий көз караштар дал келбеген учурлар көп болот. Менменсинүү, агрессивдүүлүк, бут тосуучулук, каршылык көрсөтүү сыяктуу тенденциялар күчөйт. Жылды тынч өткөргүсү келген саясатчылар жогоруда аталган сапаттардан алыс болгону туура. Эки жүздүүлүк чоң зыяндарды алып келет. Коомдо кандай гана нерселер болбосун мамлекет башчысы тандаган багытын өзгөртпөйт.
Саясатчылардын туура эмес оюндары төмөнкү мезгилдерде күч алат:
5-январдан 23-январга чейин (эң кооптуусу 14-январь);
23-марттан 12-апрелге чейин (эң кооптусу 5-апрель);
15-апрелден 11-майга чейин (эң кооптуусу 1-май);
10-сентябрдан 11-октябрга чейин (эң кооптусу 21, 28-сентябрь).
Эскертүү: Аталган даталарда көпчүлүк адамдардын жеке турмушунда да түрдүү көйгөйлөр жаралып турушу мүмкүн. Абайлаңыз!
Экономика
Кыргызстандын экономикасы өсүү темпинде болот. АКШ долларынын курсу дээрлик өзгөрбөйт. Ири суммадагы долларларды алмаштыруунун кажети жок. Карапайым элдин да үй-бүлөлүк бюджети өсөт. Жаңы долбоорлорду, келишимдерди түзүү керек. Каржыга, үй-бүлөгө, ден соолукка, жумушка, сүйүүгө чыгармачылыкка байланыштуу маселелерди чечүүгө жана бүтүрүүгө жагымдуу мезгил: 17-январь – 16-февраль, 10-май – 20-август, 25-август – 23-сентябрь, 20-октябрь – 24-ноябрь, 5-декабрь – 31-декабрь аралыгы.
Кырсыктар, аба ырайы.
Табигат кырсыктары дээрлик аз катталат. Кабатыр болуунун кажети жок. Өрт кырсыктары, төмөнкү баллдагы жер титирөөлөр, анча чоң эмес жер көчкүлөр болуп турат. Жаз эрте келет. Нөшөрлөгөн жаан-чачын сентябрь айынын экинчи жарымында болушу мүмкүн.
Кыш жылуу эле өтөт. Болгону 6-январдан 20-январга чейин суук болот. Кээ бир жылдардай февраль айы толук суук болуп туруп албайт. Жай айы жылдагыдан өзгөчөлөнбөйт.
Карьера, ден соолук.
Жумуш, ден соолук жаатында көп кабатыр болуунун кереги жок. 2019-жылы боор, бел, бут, сөөк, тиш, тери оорулары күч алат.
Сүйүү жана чыгармачылык.
Сүйүшкөндөр менменсинүүнү азайтуусу зарыл. Жыл бой көтөрүүнү, жасалма мүнөз көрсөтүүнү жактырбайт. Токтоо болуп, керектүү учурда жубайыңызга (болочок жарыңызга) жана кайын журтуңузга күйүмдүү экендигиңизди көрсөтсөңүз жыйынтыгы жакшы болмокчу.
Жыл – чыгармачыл адамдардын жылы. Андыктан чыгармачыл инсандардын, илимпоздордун жылдызы жанат.
ДОҢУЗ ЖЫЛЫНДА КАНДАЙ ОКУЯЛАР БОЛУП ӨТКӨН?
1911-жылы 10-октябрда Кытай Республикасы түзүлгөн.
1923-жылы 1-сентябрда Японияда катуу жер титирөөдөн улам Йокогама толук, ал эми Токио жарым-жартылай талкаланган. 500 миңге жакын адам өлгөн.
1923-жылы 13-октябрда Түркиянын ордо калаасы Стамбулдан Анкарага көчүрүлгөн.
1950-жылы 7-мартта Тибетте жергиликтүү эл Кытайдын гарнизонуна каршы көтөрүлүшкө чыккан. Далай-лама Лхасуну жашыруун таштап, Индияга кеткен.
1971-жылы 17-ноябрда Таиландда аскерий төңкөрүш болуп өткөн жана башка.
ДОҢУЗ ЖЫЛЫНДА КАЙСЫ ЖЫЛ БЕЛГИЛЕРИНЕ ИЙГИЛИК ЖЫЛМАЯТ?
КАРЬЕРА, ИШ, КАРЖЫ
Жылы Чычкан, Уй, Коён, Кой болгондордун энергиясы жана мотивациясы жетишерлик болот. Андан тышкары болгон мүмкүнчүлүктү кармай алышат жана жетишилген чек менен чектелип калбайт. Андыктан иши, карьерасы жакшы жүрөт. Ийгилик өзгөчө июль-октябрь аралыгын камтып, киреше ушул аралыкта көп түшөт.
Жолборс, Жылкы, Маймыл, Доңуз жылында туулгандарга февралдын аягынан тартып март ичи күчтөнүп иштөөгө туура келет. Октябрь-ноябрь айларында иши жана карьерадан өсүүгө умтулуулары жакшы жыйынтыктарды берип, көбүрөөк акча табышат.
Балык, Жылан, Тоок, Ит жылындагыларга карьерадан өсүү күтүлөт. Иште жыл башынан эле экинчи даражадагы ролдорго ыраазы болбой, дайыма көңүл борборунда болушат. Жакшы да табышат.
ДЕН СООЛУК
Жылы Чычкан, Уй, Ит, Маймыл болгондордун душманы – нервденүү болмокчу. Стресстерге көп кабылбоого, энергияны туура багытка жумшоого, тең салмагын сактоого аракет кылышпаса нерв, жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгуу коркунучу бар. Аталган оорусу барлардын дарты улам козголушу мүмкүн.
Жолборс, Тоок, Жылкы, Коёндор жыл бою энергиялуу абалда болушат. Бирок дараметинен ашык иштесе өнөкөт оорулары козголот. Ал тургай кол-бут, муун жана ички органдардын оорулары жаралышы ыктымал.
Балык, Жылан, Доңуз, Кой жылындагылардын энергиялык запасы бирде азайып, бирде көбөйүп жүрүп отурат. Андыктан тамак-ашка, эс алууга туура көңүл бурбаса ички органдарда, омурткаларында оорулар пайда болот.
СҮЙҮҮ, ЖЕКЕ ЖАШОО
Чычкан, Доңуз, Коён, Ит жылындагылардын жеке жашоолору бакытка курчалмакчы. Жүрөк толкуткан жана романтикалык көз ирмемдер көп болот. Үй-бүлөдө негизинен түшүнүүчүлүк орун алат.
Жылан, Уй, Маймыл, Жолборстордун үй-бүлөлүк жашоосунда гармония өкүм сүрөт. Жыл аягында гана мамилелер бузулуп, тил табышуу кыйынга турат. Күз – интригалар мезгили. Бойдоктордун көбүнө ноябрда нике шакегин тагуу буюрат.
Балык, Тоок, Кой, Жылкылардын үй-бүлөсүндө убак-убагы менен чыр-чатактар чыгып, кыйынчылыктарды жеңүү оорго турат. Бойдоктор жашоосунда кайсы адам керектигин чечүүгө баш оорутушат.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg