2019-ЖЫЛГА АСТРОТӨЛГӨ

Доңуз (Кара кийик) жылы кайсы жылдыз белгилерине эмне убада кылат, кандай эскертүүлөрдү берет? Астролог Жанар Кадыралиевдин астротөлгөсүнө назар салалы.

КОЙ (21.03-20.04)

Жумуш, карьера. Доңуз жылы максатыңызга жетүү үчүн көп мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт, кармап калыңыз. Жумуш ордуңуздан бир нече тепкичке чейин көтөрүлүүгө шарт болот. Бирок ал үчүн сизден талыкпаган эмгек, сабырдуулук талап кылынат жана жаңы нерселерди окуп-үйрөнүүгө туура келет.

Жеке ишкерлер жана жетекчилер өз кызыкчылыктары үчүн башка шаарда же өлкөдө жашаган өнөктөштөр менен байланышат. Аларды ийгиликтер да, көйгөйлөр да күтүп алат. Өзгөчө январь, март, июнь жана сентябрь айларында сак болуңуз, алданып калуу, интрига, кастык аракеттер, же болбосо эл аралык жагдайлар, жаңы мыйзамдар, юридикалык мүнөздөгү маселелер жолтоо болушу мүмкүн.

Айрым кызматкерлер жыл аягында маянасы жогору жумушка которулушу мүмкүн. Ага чейин кадыр-баркыңызды булгабай, кесиптештер менен сылык мамиледе болууга аракеттениңиз.

Акча. Финансылык абалыңыз туруктуу болот. Декабрда ири суммадагы акчага ээ болосуз.

Сүйүү, үй-бүлө. Жеке жашоодо сиз күтпөгөндөй окуялар орун алат. Жумуш, иш сапарлардан улам жакын адамыңызга көңүл бөлүүгө убакыт тардык кылып, ортодогу мамиле салкындайт. Андыктан убакыт тапканга же болбосо колуңуз бошобой жаткандыгын түшүндүрүүгө аракет кылыңыз. Эгер мамиленин салкындашына башка нерселер себеп болсо үй-бүлөнү сактап калуу кыйынга турат.

Бойдокторду жаңы таанышуулар күтүп турат. Алардын ичинен дос гана эмес, келечектеги түгөйүн жолуктурууга да болот. Сизден кыраакылык талап кылынат.

Ден соолук. Көп оорулар сизди айланып өтөт. Ошентсе да сапарга чыгууда жана рулга отурууда абайлаганыңыз оң.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

Жумуш, карьера. 2019-жылы жашооңуздун жаңы этабы (эскиден жаңыга өтүү) башталганы турат. Бул оңойго турбайт. «Алга, артка жол жок!» деген ураан менен аракет кылыңыз.

Ишкерлер, жетекчилер максаттарын так аныктап, кайрадан анализдеп чыгуулары зарыл. Көбү алдына бизнесин кеңейтүү пландарын коёт. Буга эски достор, эски өнөктөштөр колдоо көрсөтүшөт. Ошентсе да бийликте же чоң кызматта иштеген досуңуз, же бирөө менен идеологиялык, же финансылык жактан пикир келишпестик орун алышы мүмкүн. Компромисске келе албай жыл бою сүйлөшүүлөр жүрүп, айрым шарттар аткарылып, айрымдары аткарылбай отуруп, жыйынтыгында бир чечимге келесиздер.

Кызматкерлер жумуш которуу, катылып жаткан талантын өркүндөтүү боюнча ойлонушат. Оюңузду топтоп, жети өлчөп, бир кеспесеңиз, жаңы жумуш табуу узакка созулат.

Акча. Туруктуу деп айтыш кыйын, чыгаша көп болот. Айрымдардыкы иш баштоого, кээ бирөөлөрдүкү жөн гана күнүмдүк керектөөлөргө, кредит, эски карыздарды төлөөгө, балдардын билим алуусуна сарпталат.

Сүйүү, үй-бүлө. Ынтымактуу үй-бүлөлөр турак жайлуу болушат же оңдоп-түзөөлөрдү жүргүзүшөт. Айрым жуптар ортосунда мамиле өзгөрүшү мүмкүн. Өзгөчө 21-30-апрель аралыгында төрөлгөн Букачарлар революция жасап жиберүүлөрү мүмкүн.

Сүйүшкөндөрдү Доңуз жылы ар кандай сүйлөшүүлөр, териштирүүлөр, айрылышуулар менен коштойт.

Ден соолук. Эски ооруларыңыз козголуп, жаңы ооруларды арттырышыңыз мүмкүн. Өзгөчө эндокриндик системдин оорулары (өзгөчө кант диабети) менен жабыркагандар диета кармап, дарыгердин көзөмөлүндө болууга туура келет. Семирип кетүү коркунучу да бар. Андыктан спорттун пайдасын, диетаны эске алыңыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Жумуш, карьера. Жеке ишкерлер, жетекчилер үчүн бул жыл оңойго турбайт. Өнөктөштөр планды өзгөртүп, көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн. Туура чечим кабыл алып, алар менен тил табышып иштесеңиз, февраль, апрель, май, август, октябрь жана декабрь айлары жемиштүү болот. Март, июнь, июль жана сентябрда каржы жаатында чыр чыгышы мүмкүн.

Кызматкерлер арасында атаандаштык күч алат, андыктан жетекчилик менен араздашуудан сак болуңуз. Айрымдардын мекемеси жабылып, жаңы жумуш издөөгө туура келет.

Акча. Бирде көп акча тапсаңыз, бирде бир тыйынга чейин санаган учурлар болот. Февраль, март, май, июль айларынын аягында, же болбосо ноябрь, декабрда кубантарлык акчага ээ болушуңуз күтүлүүдө.

Сүйүү, үй-бүлө. Жалгыз бой жүргөндөр же таарынышып, кол үзүшкөндөр ортосунда кайрадан байланыш жанданып, чогуу жашоого, мамилени мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүктөр көп. Ошентсе да бирөөлөрдүн кийлигишүүсүнөн же өткөн-кеткенди эстөөдөн улам ортодо кайрадан түшүнбөстүктөр
жаралышы мүмкүн.

Ден соолук. Энергетикалык потенциалыңыз өтө жогору болбойт. Буга жумуштун туруксуздугу жана жеке жашоодо, сүйүүдө орун алган ар кандай көйгөйлөр себеп болот. Өзүңүзгө көбүрөөк көңүл буруп, таза абада жөө басуу, массаж сыяктуулар ден соолукка пайдалуу экенин эстен чыгарбаңыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)

Жумуш, карьера. Сизден көп эмгекти талап кылган, активдүү жыл күтүп турат. Эски жылда баштаган ишиңиз болуп көрбөгөндөй өнүгүп, киреше агылып кире баштайт. Жаңы иш баштагандарда өнөктөштөр менен пикир келишпестиктер жаралып, ал жыл аягына чейин созулушу мүмкүн. Эң орчундуу учурлары январь, февраль, июнь, июль айларына туура келет. Башка өлкөдөгүлөр менен иштешкендерде да кыйынчылыктар учурайт. Алар улам пландарды өзгөртүп, мындан улам жумуштар артка жылып же токтоп калышы мүмкүн.

Кызматкерлерди ийгиликтер менен бирге көйгөйлөр да коштоп жүрөт. Аларга өзү үчүн да, башкалар үчүн да иштөөгө туура келет. Жетекчилер жылдын алгачкы айларында жана июнь, июль айларында текшерүүлөргө даяр туруулары керек. Текшерүү узакка созулуп, маселе жаратышы күтүлүүдө.

Акча. Финансылык абалыңыз жыл бою туруктуу болот. Чоң чыгымдарды чоң кирешелер жаап турмакчы.

Сүйүү, үй-бүлө. Буга чейин тил табыша албай келген жубайлар ортосунда кайрадан чыр, уруш талаштар орун алып, ажырашуу тууралуу сөз козгошот. Айрымдар ажырашууга чейин барышат. Жыл аягында гана жагдай оң жакка чечилип, кайрадан тил табышышат. Мындай абал сүйүшкөндөрдү да аралап өтөт.

Ден соолук. 2019-жыл спорт дүйнөсүнө баш багууга идеалдуу. Жылдыздар жыл бою сапарга чыгууда жана рулда отурууда сак болууңузду эскертишет.

АРСТАН (23.07-23.08)

Жумуш, карьера. Доңуз жылы ийгиликтүү болмокчу. Өзгөчө бизнес ачууну каалагандарга жана чыгармачылык менен алектенгендер үчүн кыялдарга жетүүгө мүмкүнчүлүктөр көп.

Жеке ишкерлер жана жетекчилер жаңы иш, долбоорлорду баштап, аны уюштурууга көп убакыт жана көп каражат жумшашат. Андыктан күчтү таразалап, андан соң ишке киришүү кажет.

Кызматкерлер үчүн кеч күз жана кыш мезгили жумуш ордун которууга ылайыктуу.

Акча. Баштаган бизнести өркүндөтүүгө, жеке керектөөлөргө, балдарды окутууга үй-бүлөлүк бюджеттен көп каражат сарптайсыз.

Сүйүү, үй-бүлө. Турак жайга ээ болууга, үй-бүлө мүчөлөрү менен биргеликте жаңы иш баштоого мүмкүнчүлүк бар, пайдаланып калыңыз. Көп үй-бүлөдө балдардын, неберелердин жарыкка келиши күтүлөт.

Көз караштардын келишпестигинен улам сүйүшкөндөрдүн мамилеси олку-солку болот. Бирок убактылуу гана, сүйүү баарын өзү жайгарат.

Ден соолук. Жыл бою энергетикалык абалыңыз жогору болуп, туш келген ооруларды чымын чаккандай да көрбөйсүз. Доңуз жылы имиджиңизди өзгөртүүгө, гардеробду жаңыртууга, муктаж болсоңуз пластикалык операцияларды жасатууга ийгиликтүү.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Жумуш, карьера. Ишкердикте маселелер, көйгөйлөр жаралбай койбойт. Ишенген адамыңыздын сизден жүз буруп кетиши, кастык кылышы же алдашы сизди нес абалда калтырат. Аны менен болгон ызы-чуу жыл аягына чейин созулат. 2019-жылы башка шаардагы же чет өлкөдөгү кесиптештер менен байланышыңыз жакшырат. Алар эски дос же ишенимдүү өнөктөштөрдүн бири болушу мүмкүн.

Кызматкерлер ишине жоопкерчиликтүү жана интригадан сырт болуулары зарыл. Бийкечтер үчүн бул жылы жумуштан кетүү кыйынчылык жаратпайт. Өз алдынча иш баштоого же үй-бүлөсүндөгү бирөөнүн бизнесине жардам берүүгө бел байласа жакшы жыйынтык берет.

Акча. Финансылык абал туруксуз болот. Акча баштаган ишти өркүндөтүүгө, айрымдардыкы үй-бүлө, балдарга жумшалат.

Сүйүү, үй-бүлө. Көпчүлүк бийкечтер турак жайга ээ болушат. Көп үй-бүлөлөрдө балдар жана неберелер жарыкка келет.

Арзышкандар үчүн бул жыл оңойго турбайт. Мамиле олку-солку болуп, айрымдар кол үзүшүүгө чейин жетишет. Мындай абал ынтымаксыз жубайларга тийиши мүмкүн. Жылдыздар аларды ачык сүйлөшүүгө чакырат.

Ден соолук. Жылдыздар сергек жашоону сунушташат. Салмак кошуу алдыңкы орунга чыгат, андыктан диеталардын пайдасы, ден соолукту чыңдоочу процедуралар тууралуу ойлонгонуңуз туура.

ТАРАЗА (24.09-23.10)

Жумуш, карьера. Буга чейин топтолгон маселелерди чечүүгө ылайыктуу жыл. Алдыга гана карай умтулсаңыз, көп ийгиликтер күтүп турат. Башка шаарда же өлкөдө жашаган өнөктөштөр менен мамиле жакшырып, чет жакка чыгуулар көп болот. Кайсы бир өнөктөштөр менен турак жай, жер тилкеси же башка бир кыймылсыз мүлк боюнча юридикалык жактан пикир келишпестиктер чыгышы мүмкүн. Жыйынтыгы декабрда гана белгилүү болуп, жарым-жартылай жеңишке жетишесиз. Кайсы бир нерседен кол жууга туура келет. Жылдыздар кол алдыңызда иштегендерге көңүл буруп, алардын ишин текшерүүгө алууну сунушташат. Алдап кетүү, сатып кетүү коркунучу жогору.

Акча. Акча жааты туруктуу болгону менен, былтыркы жылга салыштырмалуу көзгө көрүнөрлүк өзгөрүү деле болбойт.

Сүйүү, үй-бүлө. Жубайлардын ортосунда турак жай, башка мүлк боюнча маселе жаралат. Жыйынтыгы ажырашууга чейин жетиши мүмкүн. Ынтымактуу түгөйлөр жаңы там салууга же башка шаарга, өлкөгө кетүүгө жетишет. Алыскы туугандар менен мамиле жакшырат.

Бойдокторду жаңы таанышуулар күтөт. Түбөлүккө түгөй издегендерге жол ачык.

Ден соолук. Энергияңыз ашып-ташып, көңүл борборунда болосуз. Ошентсе да жылдыздар январь, март, июнь жана сентябрь айларында жол жүрүүдө, унаа башкарууда сак болууну эскертишет.

ЧАЯН (24.10-22.11)

Жумуш, карьера. Кийинки жылы сизди жалаң эле роза гүлдөрү төшөлгөн эмес, анча-мынча тикенектери бар жол күтүп турат. Буга чейин баштаган ишиңиз улантылып, өркүндөп-өсө баштайт. Тааныштар көбөйүп, чогуу иштешүүнү сунуштагандар чыгат. Тандап мамиле жасабасаңыз алданып калуу коркунучу бар. Бирөөнүн кол алдында иштегендердин позициясы бекемделет, айлык акысы көтөрүлүп сүйүнөт.

Акча. Материалдык байлыктын жаңы баскычына көтөрүлөсүз. Бул убактылуу эмес, кийинки жылы да уланмакчы.

Сүйүү, үй-бүлө. Сүйүшкөндөрдүн ортосун кара мышык аралайт. Буга көз караштардын дал келбөөсү, каржылык маселе себеп болушу мүмкүн. Алдын албасаңыз ажырашууга чейин жетиши мүмкүн.

Алыскы райондо же чет жерде жашаган эски тааныштар менен мамиле кайрадан жанданып, конокко баруу, чакыруу күтүлүүдө. Көпчүлүк үй-бүлөлөрдө баланын ден соолугу, жүрүм-туруму, мүнөзү боюнча көйгөйлөр жаралышы мүмкүн.

Жакын туугандардын кайсы бири менен мамиле солгундап, кайсы бири менен жакшырат.

Ден соолук. Энергетикалык потенциалыңыз өтө жогору эмес. Андыктан жылдыздар сизге туура тамактанууну жана сергек жашоону сунушташат.

ЖААЧЫ (2311.-21.12)

Жумуш, карьера. Жаачы жылдызы жыл бою Юпитердин алдында болот. Юпитер ийгиликтин, жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн планетасы. Андыктан сиз үчүн каалоо-тилектердин эшиги ачык болот. Кесипкөйлөр үчүн акыркы 10 жыл ичинде болуп көрбөгөндөй жакшы жылдардан болот. Жеке ишкерлер кызыктуу, кирешелүү сунуштарды кабыл алышат.

Кызматкерлерге жаңы жумуш орду сунушталат же жумушунан бир тепкичке көтөрүлүшөт. Февраль, апрель, май, август, сентябрь, октябрь, декабрь айлары кесипкөйлөр үчүн ийгиликтүү.

Акча. Финансылык абалыңыз жылдын экинчи жарымында абдан жакшырат. Чыныгы «алтын жамгырды» декабрь айында күтсөңүз болот.

Сүйүү, үй-бүлө. Жубайлар ортосунда түшүнбөстүктөр, кызганычтар, таарынычтар болот. Жыл башында балдар, турак жай боюнча маселе жаралып, чыгым тартасыз.

Ал эми бойдоктор, жалгыз бой адамдарга Доңуз жылы жеке жашоодо да ийгилик тартуулайт. Алар түгөй болчу адамына жолугуп, баш кошууга чейин жетишет.

Ден соолук. Жыл спорт менен машыгууга, имиджди өзгөртүүгө жана пластикалык операцияларды жасатууга ылайыктуу.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Жумуш, карьера. Алдыга койгон пландарыңыздын көпчүлүгүнүн орундалышы кечеңдейт. Жеке ишкерлер, жетекчилер бизнесин кеңейтүүгө бел байлап, көп убара тартышат. Юридикалык жактан да маселелер жаралат.

Кесиптештер арасында интрига, ушак күч алып, айрымдары алардын курмандыгы болушат. Жумуш орундарын которууну самагандар жыл аягына чейин пландабай эле койгону туура, кыйынчылык жаратат.

Текечерлер үчүн январь, март, июнь, сентябрь түйшүктүү айлардан болмокчу. Жыл аягында гана Юпитер планетасы Текечер жылдызы тарапка жылат. Андыктан ийгиликтин баарын ошол убактан күтүңүз.

Акча. Киреше үзгүлтүксүз болгону менен, күнүмдүк керектөөлөрдөн, ар кандай иш-чаралардан, тойлордон артпайт.

Сүйүү, үй-бүлө. Буга чейин таарынышып келген жубайлар мамилелерине чекит коюшат. Мүлк бөлүштүрүү боюнча араздашуулар орун алат. Ал эми ынтымактуу үй-бүлөлөр турак жай боюнча маселелерди чечүүгө киришишет, башка жакка көчүшөт же курулуш иштери менен алектенишет.

Ортодо жаралган ушактан улам туугандардын айрымдары менен мамиле солгундайт. Ооруп жаткан тууганыңызга моралдык да, материалдык жактан да жардам берип алкыш угасыз.

Сүйүшкөндөрдүн мамилеси бат жалындап, кол кармашууга чейин жеткирет.

Ден соолук. Өзүңүзгө кам көрүүгө, көп эс алууга туура келет. Мындан сырткары сапарга чыгууда, жолдо жүрүүдө сак болууну эскертишет жылдыздар.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Жумуш, карьера. Каман жылында бийликтеги, жогорку чиндеги адамдардын колдоосуна ээ болуп, итиңиз чөп жей баштайт. Бирок каржылык көйгөйлөр да орун алып, ордуна бир нерсеңизди берүүгө туура келет. Жаман абалда калбайын десеңиз, алар менен алдын ала келишимдерди бекемдеп алыңыз. Жалпысынан алганда 2019-жыл жаман жылдардан болбойт. Кадыр-баркыңыз бийиктеп, тааныштарыңыз көбөйөт.

Кызматкерлер кызыктуу, ары жакшы маяналуу жумушка которулууга жетишишет.

Акча. Ишиңиз жакшы жүрүшкөнү менен, каржыда туруксуздук байкалат, чыгаша көп болот.

Сүйүү, үй-бүлө. Айрым үй-бүлөлөр батир же шаар сыртынан үй алууну пландап, максаты декабрда гана ишке ашат. Айрым суу куярлар бул айда мураска ээ болот.

Сүйүшкөндөр үчүн бул жыл оор болуп, мамиле кылдын учунда турат. Таарынышуулар, көңүл калуудан мамиле муздайт. Булар июнь, июль жана сентябрь айларына туш келет.

Көпчүлүк ата-энелер «бала чоңойгон сайын көйгөйү да чоң болот экен» деген сөздүн аныктыгын сезип, чыгым тартышат.

Ден соолук. Жыл бою энергияңыз ашып-ташып турат. Антсе да июнь жана июль айларында айттырбай келген кырсыктардын жана өнөкөт ооруларыңыздын козголбоосунун алдын алыңыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)

Жумуш, карьера. Эч нерседен тайманбай бийиктиктерди багынтууга белсенесиз. Жеке ишкерлер, жетекчилер жаңы долбоорлорду, кызматкерлер жаңы жумуш орундарына ээ болууну пландашса болот. Планеталардын жайгашуусу боюнча, иштеген, аракет кылган, эл менен тил табыша билген адам бул жылы сөзсүз кесипкөйлүк жагынан да, финансылык жактан да максатына жетмекчи.

Июнь, июль же сентябрь айларында жетекчилик же өзүңүздөн жогорку чиндеги адам менен пикир келишпестик чыгышы мүмкүн.

Башка шаарда, өлкөдө жашаган эски тааныштар, өнөктөштөр менен мамиле жанданат.

Акча. Финансылык абалыңыз жакшырат. Апрель, май, август, ноябрь, декабрь айлары иш жүргүзүүгө да, акча табууга да ийгиликтүү.

Сүйүү, үй-бүлө. Жеке жашоо артка жылат. Жумушка баш-оту менен берилип, жакындар көңүл сыртында калып, таарынычтар, көйгөйлөр орун алат. Көпчүлүк бөлүгү июнь, июль, сентябрь айларына туура келет. Мындай абал сүйүшкөндөргө да тиешелүү. Андыктан жакын деп санаган адамдарга көңүл бурууну унутпаңыз.

2019-жылы жаңы, кызыктуу таанышуулар бойдоктордун жашоосун шаңга бөлөшү мүмкүн.

Ден соолук. Кабатырлануучу жагдай орун албайт. Энергетикалык абалыңыз жылы бою жогору болот.

Дамира Арстанова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 842, 21-27-декабрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан