Сооронбай Жээнбеков президент болгондон бери өлкөдө күчтүү оппозиция жокко эсе. Бийликке курч сын айтып, орчундуу маселелерди көтөрүп, оппозициялык күчтөрдү бириктире ала турган лидер али көрүнбөйт. Мындайда бийликтин кемчиликтерин ачыкка чыгарууда журналисттердин ролу жогору.
Президенттин 19-декабрдагы жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынына 170тей журналист катышып, 70тен ашуун түрдүү суроо берилди. Алардын арасынан SUPER.KG порталынын журналисти Жылдыз Джускембаеванын суроосу эң курч болду деп саясатчылар жана ММК өкүлдөрү баалашты.
Журналист SUPER.KG порталына президентке курч суроо берип жаткандагы толкундоолору, ички сезимдери, ажонун басма сөз кызматы жасаган тоскоолдуктар тууралуу айтып берди.
– Президентке жакында 50 миң доллар пара алып жатып кармалган транспорт жана жолдор министринин орун басарынын окуясы тууралуу суроо бердиңиз. Жообу сизди канааттандырдыбы?
– Жообуна канааттанган жокмун. Президент менин суроомду кайталанма суроодой көрсөтүп жооп бербей койгусу келди. Бирок бул суроо кайталанма эмес болчу. Президенттин өзүнүн жообу кайталанма болуп калды. Суроого толук кандуу жооп ала албаганымды айттым. Бирок анда микрофон өчүрүлүп калган экен. Микрофонсуз сүйлөгөнүмдү президент угуп, жообун улантты. Бир гана менин суроомо эмес, башка журналисттердин дагы суроолоруна ынанымдуу жооп берген жок.
– Суроону берип жатканыңызда кандай сезимдер болду?
– Эч кандай деле сезим болгон жок. Жөн гана суроо берип жатканда президент эмне деп жооп берет деген гана ойлор кетти. Эч кандай сезим болбогону суроо берүү кезегин көп убакытка чейин күткөндөн улам болсо керек.
– Курч, ыңгайсыз суроо болгону үчүн президент кандай реакция кылды?
– Жогоруда айтып кеткендей, президент кайталанма суроо деп айтып, ыңгайсыз абалдан чыгып кеткенге аракет кылды. Берилген суроого башка нерселерди айтып туруп алды. Бирок ага жагымсыз суроо болгонун билдирген жок.
– Президенттин басма сөз кызматы тарабынан оппозициялык ММКлардын журналисттерине тоскоолдуктар болгону байкалдыбы?
– Албетте, тоскоолдуктар болду деп эсептейм. Анткени журналисттер жылдагыдай эле суроо берүү үчүн кезекте турушкан. Кезекте тургандардын арасында «Апрель» телеканалынын журналисти биринчи болуп туруп алыптыр, ошого байланыштуубу, айтор, президенттик аппараттын басма сөз кызматкерлери алдын ала түзүлгөн тизме аркылуу суроо бериле турганын айтышты. Журналисттер буга макул болбой, кезек боюнча суроо беребиз деп туруп алышты. Маалымат каражатынын өкүлдөрү кезек боюнча тизме түзүштү. Бирок тизмени президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Толгонай Стамалиева жаратпай койду. Ал «кол көтөргөндөргө гана сөз берилет» деди. Ошентип маалымат жыйын башталганда кол көтөрүп суроо берүүгө өттүк. Анда деле биринчи кол көтөргөндөргө сөз берилбей, тандалма берилип баштады. Колумду көтөрүп жатып тажап, аягында отурган жеримден туруп алып кол көтөргөнгө туура келди. Ошондо гана басма сөз кызматкери келип кайсы жакта иштей турганымды сурады. Сурап кеткенде сөз берилеби деп бир топ убакытка чейин күттүм. Берилген жок анан кайра ордумдан туруп кол көтөрө баштадым. Ошондо гана суроо берүүгө мүмкүнчүлүк алдым. Кээ бир журналисттерге суроо берүүгө убакыт жетпей калды.
– Маегиңизге рахмат!
Нургазы Аматов