ОРУСИЯНЫ БАГЫНДЫРГАН БИШКЕКТИК ИЛЗАТ АХМЕТОВ

Быйыл Орусиянын эң жаш мыкты футболчусу деп бишкектик Илзат Ахметов табылды. Ал учурда Москванын ЦСКА командасынын оюнчусу. Илзат бул ийгилиги менен кыргыз футбол талааларынан карьерасын баштап, мадриддик “Реалды” да жеңсе болорун далилдеп берди.

Аты-жөнү –
Ахметов Илзат Тоглокович

Туулган жылы – 1997-жыл, 31-декабрь

Туулган жери – Бишкек шаары

Улуту – Уйгур

Бою – 173 сантиметр

Салмагы – 67 килограмм

Ойногон клубдары – “Алга” (Бишкек), Академия (Тольятти), “Рубин” (Казань)

Учурда – ЦСКА (Москва) клубунун оюнчусу

Амплуасы – Жарым коргоочу

КЕРЖАКОВ, АКИНФЕЕВ МЕНЕН БИР КАТАРДА

17-декабрь күнү Орусияда жаш футболчулардын арасынан эң мыктысын аныкташты. “Алгачкы бешилтик” деген аты бар наамдагы биринчи орунду 202 упай менен ЦСКА клубунун оюнчусу Илзат Ахметов багындырды. 21 жаштагы футболчу быйылкы жылдын июль айында армиялык клубга кошулуп, 4 жылга келишим түзгөн.

“Сыйлык алганыма абдан кубанычтамын. Буга чейин машыктырып келген жана учурда машыктырып жаткан насаатчыларыма ыраазычылык билдирем. Алдыда дагы ийгиликтерди багындыруу үчүн иштешибиз керек”,- деп кубанычы менен бөлүшөт Илзат.

Ахметов бул сыйлыгы менен Орусиянын мыкты футболчуларынын катарын толуктады. Буга чейин бул сыйлыкка Александр Кержаков, Игорь Акинфеев, Александр Головин сыяктуу футболчулар татыган. Бул катарда эми бишкектик бала да ордун тапты.

ЧЫГЫШ-5ТЕ БАШТАЛГАН КАРЬЕРА

Ахметовдун үй-бүлөсү азыр деле Бишкекте жашайт. Атасы Тоглок Ахметовдун айтымында, Илзаттын ойногон алгачкы тобу азыр деле үйүндө турат. Ал кичине кезинен эле Бишкектин Чыгыш-5 кичи районундагы үйдүн жанындагы футбол талаасынан чыкчу эмес. Муну байкаган атасы баласын Бишкектин “Алга” футбол командасына алып барат. Илзаттын эң биринчи машыктыруучусу Владимир Александров: “Илзат бизге 1-класста келсе керек. Ошол кезде Бишкектеги Футбол борборунда жаңы талаа салынган. Ошондо эле топту эч кимге бербей алдаганды жакшы көрчү. “Алга” менен 2007-жылы Тольятти шаарына мелдешке катышканы барып калдык. Ошол мелдешти ута албасак да Илзат “Мыкты жарым коргоочу” наамына татыган. Ошондон кийин Тольяттидеги машыктыруучулар Илзатты өздөрүнө чакырып калышты”,- дейт.

“Машыгууларда Илзат шамдагайлыгы менен айырмаланып турчу. Бир жыл бою 9 жаштагы Илзатты ата-энеси менен чогуу ар кайсы мелдештерге чакырып жүрдүк. Орусиянын жарандыгын алгандан кийин гана биздин академияга алууга мүмкүн болгон”,- дейт Тольяттидеги Футбол академиясынын машыктыруучусу Сергей Никитин.

ТОЛЬЯТТИДЕН “РУБИНДИ” КӨЗДӨЙ

Ахметов кийин Казандын “Рубин” командасына кошулат. Бул командада 16 жашында “Рубиндин” негизги курамында талаага чыгып баштаган. Бирок аталган клубда машыктыруучулар алмашып, Илзат талаага көп деле чыга алган эмес. Ал “Рубиндин” курамында 4 жыл ичинде жалпы 27 жолу Премьер-Лиганын оюндарына катышкан.

Илзат талаанын ортосунда ойногон жарым коргоочу. Анын башкы милдети – коргонуудан чабуулга өтүүнү камсыздоо. “Оюндун жүрүшүндө анын башы 360 градуска айланат эле. Мындай футболчунун башы иштейт, демек, аны талаанын ортоңку бөлүгүндө ойнотуу керек”,- дейт кезинде “Рубинди” машыктырган Ринат Билялетдинов.

Илзаттын “Рубин” менен коштошуусу жаңжал менен коштолгон. Негизги курамга кошулбай жаткандыгы, айлык акы боюнча жана башка пикир келишпестиктерден улам 2018-жылдын июль айында Илзат башка командага кошулат. Ахметов Москванын ЦСКА футбол клубунун оюнчусуна айланат.

АХМЕТОВ МОДРИЧ МЕНЕН КРООСТУ ТИЗЕ БҮКТҮРГӨНДӨ...

Гончаренко машыктырган ЦСКА башынан эле жаш футболчуларга басым жасап келет. Быйылкы жылы Чемпиондор Лигасынын тайпалык оюндарында дал ушул жаш футболчулар чуу жаратышты. 10-октябрь күнү ЦСКА өз талаасында мадриддик “Реалды” кабыл алып, 1:0 эсебинде жеңип алды. Бул оюнда Ахметов негизги курам менен чыгып, Кроос, Каземиро жана Модричти көлөкөдө калтырды. Талаанын ортоңку бөлүгүн көзөмөлдөп, ЦСКАны жеңишке жеткиргенге салым кошту. Муну менен Илзат Бишкектин футбол талаасынан машыгып баштап, “Реалды” жеңүүгө чейин жетсе болорун көргөздү. Миңдеген кыргызстандык жеткинчек футболчулардын умтулуусун ого бетер күчөттү...

“Мага көп эле жолу эмне үчүн туулган жериңдин намысын коргоп ойнобойсуң деп жазышат. Бирок баарын көрүп түшүнгөндөр мени түшүнөт. Мен Кыргызстанды саткан жокмун, тескерисинче, туулган жеримди таанытууну каалайм”,- дейт Илзат.

Жакында эле Илзат Орусиянын башкы курамына чакыруу алды. Бирок алган жаракатынан улам оюндарга катыша алган жок. Учурда Илзаттын оюнун байкаган Европанын ири клубдары көбөйүп жаткан чагы. “Рома” жана лондондук “Арсенал” кезекке туруп калышты...

"Эң жаш мыкты футболчу" наамы менен.
Илзат Ахметов үй-бүлөсү менен.
ЦСКА – "Реал". Ахметов Асенсиого каршы.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
Kg-kg-kg17
2018-12-25 09:29:57
Ильзатга ийгилик каалайбыз.Бирок орус курамын тандаганын саткындык деп эле тушуном.Клубдук денгээлде осуп кете берсе болмок РФ алып.Кичин , Ахметов ... жеке кызыкчылыгы учун гана журушот.Тотти Мальдини Рауль сыяктуу оюнчулардан улгу алчудай.Негизи окмот аракет кылыш керек футболчуларга шарт тузуп берип.Антон , Павел ,Даниел Павелдер журушотго эчжака качпастан эле
+3
Kristianuronaldu
2018-12-25 11:03:37
Албетте жердешибизге ийгилик каалайбыз бирок орусиянын жарандыгы менен кыргызстанды еч кандай тааныта албайсынго
+3
bekmaral
2018-12-25 12:13:48
Бул Европада ойносо Англиябы Испаниянынбы гражданствосун алып россияны да таштап кете берет.Мына мени бир айтты дейсинер.Мекен деген тушунук жашабайт буларда.
+13
elhan123
2018-12-25 15:28:47
Мыкты ойнойт экен базар жок, бирок саткын
+3
Nurgazy80
2018-12-25 17:03:59
Кыргыздын баары эле орус жарандыгын алышып иштеп жүрүшпөйбү, эмне алар саткын эмес Ильзат саткын болуп калабы? Мүмкүн карьерасы бүткөндө кайра кайрылып келип мыкты машыктыруучу болуп көптөгөн футбол жылдыздарын чыгарат. Ийгилик!
+5
elhan123
2018-12-25 22:00:14
Nurgazy80,мейли орус жарандыгын алсын бирок Кыргызстан учун ойносо болмок да. Кичинде деле Орусия жарандыгы бар. Бул жерде мекенин суйбогону эле билинди
0
zaman2
2018-12-28 17:19:51
elhan123,орус жарандыгы болуп туруп кыргызда эч качан ойной албайт. Кичинде орустун жарандыгы жок бир карап кор жакшылап
+2
Arinsa
2018-12-25 17:05:07

Бул го уйгур экен.
Миңдеген кыргыздар деле жүрөт го Орусиянын жарандыгын алып.
Бул деле атак үчүн,акча үчүн жүрөт да.
+8
Kgda
2018-12-26 00:21:11
Ильзат ото туура чечим кабыл алган озу алган эмес Орустар мумкунчулук бериптир алсан шарт жакшы болот деп. Силер айткан Кичиндерди Россиянын эч кайсыл клубу албайтта алса аларын деле кетмек. Байматовтордой болуп журмокта Кыргызстанда анан жашы отуп кетмек молодец оз кезинде кетиптир Россияга ал жакта буга Европага карай жол дегендей мумкунчулук коп. Росийский жанылыктаода жазып атышпайбы Кыргызстандык деп демек Кыргызстандык болуп калат. Марийо Фернандеско окшоп ал да Аргентинецко.
+8
almanbetperm
2018-12-26 10:05:02
Kgda,бразилец
+1
KYRGYZ_bolson_BRAT
2018-12-26 08:47:16
ошончо создорду чон тамга менен жазып Бишкекти "бишкек" деп жазыпсынар уялсанар боло бир аз...
0
Gupa
2018-12-26 12:04:34
KYRGYZ_bolson_BRAT, кайсы Бишкекти айтып жатасыз? Бишкектик дегендиби? -лык мүчөсү уланганда кичинекей жазылат.
+1
akylbekkg
2018-12-28 01:28:28
Gupa,кандай мучо уланса деле жердин аттары баш тамга менен жазылат
-1
Nuryk00
2018-12-26 08:59:27
Боору баласы ит болбойт!
+1
warcaw
2018-12-26 16:55:14

А дейбиз б дейбиз өзү чечет азыркы заманда бирөө башкалар үчүн,башкалар бирөө үчүн болбой калган пр ким өз арабасын өзү тартсын.
Мессини деле Испания курамына чакырган экен убагында, бирок Месси мен Аргентиналыкмын, бир гана Аргентина курама үчүн футбол талаасына чыгышым керек деп айткан сөзү бар экен.Болбосо Месси муштайынан Испанияда чоңойгон.
+1
admin_portal
2018-12-27 12:48:18
kani-esen, улут аралык келишпестиктерди жаратуучу билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
-1
Kgda
2018-12-27 20:13:40
Эгер биздин Кыргызстанда онукон мамалекеттердин катарында болгондо Месси мен Аргентиналыкмын дегендей, Ильзатта мен Кыргызстандыкмын эч жака кетпейм деп Кыргызстан учун ойносо керек эле. Айла жок бизде фудболго каражат болунбой кыйынчылыктар жаралып атат ошон учун кеткенге арга жок болуп атат. Валентина Антанина Шевченколор Перуда эмес Кыргызстанда журмок азыр.
+6
Asel33
2018-12-28 21:52:41
Молодец. Менин балам да футбол дегенде жанын берет. Бирок ал ойногон жакта, эч кандай условия жок. Ысык, суукту карабай жөнөйт. Кыргызстанда футболдук өнүгүү жок. Баламды мен деле башка өлкөлөргө жибермекмин.
+5
kakukani
2019-01-01 21:20:10
Молодец ушинтип Кыргызстан таанытып жүрө бер. Ийгилик ар дайым
0
№ 842, 21-27-декабрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан