СИРЕНЬ ГҮЛДӨГӨН МААЛДА

(Башы өткөн сандарыбызда)

Бактиярдын эжесинин оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып кыйкырган бойдон калып калды. Аттиң, биринчи жолу улууга сөз кайрып, сенсиреп айтышканым ушул болду.
Эртеси таң атпай телефонум чырылдайт:
– Алло,- дедим уйкусурап.
– Малика барбы?- деген Бактиярдын үнүн даана тааныдым.
– Бактияр, мен угуп жатам,- уйкум умачтай ачылып, кубанып кеттим.
– Экөөбүз жолукпайлыбы?
– Үйгө келбейсиңби?- деп дарегимди айттым.
– Жалгыз жашайсыңбы?
– Ооба.
– Анда азыр бир сааттын ичинде барамын.
Кудай ай, алеки саатта үйдү жыйнап, иретке келтирип койдум. Бир саат кылымга созулуп, убакыт өтпөй сыртка жүз жолу чыгып-кирдим окшойт. Башымды көтөрбөй окуп жаткан китепти канчалык окусам да мээме эч нерсе кирбей, жүрөгүм алып учат. Мен күткөн бир саат өттү. Жок. Эки саат… үч саат өтсө да келбеди. Бир убакта телефонум чырылдады.
– Алло…
– Малика… Мен Бактияр… Мен сага бара албай калдым. «Жаш гвардия» бульварына өзүң келбейсиңби?..
– Бактияр, мен сени эртеден бери күтүп отурам го…- деп буулукканымдан ыйлап жибере жаздадым.
– Мен сага айтып жатамын, ушул жерге кел!
Ал кадимкидей буйрук берип сүйлөдү.
– Азыр он мүнөттө жетип барам,- деп телефонду койдум да, шашылып кийимимди котордум. Маршрутка улам светофорго токтогон сайын чыдамым кетип, шашылганымды айтпа. Бактияр жол боюнда күтүп туруптур, суз саламдаштык.
– Эжем да кошо келген,- деди бактын ичиндеги орундукту көрсөтүп. Унчукпай аны ээрчип жөнөдүм.
– Эми айтчы кечээки сөздөрүңдү,- деп жетерим менен кайнежем ажылдай баштады.
– Сизге тиешелүү сөздөрдү кечээ айтып бүткөнмүн.
– Кыздарыма асылып… Тим эле кыйынсынып…
Жан ачыткан сөз укса өзү деле артымдан чуркап келет экен го деп каалаганын сүйлөсүн дедим да, жанына отуруп алдым.
– Ай, кыз, мени кара… Мени менен тамашалашам деп ойлобо. Ким экенимди таанытып коёмун,- деп буркан-шаркан түштү.
– Сиздин ким экендигиңизди ансыз деле билемин.
– Ушунчалык бети жок болосуңбу? Бактиярды эмне үчүн издеп барасың?
– Издесем өзүмдүн күйөөмдү издеп бардым, бирөөнүн күйөөсүн эмес.
– И-ий, ошол күйөөңө кыз бойдон тийдиң беле?- деп эски жарамды ырбатты. Муунуп кеттим, ал тургай, көзүмө жаш толуп, Бактиярга жалт карадым:
– Бактияр, сенин алдыңда абийирим таза экендигине Кудай күбө. Бул эмне деп жатат?..
Ал ак же көк дебей, унчукпай жер чукуп отурду. Ошол кезде ушундай нымтыраган немени кескилеп салгым келип, өзүмдү зорго кармадым. Бир маалда эжеси ага карап:
– Жүр, кетесиңби?- деп ордунан козголду.
– Ооба, кетемин…- деген Бактияр эжесине көрсөтпөй «күтүп тур, кайра келем» деп жаңсап түшүндүрдү. «Биз өзүбүзчө сүйлөшүп алалы, сиз кете бериңиз» деп айтууга да батына албады байкуш. Ырасында да байкуш экен. А мен андан да өткөн байкуш экенмин. Дагы алсыздык кылдым, кол шилтеп кетип калууга кудуретим жетпеди. Күтүп турдум. Чын эле он мүнөт өтпөй кайра келди. Көпкө чейин үн-сөз жок отура бердик. Бир убакта башымды ийинине жөлөп, мага тааныш жытын жыттадым. Ал менин чачымдан сылап көкүрөгүнө тартты. Кимдер бизди карап, ким өтүп бара жатканы менен да ишибиз жок өбүшө кеттик. Ушул аз мүнөттүк бактылуу ирмемге орундуктун жанында өскөн карт дарак да кубанып, күзгү сары жалбырактар «кайра табышышты, булар бири-бирин тапты» деп шыбырап шуудурашкандай туюлду.
– Сени сагындым,- дедим кулагына шыбырап.
– Билесиңби, эртең менин туулган күнүм, келесиңби?
– Жок, келе албаймын… Капа болбо,- кескин жооп берди. Бул сөзү жанатан берки кубанычыма суу сепкендей муздай түштүм.
– Эмне үчүн?
– Ошон үчүн… Малика, мени кыйнай бербечи.
Башка маанилүү деле маектешкен жокпуз. Жерге күүгүм түшкөндө ал мени узатып койду. Ошондон бери Бактиярды жолуктурган жокмун.
Баса, Москвада дарыланып келдим деп айтпадым беле. Өткөндө сен издеп барганда экинчи жолу текшерүүдөн өткөнү кеткен элем. Кудай буюрса, олуттуу коркунуч жок. Ошентсе да жыл сайын дарыланып, ден соолугума кам көрүп турушум керек. Суук түшкөндөн тарта үй жылыганга чейин бир аз кыйналам. Азыр бир фирмада иштеп жатам. Кызматым, жашоо-шартым ойдогудай,- деп сөзүн аяктаган Малика бош рюмкаларды кайра толтурду.
– Малика, сирень гүлүн ким алып келип жүргөнүн билдиңби?- деп кайра такып сурадым.

Жумагүл Жолматова

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
FIANIT
2010-07-17 14:44:51
мага жагат...
баштан аяк окуп келе жатам...
0
Akjol
2010-07-18 07:39:24
Бул сирень гулу бутпой койду го.Жанысын чыдамсыздык менен бир жума кутом,тез эле окуп коем.
0
№ 401, 9-15-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан