Ырчы Айгерим Расул кызынын үйүндө кайрадан бала үнү жаңырып, үй-бүлө мүчөлөрүнүн саны көбөйдү. Ырчы айым уулдуу болду. Ырчынын апасы Катя Маматкуловага байланышканыбызда кызы жана небересинин абалы тууралуу буларды билдирди: "Неберебиз 13-декабрда төрөлдү. Кудайга шүгүр, эне-баланын ден соолугу жакшы. Төрөткананын кызматкерлери кызым менен неберемди аябай жакшы карап, үйүнө чыгарышты. Неберебизге ысым ыйгаруу бул ирет бизге буюрду. Куда-кудагыйыбыз кеңешип "биринчи неберебиздин ысымын биз койгонбуз, эми сиздердин кезек" дешти. Таятасы элдин уулу болсун деп атын Элмырза койду. Учурда Айгеримдин жанында болуп уулун карашып жатам”.
Эске салсак, Айгерим Расул кызы 2015-жылы 2-июлда Ханбийке аттуу кыздуу болгон.