МАДАНИЯТ ӨКҮЛДӨРҮНӨ КӨҢҮЛ АЙТАБЫЗ

Өткөн аптада маданият тармагында иштеген таланттарда оор жоготуулар болду. 14-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Турусбек Жумалиевдин жубайы Зоя Токторбаева узакка созулган оорудан улам көз жумду. Зоя Токторбаева убагында театрдын жылдызы болуп, Бакен Кыдыкееванын "прима-актриса" деген баасына арзыган.

Ушул эле датада Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, ырчы Динара Акулованын апасы 90 жаш курагында каза болду. Белгилүү болгондой, Гүлүн Уркешова Динара Акулованын багып чоңойткон апасы (ред.: таежеси). Ушул жылдын октябрь айында Динара Акулова өз апасынын 80 жылдыгын жана багып-өстүргөн апасы Гүлүн Уркешованын 90 жылдыгын белгилеп маараке өткөргөн.

Ал эми 16-декабрда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын Алымкул Үсөнбаев атындагы мамлекеттик «Эл шайырлары» фольклордук тобунун ырчысы, обончу Дүйшөнбек Үкүев 71 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

14-декабрь күнү өзбек куудулу, Өзбекстандын Эмгек сиңирген артисти Обид Асомов 55 жашында өмүрү менен кош айтышты.

"Супер-Инфо" гезитинин жамааты маркумдардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Kairat.96
2018-12-26 00:48:22
Жаткан жерлери жайлуу болсун.
+4
Lisalisa
2018-12-26 17:04:04
Жайлары жанаттан болсун.
+1
№ 842, 21-27-декабрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан