“Өмүр, ай", "Жайна" жана башка ырлары менен таанылган, учурда "Жылдын супер ыры", жана "Жылдын супер клиби" наамына талапкер болуп жаткан Ильяс Кудретов ишкерлик менен алектене турган болду. Тактап айтканда, ал атыр сата турган дүкөн ачты. Бул тууралуу ал: “Чыгармачылыкта жүргөндө экинчи бир киреше таба турган булак да керек экен. Өзүм атырларга жакынмын. Идея бир жыл мурун келген. Учурда Франция, Италиядан түз алынып келинген атырларды сатабыз. Европадан келгендиктен баасы чөнтөккө туура келбей калышы мүмкүн. Жергиликтүү калктын чөнтөгүн ойлоп, биз миллиграммдап куюп бере турган ыкманы ойлоп таптык. Андыктан ар ким өз чөнтөгүнө жараша ала алат. Түндө той-концерттерде жүрүп, күндүз уктагандан көрө бир аз эмгектенип койгон туура эле экен”,- деп билдирди.