ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ 60 ЖАШТА!

22-декабрда Кыргыз саясатынын өзгөчө көрүнүктүү өкүлү, Эгемендүү Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө зор салымын кошкон инсан, 27 жылдан бери саясий айдыңда мамлекеттин эртеңине жан үрөп жүргөн Текебаев Өмүрбек Чиркешович 60 жашка толгону турат. Буга чейинки басып өткөн жолунда Өмүрбек Чиркешович бекем позициясы, келечекти аңдай билген көрөгөчтүгү, кандай гана бийлик болбосун кемчилигин бетке айткан тайманбастыгы менен коомчулуктун, элдин сыйына татый алды. Албетте, утурумдук келген сыноолор Өмүрбек Чиркешовичтей инсанды тек гана курчутары анык. Кутман курак кут болсун, Өмүрбек агай! Жалпы "Супер-Инфо" гезитинин жамаатынын атынан кызуу куттуктап, ден соолук, узак өмүр, албан ийгиликтерди каалайбыз!

Болочок депутат, чыгаан саясатчы.
"Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев апасы менен.

Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча соттук процессте экс-президент Роза Отунбаева ага баштан-аяк колдоо көрсөтүп турду.
Текебаев саясатта кесиптеши, Кыргыздын чыгаан уулу Дооронбек Садырбаевди абдан сыйлачу.

Ысымы Кыргыз коомунда легендага айланган Апсамат Масалиев менен.
Үстүнөн кылмыш иши ачылып, тагдыры бүдөмүк болуп турганына карабай Текебаев кайратынан тайбай, тарапташтарына дем берип турду.
Чыгаан саясатчы үй-бүлөсү менен.
Ар бир шайлоого үй-бүлөсү менен барып добуш берүүнү Текебаев адатка айландырган.
Жубайы Айгүл Текебаева менен.


Кылычбек Султан: «ТЕКЕБАЕВДИН АБАКТА ОТУРГАНЫ БОЮНЧА ЖООПКЕРЧИЛИК ЖЭЭНБЕКОВДО КӨБҮРӨӨК»

Мурдагы элчи Кылычбек Султан өзүнүн интернет баракчасына Өмүрбек Текебаев тууралуу пост жазды. Анда саясатчынын камакта отурушуна азыркы жана мурдагы президенттин жоопкерчилиги тууралуу айтылат:

Өмүрбек Текебаев Атамбаевдин кезинде түрмөдө 9 ай отурду. Ал эми азыркы бийликтин учурунда отурганына 13 ай болуп калды. Демек, жоопкерчилик Жээнбековдо көбүрөөк...

Жээнбеков өзү айткан адилеттиктин негизинде Текебаевди бошотсо, анда жөн эле бошотпостон, Текебаевдин абакта отурган ар бир күнү үчүн компенсация төлөттүрүп, мындан сырткары Текебаевдин камалуусуна тиешелүү ар бир адамга чара колдонушу керек. Мунун ичинде Жээнбеков өзү бийликке келгенден кийинки Текебаевдин камактагы ар бир күнү үчүн да жоопкерлерди аныктап, жазасын бериши керек...

Текебаевге моралдык жана материалдык компенсациялардан тышкары депутаттык мандат да кайтарылып берилиши керек...

Жогорудагы шарттар – эгерде Текебаевди Жээнбеков бошотсо. Ал эми бошотпосо... Анда Текебаев акыр-аягы баары бир боштондукка чыгат. Бирок Жээнбековдун жоопкерчилиги азыркыдан да оор болот. Канчалык оор болорун мезгил өзү көрсөтөт.

P.S. Мындай принцип азыркы учурдагы адилетсиздиктин ар бир курмандыгына иштеши керек.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 842, 21-27-декабрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан