(Башы өткөн сандарыбызда)
Рустам кыл кыягын көтөрүп, окуу жайынан чыгып бара жаткан. Маңдайында өзүн тиктеп турган Айнураны көрүп, токтой калды. Негедир анын ар дайым күлкү чачып турган жүзү муңайым, көздөрү аянычтуу эле. Рустам адатынча чуркап барып, бир нерсе демекчи болуп баратып, тык токтоду. Көз алдына Айдана тартыла калды. “Жок, мен баарын бүгүн айтып, түшүндүрүшүм керек. Бирок кантип айтам? Мындан ары бир боло албайбыз деппи? Антип көңүлүн оорутпай эле, эч нерсе дебей турсамчы?..”
Рустамдын келе жатканын көрүп, Айнура денеси чымырап кеткенин сезди. Биринчи жолу... буга чейин Рустамды жалгыз гана өзүнүкү, менчиги катары көрчү. Мындай сезим эбак эле, экөө бала бакчага барып жүргөндө пайда болгон. Көзүнө ошол кез элестеди. Бултуюп, кумдан үй салып ойноп жаткан Рустамдын жанына барып күрөкчөсүн сунган.
– Кел, экөөбүз чогуу ойнойбуз.
– Мен кыздар менен ойнобойм.
– Койчу, мына, менин күрөгүм бар.
– Кет дедим го сага!
Куруп жаткан үйүн бузуп салып кетип калган Рустамдын аркасынан тигилген Айнура анын үйүн кайрадан куруп кирди. Аркасына кылчайган Рустам Айнуранын жанына келип, элдешкенге кол сунду.
Жылдар өтүп жатты. Бирок ошол кичинекей кыздын күлүңдөгөн көздөрү өзгөргөн жок. Мектепте да чогуу окушту. Кийин экөөнү кыз-жигит деп тааный башташты. Кызыгы, Рустам консерваторияга тапшырарын билген Айнура аны менен кошо тапшырып да алды.
– Эй, сен музыкага качан кызыкчу элең?- деп таң калган досторуна:
– Рустам менсиз кантет? Анын үстүнө аны сүйгөндүктөн, ал сүйгөн музыканы сүйгөнгө аргасызмын,- деп жооп берчү.
Ошентип, бири-бирине чырмалган экөөнүн ортосу кыска мөөнөттө ажырай түштү. Табиятынан көп нерсени терең ойлоно бербеген Айнура Рустамдагы өзгөрүүнү байкаган жок. Байкаганда өтө кеч болуп калган эле. Мына, Рустам жакындап келе жатты.
– Айнура, сага эмне болгон?
– Эч нерсе...- эриндери бүлк эте азыр көзүнөн жашы ыргып кетчүдөй тескери бурулду.
– Ээй, токтосоң, сен бир нерсеге капа окшойсуң. Эмне болду?
– А сага эмне болду? Канчадан бери көрүшө элекпиз?
– Колум бош эмес болуп жатпайбы?
– Бүгүн бошодубу колуң? Экөөбүз бир жакка барып келебиз.
Тез эле жаш чайыган көздөрү шаңдана жаш баладай кубанып кетти. Рустам жок дей албады. Калың бактар экөөнүн караанын тез эле жашырып койду.
ххх
Кабатырланып, бир нерсеге бушайман болуп жатканын байкаганы менен Айша күйөөсүнөн сурай албады. Ордунан туруп тамеки чегип, кайра отура калып жаткан күйөөсүнө акырын үн катты.
– Бир нерсе болдубу?
Ушуну эле күтүп тургансып, Иман жарылып кетти.
– Шайтандын баласы, ошончодон менин уулума жабышканын айтайын.
Айшанын колунан тарелкасы түшүп кетти.
– Эмне, Рустам?..
– Жанагы Алым деген айбан Рустамды шефке алган имиш... Сахнага алып чыгып, жылдыз кылам деп жаш баланын башын айлантты да.
– Рустам ал тууралуу мага айткан. Эми тандаган жолу ошол болгондон кийин эртеби-кечпи, сахнанын босогосун атташы керек эле да. Анчалык эмне бушайман болдуң.
– Сен ал адам кандай экенин билбейсиң. Башка болсо да бир жөн. Ошол айбан менен иштешпей эле койгону жакшы эле. Кааласа, биздин ансамблге кирсин, өзүнө да жакшы болмок. Айша, суранам сенден, Рустамга айтып көрчү. Кеч боло электе ал адамдан кол үзсүн.
Иман тынч ала албай ары-бери баса берди. Башын аста чайкаган Айша өз иши менен алек болуп жатты. “Карап кой, баласаагын мунун. Тим эле өпкөсү көөп алыптыр го”. Ошол эле күнү уулуна арнаган тамактарын салып алып, Рустамга жөнөдү. Эшикти ача салып, күлүп жиберген Рустам апасын кучактай калды.
– Апа!
– Балакай десе, сагындыңбы мени!
Сагынышкан эне-бала бир мүнөттөй кучакташып турду. “Апа, кечир мени, эки оттун ортосунда калтырдым сени. Жытыңды сагындым, апа. Сенсиз жашаганга көнгөнүм менен, сени ойлобой жашай албайт экем”,- деп жатты уулу.
“Зоңкойгон боюңдан, айланайын. Атаңды кечиресиң. Убактысы келгенде атаңды түшүнөсүң. Ал жакшы адам. Болгону, жаштыктан жаңылып, жүрөктүн каалоосунан чыга албай калды. Бардык пенденин башында бар бул нерсе. Сен али эч нерсени түшүнө элексиң”. Демдерин басып туруп, бирин-бири тиктеп, күлүп жиберишти.
– Апоов, эмне алып келдиң?
– Сен жакшы көргөн куймакты алып келдим.
Сүйүнгөн Рустам апасынын колундагы сумканы алып, дастаркондун бетин жайнатып жиберди.
– Рустам, Айнура кандай жүрөт?- деди акырын үн катып. Баласы жеп жаткан тамагын тиштеген боюнча туруп калды. Бул суроону ойлогондон да коркуп жаткан эле. Ойлуу отуруп калды.
– Апа, мен аны аябайт дейсиңби. Экөөбүз канчадан бери таанышпыз. Мени сенден кийин эң жакшы билген адам – Айнура. Бирок, апа, жакшы көрүү, сыйлоо, көнүп калуу башка нерсе экен. Айдананы көрө элексиң, апа, бирок ал сизге сөзсүз жагат. Ал башкача адам. Кирпигинен жашы эми төгүлөйүн деп турса да жылмайганын жазбайт. Ал менден эч нерсе талап кылбайт, сурабайт. Болгону, жанында болгонума ыраазы. Анын жанында болуу мен үчүн бакыт.
Эх, апа, мен ошондой адам бар экенин билчү эмесмин. Мен билген адамдар жапайы, руханий жактан жарды, мерез эле.
– А Айнурачы? Анын сага кылган жакшылыктарын унутуп калдыңбы?
– Жок, унуткан жокмун. Бирок Айнура экөөбүз эки башка адамбыз. Ал мени, мени курчаган дүйнөнү, менин музыкамды түшүнбөйт.
Айшанын жүрөгү солк дей түштү. Дал ушул учурда Иман алдында отургандай, Имандын үнү, өңү менен Рустам сүйлөп жаткандай сезилди. Иманды, өзүн эстеди. Клиникадан чыгып бара жаткан өзү, өзүн жалдырай тиктеп турган Иман. Анын көз карашында ушунчалык аяныч, боор тартуу ошол эле учурда чечкинсиздик бар эле. “Эми келип айтат “мени унуткун, мен эми башка адамды сүйөм” деп айтат” деп тагдырдын бир соккусун тосуп алганга даяр болуп турду. Бирок Иман эч нерсе деп айткан эмес. Эрдин тиштене шарт бурулуп, чуркап кеткен. Ошол учурду азыр башынан өткөрүп жаткандай дел болуп отурду эне. Рустам апасынын ал абалын байкаган жок. Өзүнчө терезени тиктеп ойлоно берди. Айданасын ойлоп турду. Алгачкы ырын эстеди.
“Жолуктук неге?
Жолдору тикен чыйырда...
Алыска жаным, сен кеттиң менден алыска...” деп ырдаган эле. Сөздөрүн анчалык эстей албай жатты. Бирок кыздын үнү азыр да анын кулагында. “Жолубуз кандай болор экен? Бирок сени эч качан, эч убакта колумдан чыгарбайм, эркем. Махабат курмандыкты талап кылат дешет. А менден эмне курмандык күтүп жатты экен. Кандай болгон күндө да ошол курмандыкка даярмын. Сен үчүн мен баарына даярмын” деп жатты жигиттин жүрөгү.
Нуржамал Жийдебаева
(Уландысы ийинки саныбызда)