Парламент депутаттары КСДП фракциясынын депутаты Асел Кодуранованы вице-спикерликтен бошотушту. Аны кызматтан түшүрүүгө 92 депутат макул, 19 депутат каршы добуш берди.
Кодуранованы бошотуу кызуу талаш-тартыш менен коштолду. Фракция лидери Иса Өмүркуловдун сунушу менен төрага Дастан Жумабеков бул маселени күн тартибине киргизип, электрондук добуш берүүгө коюп, сунуш өттү. КСДП фракциясынын айрым депутаттары Кодуранованы кызматтан чакыртып алуу чечими фракцияда регламентти бузуп, депутаттын өзүнүн катышуусу жок кабыл алынганын айтып чыгышты. Мыктыбек Абдылдаев, Алтынбек Сулайманов, Исхак Масалиев өңдүү депутаттар регламентке ылайык, маселе талкуулана электе ага добуш берүүнүн тартибин бекитүү туура эмес экенин айтып, төраганы мыйзамды сыйлоого чакырышты. Масалиев төрагага “вице-спикер кандай шайланса, ошондой тартипте кызматтан бошотулушу керек. Жабык добуш беребиз деп эмнени жашырып жатасыңар” деди.
Добуш берүү алдында сөз сураган Асел Кодуранова фракция лидери Иса Өмүркуловду катуу сындады. “Күчтүү эркек каршылаш катары күчтүү, татыктуу эркекти тандайт. Алсыз эркек аялды тандайт. Бүгүн сиз муну укмуш ишке ашырдыңыз, куттуктайм!”, - деди Кодуранова.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg