Өмүрбек Текебаев эркиндикке чыгышы үчүн ырайым сурап кайрылышы керек. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында билдирди. “Өмүрбек Текебаевдин иши бардык соттук инстанцияларда каралып бүткөн. Жогорку Кеңеш дагы караган, мен аны буза албайм. Сот чечими чыккан. Ал өзү суранып кайрылса, ырайым берейин”,- дейт Жээнбеков.
Ырайым суроо – коюлган күнөөнү моюнга алуу деген сөз. Өмүрбек Текебаев ырайым сурабай турганын, соттон акталып чыгууга аракет кыларын айткан. Анын ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароо өтүнүчүн Башкы прокуратура “негиз жок” деп четке каккан. Президенттин сөзүнөн улам бийлик Текебаевге сот аркылуу актыгын далилдөөгө мүмкүнчүлүк бербей, сүйрөй турганы көрүнүп турат. Бийлик саясатчыны бошотуп, анын тарапташтарынан жакшы упай алууга, ошол эле учурда тажрыйбалуу саясатчынын оюн талаасына, Жогорку Кеңешке кайтышына кызыкдар эместигин көрсөттү.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg