Сапар Исаков: “МЕНИН СОТТУК ИШИМДИ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ ӨЗҮ КӨЗӨМӨЛДӨП ЖАТАТ”

Бишкек шаардык соту экс-премьер Сапар Исаковду 5-январга чейин камакта кармоо боюнча Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Исаков 6 айдан бери УКМКнын тергөө абагында отурат. Экс-премьер өзүнө ачылган кылмыш иши, саясий куугунтук азыркы бийликтин тапшырмасы, тыкыр көзөмөлү менен ишке ашып жатканын билдирди.

Исаковдун соттогу сөзүн КСДПнын маалымат кызматы жарыялады. Ал судьяга кайрылып: “Урматтуу сот, бул процесстердин баарынын артында президенттик аппарат турат. Ал ар бир дем алганыңызды, ар бир сөзүңүздү көзөмөлдөөдө. Тилекке каршы, президенттик аппараттын жетекчиси жана премьер-министр болуп турганда УКМКда, сотто эмне иштер болуп жатканын көрбөгөн экем. УКМКда отуруп бизде көп көйгөй бар экенин көрүп жатам. Мына, бүгүн мен саясий куугунтукталгандардын бири болуп отурам”,- дейт Исаков. Бул билдирүү түрдүү пикирлерди жаратты. Саясатчы Равшан Жээнбеков Исаков кеч түшүнгөнүн, азыркы бийлик бүгүнкү башкаруу, сот системинин жарандар үчүн канчалык опурталдуу экендигин кеч боло электе түшүнүшү керектигин эскертти.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 842, 21-27-декабрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан