БИР БҮРКҮМ. ӨЛКӨ ЖАРАНДАРЫ 7 КҮН ЭС АЛЫШАТ...

  • Бишкекте 8 ЖАШАР БАЛАНЫ унаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу изделүүдө.
  • Кыргыз өлкөсүнүн жарандары ЖАҢЫ ЖЫЛГА КАРАТА 1-7-январь аралыгында эс алышат.
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолуу аймактарда унаа жолдорго КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮ коркунучу жогору экенин эскертүүдө.
  • Ош шаары Түрк дүйнөсүнүн МАДАНИЙ БОРБОРУ деп жарыяланды.
  • Депутат Зиядин Жамалдинов: “Бир районду бага турган Кадамжай сурьма комбинаты 72 МИЛЛИОН СОМ карыз менен отурат".
  • ТИМ: "Түндүк Кипрдеги аскер полигонунда Кыргыз жеринен барган 13 ЖАШТАГЫ БАЛАНЫН каза болгондугу тууралуу маалымат такталган жок".
  • Орусиянын жараны делген Бишкек шаардык кеңешинин депутаты ЖУСУПБЕК КОРГОНБАЙ УУЛУ мандатынан ажыратылды.
  • Мырзаке-Кара-Кулжа- Алайкуу жолуна КАР КӨЧКҮ ТҮШҮП, жол убактылуу жабылды.
  • Расмий маалыматка таянсак, учурда өлкөдө 109 ҮРӨН ЧАРБАСЫ бар.
  • Чаткалда кенге байланыштуу жаңжалдан кийин кармалган жергиликтүү 15 адамдын 13ү ҮЙ КАМАГЫНА чыгарылды.
  • Алимент боюнча 2 МИҢДЕН АШЫК АДАМ издөөдө жүргөнүн Сот департаментинин директору Рустам Ибраимов билдирди.
  • ЖЕҢИШБЕК НОГОЙБАЕВ транспорт жана жолдор министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
  • Ошто Кыргыз өлкөсү менен Өзбекстандын премьер-министрлери жолугуп, ЧЕК АРА МАСЕЛЕСИН талкуулашты.
  • 2019-жылы өлкөдөгү аймактардын баарын интернет менен камсыздоого 50 МИЛЛИОН ДОЛЛАР жумшалат.
  • Кызыл-Кыяда окуучулар мушташып, 9-класстагы БАЛА КАЗА БОЛДУ.
  • Орусияда 21 жаштагы Кыргыз жараны эне-баланы СҮЗҮП КЕТТИ.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 842, 21-27-декабрь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан