УЛУТТУК КУРАМА КОМАНДА АЗИЯ КУБОГУНА АТТАНДЫ

2019-жылдын 5-январынан 1-февралына чейин Бириккен Араб Эмираттарында Азия Кубогу өтөт. Бул мелдеш жалпы эле Кыргыз спортунун тарыхында жазылып калары талашсыз. Себеби футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы өз тарыхында биринчи ирет беделдүү турнирге катышканы турат.

АЗИЯ КУБОГУНУН ТАРЫХЫ

Азия Кубогу – Азия чөлкөмүндөгү футбол боюнча улуттук курамалар арасындагы эң ири мелдеш. Турнир 4 жылда бир өткөрүлүп келет. Алгачкы мелдеш 1956-жылы Гонконгдо болуп, анда Түштүк Корея курамасы Израилди утуп чемпион аталган. 2004-жылга чейин аталган мелдеште 12 гана өлкөнүн курамалары күч сынашып келген болсо, андан кийин 16 курама катыша турган болгон. 2014-жылы АФКнын жетекчилери Азия Кубогунун финалдык бөлүгүндө 24 курама команда катыша турган кылып регламентке кайрадан өзгөртүү киргизишкен. Бул сапар 17-ирет өткөрүлүп жаткан Азия Кубогу Бириккен Араб Эмираттарынын 4 шаарындагы 8 стадиондо өтөт.

УЛУТТУК КУРАМДЫН БАСЫП ӨТКӨН ЖОЛУ
Азия Кубогунун финалдык этабына жолдомо алыш үчүн 46 өлкөнүн курама командалары күч сынашкан. Бириккен Араб Эмираттарынын курамасы мелдештин өткөрүүчүсү болгондуктан дароо эле финалдык бөлүккө өткөн. Ал эми калган курама командалар жолдомо үчүн тандап алуу этаптарынын алкагында оюндарды өткөрүшкөн.

Азия Кубогуна тандап алуу турунун 1-этабында (2018-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу этабы менен бирге) Кыргыз курамасы Австралия, Иордания, Тажикстан жана Бангладеш курамалары менен бир тайпада оюн көргөзгөн. Анын жыйынтыгында Кыргыз курамасы 4 жеңиш, 2 тең чыгуу жана 2 жеңилүү менен 14 упай алган. Бул көрсөткүч менен турнирдик жадыбалда 3-орунду ээлеп, кийинки этапка өткөн.

Азия Кубогуна тандап алуу турунун кийинки этабында курама командабыз Индия, Мьянма жана Макао курамалары менен кез келген. Бул этапта Кыргыз курамасы 4 жолу каршылаштарын жеңип, 1 жолу тең чыгып жана 1 оюнда утулуп калган. Жыйынтыгында 13 упай топтоо менен курама команда Азия Кубогунун финалдык этабына жолдомо алган.

КЫРГЫЗСТАН «С» ТАЙПАСЫНДА

2018-жылдын 4-майында Дубайдагы «Бурж Халиф» деп аталган дүйнөдөгү эң бийик имаратта чүчү кулак аземи болуп өткөн. Анын жыйынтыгында 24 команда 6 тайпага бөлүнгөн. Кыргыз курама командасы "С" тайпасынан орун алып, Түштүк Корея, Кытай жана Филиппин курама командалары менен беттешмей болгон.

«С» ТАЙПАСЫ

Улуттук курамдын оюндары (Бишкек убактысы боюнча):

Кытай – Кыргыз Республикасы. 7-январь, 17:00

Кыргыз Республикасы – Түштүк Корея. 11-январь, 22:00

Кыргыз Республикасы – Филиппин. 16-январь, 19:30

АТААНДАШ КОМАНДАЛАР:

Түштүк Корея курамасы

Дүйнө рейтингинде: 53-орунда

Жетишкендиктери: Дүйнө чемпиондугунда 4-орун (2002-жыл), Азия чемпиону (1956 жана 1960-жылдары)

Башкы машыктыруучусу: Паулу Бенту

«Тоттенхэм Хотспур» клубунун негизги оюнчусу Сон Хин Мин баштаган Түштүк Корея курамасы бул тайпанын гана эмес, жалпы турнирдин негизги фаворити катары саналат. Азия чөлкөмүндөгү күчтүү командалардын катарын толуктаган Түштүк Корея курамасы Азия Кубогуна жалпы 13 жолу катышып, 2 жолу чемпион аталышкан. Ошондой эле бул курама Азиядагы башка мамлекеттерге салыштырмалуу дүйнөлүк мундиалга эң көп катышкан курам. Тагыраагы, 10 жолу Дүйнө чемпиондугунда оюн көргөзүп, 2002-жылы жарым финалга чейин жете алган.

КЫТАЙ КУРАМАСЫ

Дүйнө рейтингинде: 76-орунда жайгашкан

Жетишкендиктери: Азия Кубогунун күмүш медалынын (1984 жана 2004-жылдары) жана коло медалынын (1976 жана 1992-жылдары) ээси

Башкы машыктыруучу: Марчелло Липпи

Кытай курама командасы Азия Кубогунун финалдык этабына жалпы 11 жолу катышкан. Дүйнөлүк биринчиликте Кытай курамасы 1 жолу катышып (2002-жылы), тайпалык баскычтан чыкпай калган. Кытай акыркы жылдары футболго миллиарддаган акчаларды жумшап жатканы маалым. 2016-жылы жергиликтүү Футбол федерациясы өлкө курама командасынын деңгээлин көтөрүү максатында италиялык машыктыруучу Марчелло Липпини чакырган. Липпи 2006-жылы Италия курамасы менен дүйнө биринчилигин багындырган тажрыйбасы мол адис.

Кыргыз курамасы Кытай менен буга чейин 3 жолу каршы ойноп, бардыгында жеңилүү ызасын тартышкан. Алдыда боло турган оюн тууралуу улуттук курамдын оюнчусу Эдгар Бернхард төмөнкүлөргө токтолду:

– Мындан 4 жыл мурунку оюнда Кытай курамасы кыска пастар менен динамикалуу ойной алган күчтүү оюнчулары бар экенин көргөзгөн. Азия Кубогунда боло турган оюн реванштык беттеш болмокчу.

ФИЛИППИН КУРАМАСЫ

Дүйнө рейтингинде 116-орунда жайгашкан

Башкы машыктыруучу: Свен-Ёран Эрикссон

Филиппин курама командасы да Азия Кубогуна алгачкы ирет катышууда. Филиппин биздин курам үчүн ыңгайсыз каршылаш. Анткени буга чейин болгон эки беттеште тең утулууга дуушар болгонбуз. Үчүнчү беттеште жеңиш биз тарапта болорунан үмүт чоң.

МЕЛДЕШКЕ ДАЯРДЫК МЫКТЫ

Кыргыз улуттук курама командасы 7-декабрдан бери Катардын Доха шаарында окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүп жатат. Анын алкагында курама команда 3 жолдоштук беттеш өткөрмөкчү. Алардын бардыгы жабык иретинде орун алат. Алгачкы жолдоштук беттешин 20-декабрь күнү Иордания курамасы менен өткөрүп, аларды 1:0 эсебинде утуп алышты. Жалгыз жеңиштик голду бишкектик «Алга» клубунун оюнчусу Турсанали Рустамов киргизди.

25-декабрда "Ак шумкарлар" Катар курамасы менен кез келип, 0:1 эсебинде жеңилди.

Мелдеш алдындагы акыркы достук беттеш 31-декабрь күнү Палестина курама командасы менен болмокчу.

КЫРГЫЗСТАН КАНЧАГА ЧЕЙИН БАРА АЛАТ?

Курамдын алдыңкы оюнчулары Мирлан Мурзаев жана Антон Землянухин өздөрүнүн жаракаттарынан айыгып, мелдешке даяр. Ошондой эле Орусиянын «Енисей» клубунун коргоочусу Валерий Кичин улуттук курамага кайтып келди. Өзгөчө коргонуу бөлүгүндө көйгөй көбүрөөк байкалып жатканда Кичиндин келиши курама үчүн жакшы кабар болду.

Улуттук курама командабыздын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин бул мелдеш тууралуу:

– Эң алгач бул мелдеш биз үчүн кызыктуу жана жаңы тажрыйба болот. Биз мелдешке статист катары эмес, толук кандуу атаандаштык түзө турган команда катары катышабыз. Биз плей-офф баскычына чыгуу үчүн күрөшөбүз.

Кыргыз өлкөсү Азия Кубогунун финалдык бөлүгүндө алгачкы ирет ойноп жатканы эле чоң ийгилик. Бирок тайпадан чыгууга мүмкүнчүлүк бар. Болгону ал мүмкүнчүлүктү туура пайдалануу зарыл. Тайпадан чыкпай калсак бул чоң трагедия болбойт. Жеңген учурда мактап коюп, жеңилсе сөкпөй, жеңсе да, жеңилсе да оюнчуларды колдой билген чыныгы күйөрман бололу.

Кубан Жумамидинов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
TalaCSKA
2019-01-02 11:41:50
Буюрса группадан биричи орун менен чыгабыз плей-оффто любой команданы женебиз короче Кубок Азии биздики !!!
+5
elhan123
2019-01-02 13:06:12
Туура женилип калса эле жамандап токтоно албай калабыз, чыныгы фанат болсок жакшы болмок
+4
Zhiidegul_Abdinazarova
2019-01-02 14:57:41
Хоть беда хоть победа мы всегда с тобой Барселона дебей өзүбүздүн Улуттук курам үчүн күйөрмандык кылалы. Буйруса жеңиш биз менен болот болгону ал нерсеге дуба кылып жана ага ишенели
+4
Farkhat07.05.89
2019-01-02 17:48:56
Алга,Кыргызстан
+2
Kyrgyz_bloger
2019-01-02 18:37:15
Кытайларды жырткылачы бир кыргыздарды укканда корко турган кылып
+5
monster_high_98
2019-01-03 00:10:45
Болгону ал мумкунчулукту туура пайдалануу зарыл
0
Kgda
2019-01-03 14:43:13
Эми топ тоголок оомат оосо биз жака дарбазага саамай сокуларды узатып турса биздин азаматтаоыбыз, ийгилик биз жака ооп кетеби деп турам, с тайпасынан биринчи орунга Корей командасы чыгуусуна шек жок. Андан киин Кыргыз улуттук командасы Кытай менен экинчи орунду талашуусуна шек жок. Не дейбиз Алга жигиттер Кудайым озу колдосун силерди жаман коздордон сактасын ийгилик силерге кыргыздын намысын коргоп женип келгиле. Жок дегегде 1/4 финалдык баскычка секирик жасагыла.
0
baatyrbek083
2019-01-03 20:50:45
Алга ак шумкарлар, жениш биздики болот.
+1
kgboru96
2019-01-04 10:13:57
Алга Ак шумкарлар! Жеңебиз деп Үмүт кылабыз
0
Kristianuronaldu
2019-01-05 11:31:26
Акыркы жылдары кыргыз футболу онугуп жатат бул биз учун суйунучту кабар
0
Kristianuronaldu
2019-01-05 11:33:26
Азия кубогу биздин олко биздин курама учун чоон тажыйрба жана жетишкендик болмокчу
0
Kristianuronaldu
2019-01-05 11:34:22
Алга кыргызстан алга ак шумкарлар ин ша аллах утабыз
0
№ 843, 28-декабрь - 3-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан