24-декабрь күнү Бишкектеги «Бишкек парк» соода борборунда Жылдын мыктыларын тандоо аземи болуп өттү. Кечеге маданият чөйрөсүндөгү атактуу инсандар, кыргыз шоу-бизнесинин жылдыздары чогулуп, быйыл жемиштүү эмгек кылган инсандар сыйланышты.
Эске салсак, “Жылдын суперлери” наамына талапкерлер декабрь айынын башында SUPER.KG порталына добушка коюлуп, эң көп добушка ээ болгондору жеңүүчү аталышкан.
Жылдыздар Кызыл килемден өтүштү.
Сыйлык тапшыруу аземин «Deka Dance» бий тобу k-pop стилиндеги шаңдуу бийи менен ачты.
Кечени шоумен, телеалпаруучулар Санжар Мыкыев, Мыктыбек Мукаев жана ырчы, телеалпаруучу Чолпон Талипбек алып барышты.
«Жылдын супер дебюту» – Ишен Назаров
Ырчы мырзага сыйлыкты «Заманыбыздын супер ырчысы» Каныкей тапшырды.
Тушоосу ийгиликтүү кесилген Ишен мырза Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенова менен дуэт аткарды.
«Жылдын супер ыры» – «Апакем»
Алина Жетигенова «биринчи бул ырды укканда ыйлагам» деп чыгарманын аткаруучусу Ишен Назаровго сыйлыкты ыйгарды.
«Кыргыз тилдүү супер вайнер» – Эмил Токтошев
Эмилге сыйлыкты куйкум сөздүү куудул Тынар Курбаналиев «Эмилдин вайндары Бишкекте турган оштуктарга расса жагат да» деп тамашалай тапшырды.
«Жылдын супер тасмасы» – «Ата»
2018-жылы көп тасмалар тартылды. Алардын арасынан мурунку тамашоучу, актёр, сценарист Бакыт Осмонканов режиссёрдук кылган драма мыкты аталып, сыйлыкты Жогорку Кеңештин депутаты, коомдук ишмер, продюсер, «Курманжан датка» тасмасынын режиссёру Садык Шер-Нияз тапшырды.
«Жылдын супер актёру» – Асылхан Төлепов
«Көк бөрү» тасмасында башкы ролду жараткан казак актёру добуш берүүдөн утуп чыкты. Казакстандан жол арытып келген актёрго сыйлыкты Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жамал Сейдакматова ыйгарды.
«Жылдын супер актрисасы» – Альбина Имашова
Актрисага наамды ыйгаруу жоопкерчилиги режиссёр Актан Арым Кубатка берилди.
Актан Арым Кубат: – Мен өзүм көп сүйлөбөйм, бирок азыр сүйлөшүм керек болуп турат. 1997-жылы Альбинаны мен тапкам. Бешкемпир жакшы көрүп калган кыз ушул Альбина да. Бишкектен Тоң районуна каарман таппай, өзүм кыдырып барып, түрк лицейинен Альбинаны тапкам. Азыр Альбина эң көрүнүктүү актрисалардын бири. Ошол кезде бул кыз менден уялып турду эле, эми болсо мен Альбинадан уялып турам, чырайлуу актриса болуптур (күлүп).
«Жылдын супер клиби» – «Мурас»
"Заманыбыздын супер ырчысы" Мирбек Атабековдун "Мурас" аттуу ырына тартылган клип быйылкы жылдын талашкыс жеңүүчүсү аталды.
«Жылдын супер ремейки» – «Жакшы сөз айтчы мага»
Жыл ичинде жаңыча аткарылып чыккан мурунку ырлардын арасынан Сайкал Садыбакасова аткарган ыр добуштан озуп чыкты. Сыйлыкты «Заманыбыздын супер тобу» аталган "Биз" тобунун жетекчиси Бактияр Токторов тапшырды.
«Жылдын супер дуэти» – «Мен сени сүйөм, өмүр»
Бул жылда элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан чыгармалардын бири – «Мен сени сүйөм, өмүр» аттуу дуэт болду. Бул чыгарма добушка коюлганы бир да атаандашын алдыга узатпай супер аталды. Сахнага Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Асел Турдалиева чыгып «Өзүм деле ушул ыр утат деп ойлоп жаттым эле» деп Алтынай Нарбаева жана Мирбек Атабековду наамдары менен куттуктап өттү.
«Жылдын супер ырчы айымы» – Сайкал Садыбакасова
Ырчы айым бул сыйлык ага күтүлбөгөн сюрприз болгонун айтат.
«Жылдын супер ырчы мырзасы» – Нурлан Насип
Аталган наамга талапкерлер коюлганда эле Нурлан алдыга озуп, эч кимди жеткирген жок. Ырчы мырза 4-ирет «Жылдын супер ырчы мырзасы» аталды.
2018-жылдын мыктылары
«Жылдын супер дебюту» – Ишен Назаров;
«Жылдын супер ыры» – «Апакем» (Ишен Назаров);
«Кыргыз тилдүү супер вайнер» – Эмил Токтошев;
«Жылдын супер ремейки» – «Жакшы сөз айтчы мага» (Сайкал Садыбакасова);
«Жылдын супер дуэти» – «Мен сени сүйөм, өмүр» (Мирбек Атабеков, Алтынай Нарбаева);
«Жылдын супер клиби» – «Мурас» (Мирбек Атабеков);
«Жылдын супер тасмасы» – «Ата»;
«Жылдын супер актёру» – Асылхан Төлепов («Көк бөрү»);
«Жылдын супер актрисасы» – Альбина Имашова («Мегатой-2»);
«Жылдын супер ырчы айымы» – Сайкал Садыбакасова;
«Жылдын супер ырчы мырзасы» – Нурлан Насип
Сайкал Садыбакасова: – Мен бир эмес, эки наамды утам деп ойлогон эмесмин. «Супер-Инфо» гезитинин тандоосу менен биринчи жолу эки наамга татып отурам. Мени колдогон күйөрмандарымдын баарына рахмат.
Нурлан Насип: – Мен буга чейин 3 жыл катары менен «Жылдын супер ырчы мырзасы» аталгам. 4-ирет ушундай наамды багындыруу мен үчүн чоң сыймык. Бизди колдогон угармандарыбызга рахмат. «Супер-Инфо» – элдик гезит!
Альбина Имашова: – Актан Арым Кубат чынында сахнага, киного, театрга жол баштап берген менин устатым. Ага терең ыраазычылык. Мына 21 жылдан кийин устатымдын колунан «Супер-Инфо» гезитинин сыйлыгын алып отурам, бул мен үчүн чоң кубаныч. Үйдө кыздарым да апабыз «супер актриса экен» деп кубанып отурушат. Рахмат баарыңыздарга.
Бакыт Осмонканов: – «Супер-Инфо» гезитине, SUPER.KG порталына ыраазычылык. Бул тасма менин дебюттук драмалык тасмам болду. Атаандаштык күч болсо да утканыбызга кубандык. «Супер тандоону» мен элдик тандоо деп билем. Андыктан бизди колдогон элибизге рахмат.
Асылхан Төлепов: – Мени ушундай чоң мааракеге чакырганыңыздарга чоң рахмат. Кереметтүү актриса Жамал Сейдакматованын колунан сыйлык алуу мен үчүн чоң сыймык. «Жылдын супер актёру» наамына көрсөтүлгөнүмдү укканда кубандым, ошол эле учурда сыймыктандым. Жеңишти мага тартуулаганыңыздарды мен эки өлкөнүн достугу деп билем. Бул менин гана эмес, «Көк бөрү» тасмасынын режиссёру Руслан Акундун, продюсер Нурбек Айбашовдун да жеңиши.
Ишен Назаров: – Мен башында жеңериме ишенген жокмун. Бирок добуш берүү аяктаарына 2 күн калганда алдыда келе жатканымды көрүп ишеним пайда болду. Баарына ыраазычылык билдирем жана ишеничти актоо үчүн дагы талыкпай эмгектенем.
Алтынай Нарбаева, Мирбек Атабеков: – Эл-журт колдоп, "Жылдын супер дуэти" аталганыбызга кубанычтабыз. Демек, "Мен сени сүйөм, өмүр" чыгармасын баары жакшы көрүшөт экен. Бизге жеңиш алып келген чыгарманын авторлоруна чоң ыраазычылык.
Эмил Токтошев: – Эмоциям ашып-ташып турат. Мага добуш берген жалпыңыздарга рахмат. Сиздер бар, ушул статуэткам бар.
«Бишкек парк» соода борборунун пиар директору Батма Казакбаева:
– Сыйлыкты тапшыруу аземи мыкты деңгээлде өттү. Жылдыздар да жакшы даярданышыптыр. Быйыл сиздер жаңы форматта концерт өткөрүп жатыпсыздар, бизге аябай жакты. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып кыргыз элин келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктайбыз!
Гүлжамал Абылкасымова
Адилет Бектуров
star@super.kg