ЖУМГАЛДА 47 ЖАШТАГЫ АЯЛ 2 НЕБЕРЕСИ МЕНЕН ӨЛТҮРҮЛДҮ. КЫЛМЫШКЕР ИЗИН ЖАШЫРЫШ ҮЧҮН ҮЙДҮ ӨРТТӨП САЛГАН

21-декабрь күнү Нарын облусунун Жумгал районунда өтө оор кылмыш катталды. Аталган райондун Көк-Ой айылында жашаган 47 жаштагы аял менен анын неберелеринин жансыз денелери өз үйүндө табылды. Бул кылмышка шектелип ошол эле айылдык 29 жаштагы жигит кармалды.

ҮРӨЙ УЧУРГАН КЫЛМЫШ

ИИМдин берген маалыматына ылайык, 2018-жылдын 21-декабрь күнү Нарын облусунун Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнө Көк-Ой айылында өрт чыгып, анда үй-бүлө мүчөлөрү каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, өрттөлгөн үйдөн 3 адамдын жансыз денесин табышкан. Үйдүн ээси 47 жаштагы А.Э. аттуу аялдын сөөгү өрт чыккан бөлмөдө жана анын 2 небересинин жансыз денелери башка бөлмөдө төшөктө жаткан абалда табылган. Алгачкы иликтөө иштеринин жыйынтыгында үй ээси жана анын 4 жаштагы небереси зордукталып, андан соң муунтулуп өлтүрүлгөндүгү, 7 жаштагы небереси муунтулуп өлтүрүлгөндүгү аныкталган.

Бул факт боюнча Жумгал РИИБинин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалган.

КЫЛМЫШЫН ЖАШЫРУУ ҮЧҮН ҮЙДҮ ӨРТТӨГӨНГӨ АРАКЕТ КЫЛГАН

Иликтөө иштеринин жыйынтыгында жогорудагы кылмышка шектелип ошол эле айылдын Ш.К. аттуу 29 жаштагы тургуну кармалган. Ал тергөө учурунда кылмышты толугу менен моюнуна алган.

Анын берген көрсөтмөсүнө караганда, 20-декабрь күнү кечки саат 9дардан 11лерге чейин ал А.Э. менен чогуу анын үйүндө спирт ичимдиктерин ичип отурушкан. Аял мас болуп уктап калганда үйдүн башка бөлмөсүндө уктап жаткан анын 4 жаштагы небереси ойгонуп кетет. Кылмышка шектүү 4 жаштагы кызды күч колдонуп зордуктап жатканда жанында уктап жаткан 7 жаштагы бала ойгонуп калат. Кылмышка шектүү алгач 7 жаштагы баланы, андан соң 4 жаштагы кызды тумчуктуруп өлтүрүп салган. Андан кийин ал башка бөлмөдө мас абалда уктап жаткан үй ээсин да колу менен муунтуп өлтүрүп, кылмышын жашыруу үчүн мештин ичинен күйүп жаткан чокторду бөлмөнүн ар кайсы жерине чачып, от коюп качып кеткен.

Кылмышка шектүү мас абалында уктап жаткан жеринен кармалган. Ал Нарын шаарындагы СИЗОго киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

“КЫЛМЫШКЕРДИН ДА МЕНИКИНДЕЙ КИЧИНЕКЕЙ КЫЗЫ БАР ЭКЕН”

Маркум Эркайым Акмолдоеванын жолдошу бир жыл мурун каза болуп калган. Анын 3 кызы, 1 уулу бар. Баары Бишкекте окуп-иштеп жүрүшкөн. Маркумдардын сөөгү 22-декабрь күнү Көк-Ой айылында жерге берилди.

26 жаштагы Кыял Ишенбек кызы бир учурда апасынан да, 2 баласынан да айрылып, эмне болуп кеткенин дале аңдай элек:

– Жакында эле операция жасатып өтүмдү алдыргам. Андан кийин ден соолугум начарлап, кан басымым төмөндөп жатканынан Бишкекке дарыланууга кеткен элем. Апамдын ооруканага жатып калганын айтып мени айылга алып келишти. Апам ооруп калса балдарымды кантип багам деп жол бою ойлонуп келдим. Мындай окуя болот деп 10 уктасам түшүмө кирген эмес.

Мени чоң атамдыкына алып келишти. Боз үй тигилип турганын көрүп, апам өтүп кеткен экен деп ойлоп, “апамдын сөөгү өз үйүнөн чыксын, алып кетебиз” деп жаткам. Балдарыма бир нерсе болду деп такыр ойлогон жокмун. Алар кошунаныкында жүрөт го дегем. Алар тууралуу кантип, ким угузганын деле билбей калдым. Ошондон бери дале нес абалда жүрөм. Окуя тууралуу да мага эч ким эч нерсе айтпай жатат. Эмне болгонун толук билбейм.

Апам менен кызымдын сөөгүн жууганга кирдим. Көрбөсөм алар тирүү деп үмүттөнө бермекмин. Апамдын моюну кызарып, тили чыгып калыптыр. Аябай кыйналып өлгөн окшойт, байкушум. Кызымдын моюну, жамбашы, буттары кызарып калыптыр. Колу менен катуу кармагандан калган тактар окшойт. Уулумду көргөн жокмун, аны азыр деле тирүү деген ой кетпей жатат.

Апам менен балдарымды өлтүрдү деп жаткан кишини жакшы тааныбайм. Кээде анын кошунанын үйүнө келип, ар кандай жумуштарына жардам берип калганын көрчүмүн.

Кызым менен уулумду апам экөөбүз тарбиялап жатканбыз. Балдарымды өзүм үчүн төрөп алгам, экөөнүн аталары ар башка. Аталары балдары бар экенин да билишпейт. Балдарым чоңойсо мени багат деген үмүтүм бар эле. Ушулар деп жашачу эмес белем...

Кылмышкер кантип ушундай жолго барды? Балдарда эмне күнөө? Кылганын моюну менен тартсын. Аны тиги дүйнөдө да балдарым тынч койбосо керек. Анын да меникиндей кичинекей кызы бар деп уктум. Кантип мындай кылмыш кылды?

Балам жоош, токтоо, жакшы бала эле. Кошуналар да жакшы көрүшчү. Кызым тыкылдаган, эч кимге жемин жедирбеген кыз болчу. Апам күчтүү адам эле. Дайыма мени колдоп, таяп турчу. Апам ичимдик иччү эмес. Балдарымды төрөлгөндөн баштап эле апам бакты. Өз балдарындай көрчү, “ушулар үчүн өлбөй жашайм” деп айтып калчу.

“КЫЛМЫШКЕР ӨМҮР БОЮ КАМАЛСА ДА АЗДЫК КЫЛАТ”

Ал эми маркум Эркайым Акмолдоеванын кайниси Жаныбек Курманбеков төмөнкүлөрдү айтат:

– Байкем былтыр боор циррозунан каза болуп калган. Жеңем кызы жана неберелери менен жашачу. Эч кимге зыяны жок жакшы адам эле.

Кантип мындай иш болуп кеткенин түшүнбөй калдык. Эртең мененки саат 9дар чамасында окуя тууралуу угуп, жеңемдикине келдик. Келсек кошуналар чогулуп, аймактык тескөөчү үйгө эч кимди киргизбей жатыптыр. Биз алгач өрт чыгып, үй ичиндегилер истен улам ууланып өлгөн го деп ойлогонбуз. Анткени балдар чечинип жаткан бойдон, жеңем да башка бөлмөдө диванда жаткан бойдон өлүптүр. Кийин гана эксперттер жеңем менен балдардын муунтулуп өлтүрүлгөнүн айтышты. Экспертизанын жыйынтыгы толук чыга элек болгондуктан алардын зордукталганы тууралуу азырынча билбейбиз.

Кресло, килем, пардалар күйүп, от шыпка жетип эле быкшып токтоп калыптыр, жалбырттап күйгөн эмес. Жеңемдин буттарынын учтары бир аз күйгөн. Калган денеси таза. Кылмышкер кылмышын жашыруу үчүн өрт койгонго аракет кылган. Ал бөлмөгө очокто күйүп жаткан чокту таштап, гезитти да күйгүзүп өрттөгөнгө аракет кылыптыр.

Жеңем менен кылмышкер экөө чогуу ичиптир деп жатышат. Бирок жакшылык-жамандыктарда көрүп эле жүргөм, жеңем ооруп дарыланып жатканын айтып ичкилик иччү эмес.

Кармалган адамды тааныйм. Элдин айтымында, ал ичип жүрчү экен. Мындай мыкаачылык менен кылмыш кылган адам өмүр бою эркинен ажыратылса да аз болот деп ойлойм.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Nurkyz1977
2019-01-01 11:24:07
Озу учун тороп алганы эмнеси атасы баласы барын билбесе кандай тушунуп болбойтко. Никесиз торогон экен да. Кандай болгон кундо да эне учун баласын жоготуу качалык оор экенин сезип туйуп турам сабырдуу бол,Жараткандын жазымышы которбоско айла жок. Ата энени баладан,баланы ата энеден ажыратпасын. Кылмышкерди да бир эне тороп ак сутун берген,бирок мындай жырткыч болсун дебегендир,канкор сага эн оор жаза да аздык кылат. Эки дуйно азабын тарт.
+7
Zamirbek_77
2019-01-02 11:50:47
Маркумдардын жакындарына аллах сабыр берсин, ал эми тиги зөөкүргө чындап эле камап бекер бакпай өлүм жазасын берседа аздык кылат, буга окшогон макулуктарды кыйнап өлтүрүш керек, кандай көңүлү тартып кичинекей наристени зордуктайт каңырыгым түтөп кеттиго окуп алып көзүмө жаш алдым, ал зөөкүрдү элге берсе өздөрү билмек кантип өлтүрүштү, бирок жазалоочу алла таала анын өз жазасын өзүнө ылайык берет, адам түспөлдүү айбан, даже айбангада теңейалбаймын, жырткычтарда кичинекей наристелерге тийбейтго.
+4
Tyty1990
2019-01-02 13:16:26
Не дешти да билбейм
+2
Beise
2019-01-02 14:20:30
Эгер экоо чогуу ичишсе анда олтурмок эмес, акча
издеп олтургон атайын буларды. Деги кыргыз озу
кыйынбыз ушакка жакынбыз, кудайды караш керек да жок суйлой бербей!
+8
Dalil
2019-01-02 15:59:55
Супер бул жерде айтылган сөздөр бири-бирине коошпойт экен. Үй ээси жана 4 жаштагы небереси зордукталып өлтүрүлгөн деп анан ичип отуруп үй ээси уктап калса ойгонуп кеткен 4 жаштагы небересин зордуктап өлтүрүп анан чоңун өлтүргөн соң кайра кирип уктап жаткан үй ээсин өлтүргөн деп жатат. Үй ээсин зордуктаганы айтылган эмес. Кайсынысына ишенсе болот?
+2
elif
2019-01-04 12:52:59
Озум учун тороп алгамын дейби...Мурун ооз ачырган кабарларды ОЗУ учун тороп алгандарды чет мамлекеттен гана укчубуз азыр интернеттен айынан уйронуп атабыз бизде деле толгон токой укмуш адамдар бар экен! Кантсе да эне да жаман болуптур кайрат кылгыла,окунучтуу жери ата-эненин куноолорун,алкаш канкорлордун шорун куноосуз балдар тартбаса экен,бул кабар мени ыйлатты,энеси да оозуму ачырды аман эле бол да
0
aimai
2019-01-07 23:09:57
4 jashtagi kizdi kantip.... ХХХХХ
0
№ 843, 28-декабрь - 3-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан