ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 31-ДЕКАБРДАН 6-ЯНВАРГА ЧЕЙИН


Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат.


КОЙ (21.03-20.04)

Аптада өкмөт адамдары, башка шаардык өнөктөш, куда-сөөктөр менен жолугасыз. Алыстагылар менен жагымдуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Жалпы кызыкчылык үчүн купуя иш-аракеттерге барасыз. Тилегиңиздин бири орундалат.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Башка шаардык өнөктөш же туугандар менен чогуу убакыт өткөрүүгө туура келет. Ал гана эмес, дос, кесиптештер менен да көңүл ачып үлгүрөсүз. Киреше кирет, чыгымдар да чыгат. Өнөкөт оору козголбошу үчүн суукта жүрбөңүз, туура тамактаныңыз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Акыркы күндөрү көңүл ачуу көп болгондугуна карабастан киреше кирет (буюм же акча түрүндө). Тынч отурууга убакыт аз. Көп адамдар менен жакындан мамиле кылууга туура келет. Абройлуу инсандар менен баарлашасыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)

Бузулган мамилелер жөнгө салынат. Эски өнөктөштөргө жолугасыз. Жоопкерчиликтүү долбоор боюнча бир чечимге келүүңүз зарыл. Убакытты уттурбаңыз. Башка жактык адамдар менен жакшы сүйлөшүүлөр жүрөт.


АРСТАН (23.07-23.08)

Кесиптештер менен болгон таарынычтар артта калып, алар менен ынак мамиледе болосуз. Үйүңүзгө буюм же акча түрүндө киреше кирет. Айыл жеринде жашасаңыз жакындарыңыз аркылуу пайда табасыз. Же мал сатуу менен акчалуу болосуз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Эски тааныштар же балдарыңыз кубаныч тартуулайт. Чыгармачылык менен иш алып барууга туура келет. Жөндөмүңүз бааланат. Көпчүлүк адамдар менен жакшы мамиледе болосуз. Таанышуулар болот. Жан шеригиңиз сизге жакшы көңүл бөлөт.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Үйүңүзгө конок келет. Коногуңуз улгайган инсан же кызматтагы таасирдүү адам болушу толук мүмкүн. Кесиптештер менен өз ара пикир алмашуу жакшы жүрөт. Жеке, үй чарба иштериңиз ойдогудай орундалат.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Сизди эски дос, бир туугандар же кошуналар менен жагымдуу жолугушуулар, сүйлөшүүлөр күтөт. Жакшы кабар угасыз, сунуштар түшөт. Унаа, сапарга чыгуу маселеси козголот. Сүйгөнүңүз же балдарыңыз кубантып, көңүлүңүз көтөрүлөт.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Колуңузга акча тиет. Бул элдеги же банктан алган насыя акча болушу мүмкүн. Жакындарыңыз менен жакшы мамиледе болосуз. Үй тиричилик иштери ойдогудай орундалып, каалагандай эс аласыз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Көпчүлүктүн көңүл борборунда болосуз. Чөйрөдөгүлөр, бир туугандар, дос, кошуна менен мамилелер жакшырат. Күтүүсүз жагымдуу жагдайлар көп болот. Сизден токтоолук, кыраакылык талап кылынат.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Купуя аракеттерди көп жасайсыз. Жабык типтеги ишканалардан кабар алууга туура келет. Ал жерде сизди көңүл көтөргөн окуялар күтөт. Акча аласыз же ага байланыштуу пландарды түзөсүз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Жоопкерчиликтүү, таасирдүү дос, кесиптештер менен чогуу жагымдуу убакыт өткөрөсүз. Өкмөт адамдары менен сүйлөшүүгө аргасыз болосуз. Өзүңүздүн ийкемдүү жана лидер экендигиңизди байкайсыз. Үйдөгүлөргө керектүүлөрдү сатып бересиз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 843, 28-декабрь - 3-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан