МЕРГЕН ТУРГАН: “ЭЛҮҮГӨ ЧЫГЫП, БАКТЫМДЫ ЭЛ АЛДЫНА АЛЫП ЧЫКТЫМ. 5 БАЛАНЫН АТАСЫМЫН”

Таланттуу ырчы агабыз Мерген Турган быйыл 50 жашка толду. Ырчы юбилейин гана белгилебестен, небересинин да тушоосун кесип, жек-жаатынын, жакшы санаалаштарынын башын бириктирди. Ырчы менен маектешип, жакшылыгы менен куттуктадык.

– Мерген байке, 50 жашыңыз кут болсун. Эр ортону элүүнүн даамы кандай экен?

– Рахмат. 50 жаштын өзгөчө өңү-түсү деле жок окшойт. Карыганымды деле сезген жокмун. Мурункудай эле чуркап жүрөм. Өткөн өмүрүмдү татыктуу жашадым деп айта алам. Эл алдына өнөр менен чыгыш, Мерген Турган деген атты таанытыш, ошону асыраш, узак убакыттар көтөрүп жүрүш оңой-олтоң иш эмес. Ошону менен бирге элдин сүйүүсүнө, эл берген Эл артисти наамына ээ болдум. Өнөр аркылуу көп адамдар менен дос болдум, бир тууган болдум.

– Коноктор айтмакчы, көптөн бери көрүшө элек туугандарды жолуктуруп, мына минтип той берип отурасыз. Небереңиздин да тушоосун кестиңиз...

– Чынында эки жакшылыкты бир өткөрүү балдарымдын идеясы, мен колдодум. Өзүм дагы элүүгө чыгып, эмнеге жетиштим деп эл алдында отчёт берсемби деп ойлоп жүргөм. Юбилейимден мурун неберемдин тушоосун кескениме жетине албай сүйүнүп турам. Балдарыма рахмат, мага небере тартуу кылышты. Мындан артык белек болбосо керек. Келе жаткан жылы экинчи неберем жарыкка келет. Балдардын жакшылыгы – ата-эненин жакшылыгы деп эсептейм.

– Биз сиздин Ханраат деген уулуңузду эле билчү элек. Азыр 3 уулуңуз, 2 кызыңыз бар экенин ачыктадыңыз?

– Ханраат кичүү балам, Алматыда окуйт. Атын ырымдап спортчу Раатбек Санатбаевдин атынан койбодум беле. Ал ысымды жөн жерден койбогон окшойм. Азыр 10 жашта, 4-класста окуйт. Уулум таэквондо боюнча Казакстандын өспүрүмдөр арасында чемпиону. Раатбек аяш атасын тартканына сүйүнөм, сыймыктанам. Спортко олуттуу киришти. Улуу балам Нурсултан тамада, актёр, ырчы. Жыпар Исабаева кудагыйымдын сценарийи боюнча жазылып элге тартууланган “Акшоола” сериалында башкы каармандын айдоочусунун ролун аткарды.

– Ханрааттын апасы казак кызы эле, азыр Таластын күйөө баласы болуптурсуз. Жеңебиз тууралуу айтып кетсеңиз...

– Үй-бүлөм тууралуу айтканды, өзүңөр билгендей, көп жактырбайм. Бүгүнкү күндө эч нерсени жашыра албайт экенсиң. Эң негизгиси, ушул бактымды эл алдына алып чыктым. Эл эмне десе ошо десин. Үч эркек баланын, эки кыздын атасы, бир неберенин чоң атасымын. Бактымды мурун эле тапкам. Бирок ордуна коё албай жүргөм. Өмүр бою гастролдо жүрдүм, балдарымды чоңойткон апаларына рахмат айтам. Бала карабаганым менен, неберемди укмуш карап жатам. Үмүттүн атын чоң энесинин атынан койгом. Чоң энесиндей адамгерчиликтүү, көп балалуу эне болсун дедим. Апамдын көзү өтүп кеткенине 3 жыл болду.

– Чыгармачылыгыңызда да бир толкун келе жаткан сыяктуу, эмне жаңылыгыңыз бар?

– Жаңы ырларды жаздырып жатам. Түркчө да ырдай баштадым. Тойду, өзүңөр көргөндөй, “Үмүт” деген ыр менен ачтым. Ырды небереме арнап жазгам. Учурдан пайдаланып, расмий жарыя кылып коёюн. Чыгармачылыкка кайтып келдим. Эми жаңы ырларыма байма-бай күбө болосуздар, концерттерден көп көрөсүздөр. Түркиялык компания менен иштешүүдөмүн. Буюрса, Түркияда да жылдыз болуп калдым. Кечээ эле түрк телевидениесинен менин ырдаганымды көрсөтүштү. Апрелде Түркияда жеке концертимди берем. Мерген байкең элүүгө чыгып жашарат, агарат.

– Рахмат, байке, маегиңизге. Чыгармачылык бийиктик каалайм.

"Сүрөттө жубайым жана балдарым. 3 уул, 2 кыздын атасы, 1 неберенин чоң атасымын. Кичүү уулум Ханраат Алматыда".
Тушоо тойдо биринчи чуркап келген Мерген байкенин аяшы кара кочкорго ээ болду.
Тамадалар Назира Жетигенова менен Мирлан Жетигенов болду.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Tyty1990
2019-01-02 13:07:30
Түшүнбөдүм
+1
Paprikafm
2019-01-02 14:09:02
Тооба, наамага жете албай, кызык болду байкебиз
-5
miss2014
2019-01-02 15:52:57
Наам кут болсун, тооногуч да такбады деп жаман болуп атыныз эле, озу мурда бериш керек болче Самара памаралардан мурда.
+6
AksyKum
2019-01-02 17:15:22
miss2014,Самара эмне себептен алганын түшүндүрдү го, борбордо бир нече жолу концерт бергеним үчүн алдым деп
+8
Pandora
2019-01-04 12:30:39
AksyKum,Акргасыздан жылмайдым.Демек,сапатына эмес,санына конул буруптурда.... А балким,чонтогуно же домкратына конул бурган чыгаар..... Самаштун ушул айткны чын болсо,бутун элдин акылын озунун чонтогуно салып алганго....
+5
barakcha
2019-01-04 18:00:36
AksyKum,ха ха...
0
Kyzylmush
2019-01-03 19:17:06
miss2014,наам берилген эмес. Эл берген наам деп турат
+5
Benazir08
2019-01-04 13:30:55
Мен да тушунбодум аялы казак бср казакта бир уулу болсо. Мына мурууунку аялы менен анда жарашкан гоооо
0
№ 843, 28-декабрь - 3-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан