Кыргызга аттын кашкасындай таанымал ырчылардын көбүнүн багын ачкан композитор Тарас Асанакунов десек жаңылбайбыз. Композитордун “Тоо булагым арманым”, “Роза гүлү”, “Кыздын сыры”, “Мен бийге чакырсамбы?” деген ырлары 1990-жылдары кыргыз эстрадасына чоң бурулуш алып келген. Акыркы учурда ошондогудай элдин көңүлүн бурган чыгармалар жаралбай жатабы, айтор, ырчылардын көбү эски ырларды ырдашууда. Композитордун кызы Жамиля Асанакунова “атамдын ырларын эми ким уруксаты жок ырдаса сотко берем” дейт.
– Атамдын көзү өткөндөн кийин анын ырларындагы автордук укук мага өткөн. Азыр айрым ырчылар эч кимден уруксат сурабай, каалагандай ырдап жатышат. Ыр жаздырып, клип тартылганда да атамдын аты айтылбайт, жазылбайт. Уруксаты жок Асел Кадырбекова "Роза гүлүн", Айдана Дека “Кыздын сырын”, Адилет Азимов “Тоо булагым арманымды” ырдап чыгышты. Учурда мен өзүм бардык ырларын жаңыртып ырдап чыга баштадым. Эми ким уруксатсыз ырдап чыкса сотко берем,- деп кошумчалады ал.