Супердин" тандоосу боюнча, Мирбек Атабековдун аткаруусундагы “Мурас” ырынын клиби “Жылдын супер клиби” наамын жеңип алды. Ырчы ыр тандоо, клип тартуу жагынан алдыга эч кимди салдырбай келе жатканын дагы бир жолу далилдеп, “Сүйөм сени” аталышындагы ырына анимациялык клип тарттырды.
– Бул клип менин планым боюнча май айында чыгышы керек эле. Анимациялык клиптер өтө көп мээнетти, убакытты талап кылгандыктан жарым жылда бүтүрдүк. Клипти студент балдар башташкан, алар техникалык жактан жетишпей калышты. Анан анимация менен алектенген башка балдарга кайрылдым. Сюжетинин сценарийи меники, тартуучу топ да кошумчалады. Быйыл жубайым Мээрим экөөбүздүн үйлөнгөнүбүзгө 5 жыл болду. Клипти атайын юбилейибизге арнап тарттырдым,- дейт Мирбек Атабеков.