Жыл жаңырары менен куудул, тамада, ырчы Борончу Кудайбергенов борборубузда концерт бергени турат. Концертке өзбек куудулу Обид Асомов келип досун, кыргыз элин жаңы жылы менен куттуктамак эле. Тилекке каршы, Обид Асомов 14-декабрда 55 жашында дүйнө салды. Бирок концерт эч кандай үзгүлтүккө учурабайт. “Борончу шоу” долбооруна катышкан ырчылар, андан сырткары эл ичиндеги таланттар концерттин көркүн ачышат.
– Концерттин сценарийи, сахнанын жасалгасы өзгөчө болот. Концертке элибизге аттын кашкасындай таанымал жаш ырчылар Нурлан Насип, Нурмат Садыров катышат. Андан сырткары өзбек куудулу Обид Асомов да катышмак, кайтыш болуп калды. Обид менен өлөрүнө 15 күн калганда сүйлөшүптүрмүн. Экөөбүз менин концертимден кийин Орусияга гастролдомокпуз. Ал жактагы кыргыз, өзбектердин башын бириктирип концерт берели деп пландаган элек. Ажал улук турбайбы, арабыздан алып кетти,- дейт Борончу Кудайбергенов.