Архив
844   845  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ЖОЗЕФИНА (Атактуу актрисанын турмушу катылган күндөлүк).

№843 28-декабрь - 3-январь, 2019-жыл


(Башы өткөн сандарда)

Ооба да, сен акыры мага жооп беришиң керек. Сен жыргап, мен ыйлап калган абал мага жаккан жок. Мен ушинтип чечтим. Сага жолугам. Акыркы чекит коюла элек бизде.



ххх

Таң атсынчы. Күн чыгары менен барам. Сен баскан жолдорду билем. Жолдон жолугуп сүйлөшөбүз. Бирок таң качан атат? Түн узун...

Мына ушул узун түндөр азап. Ушул узун түндөр өткөн күндүн баарын эске салат, жүрөк кыйнап. Мейли, бардыгын жаза берейинчи. Жазсам жеңилдечүдөй боло берем. Тулку боюмдагы арман тамга болуп, сөз болуп куюлуп ушул барактарда калып калсынчы. Ошол армандан арылармын, балким.



ххх

Картаң режиссёр менен болгон кылыгыңдан кийин ың-жыңсыз кеттиң. А мен кайра эле аз өтпөй сага чалып баштагам. Кызганыч менен сагыныч аралашканда жүрөктү эзип таштайт экен. Чектен өтүп ашык болуп калган экенмин, көрсө.

Акыры театрга кайра бардым. Репетиция болуп жатыптыр. Кароолчу киргизбегенинен чакыртып жибергем. Аз өтпөй сен көрүндүң. Төбөңө чачыңды байлап алып, жеңил футболка, кыска шортачан мени карай ишенимдүү келе жаттың. Сагыныпмын, сени көргөндө жүрөгүм бир булкунуп алды.

– Кандайсың?- баягы кылыгыңды унутуп өзүм биринчи учураштым. Бир эсе мен аны колум менен кармап алган жокмун да, балким, ошол тапта гримёркада картаң режиссёр менен башка айым болгондур. Ошентип өзүмдү жоошуткам. "Кой, ал Жозефина болбосо керек, жөн эле ачууга алдырдым" деп өзүмдү ишендиргем. Өзүмдү өзүм алдап койгом.

– Жакшы,- мелтирей жооп бердиң. Үнүңдө таарыныч бар.

– Жүр, чыгып сүйлөшөлү?

– Жок, ушул жерден айта бер. Эмнеге келдиң?

– Жүрчү эми, Жози.

– Айт ушул жерден.

– Жүрсөң эми. Эмне эле болуп жатасың?

– Эмне болуп жатасың дечи. Бир себебин айтпай туруп, ашата сөгүп салсаң эмне кылышым керек? Кучагымды жайып тосуп алышым керек беле?

– Мен ошонун баарын түшүндүрүп берем да.

– Бас,- тултуңдамыш болуп колдоруңду кайчылаштырып жанаша бастың. Сага жадакалса таарынган да жарашат, эй. Көзүмө кайра укмуш көрүндүң. Ичим элжиреп жакшы көрүп кеттим.

– Өткөндө келип чалсам телефонуңду албадың,- сыртка чыгып, сейил бакты карай басып баратып сүйлөдүм.

– Акыры тажаганда театрга келгем. Анан... Сенин гримёркаңдан?

– Эмне болду менин гримёркамдан?

– Бир эркек менен бир кыздын үндөрүн уктум. Сен экен деп ойлоп жинденген болчумун, ачык айтканда...

– Аа, жинди десе. Эй, мен гримёркамды башка жакка көчүрүп кеткем. Мурунку эски гримёрканы башка кыз алган. Жинди десе.

Мага сенден ушундай эле актануу жетпей жаткан. Өзүмдү кыйнап эле эч бир башка суроо бербей туруп кайра сага ишенип алдым. Азыр канча жылдар өткөндөн кийин мен дапдаана эле айта алам. Гримёркадан чыккан кыздын үнү сеники эле болчу. Сенин үнүңдү кантип тааныбай калайын? Керек болсо режиссёрдун сенин ысымыңды атаганын деле уккам. Бирок жаман түш сыңар эле унутуп салууну, жок, унутууну эмес, жөн гана сенин жаныңда калууну катуу каалагам. Ошондуктан сенин сөзүңө ишенип өзүмдү-өзүм алдагам.

Бири-бирибизди кечириштик. Кайра эркелештик. Өбүштүк. “Репетиция бүтө элек. Эртең жолугабыз” деп бетимден чоп эттире өөп кетип калдың.


ххх

Ошол сени менен кайра жарашкан күнү өзүмчө эле элеп-желеп болуп жүргөм. Кубанычым коюнума батпайт. Досторго жолугуп аркы-беркини сүйлөшүп отурганча кеч кирди. Үйүмө сен жашаган районду аралай өтүүнү туура көрдүм. Кийин биротоло жолуга кетейинчи деген чечимге келип, чалсам албайсың. Жүрөгүм жамандык сезгендей бат-бат согуп дем жетпей кетти. Экинчи жолку чалууда алдың.

– Жози, мен сага баратам.

– А эмнеге?

– Жөн эле сагынып кеттим.

– Мен чарчап келдим эле... Эртең жолуксакчы?

– Суранам, жаным. Сагындым...

– Мейли, канчадан кийин келесиң?

– Билбейм.

– Мейли, келгенде чаласың да...

Сен ойлогондон эрте келип алыпмын. Ушул күндү кайра-кайра эле эстей берем. Сен баягы Эрланың жиберген сүрөттөрдөгү жол тандабастан кумар жыттанып түшө калгансың. Кызганычтан кулагымдан буу чыгып кетейин деген. “Ким ал? Ким ал?” ушинтип кыйкыргам. А сен ыйлап алгансың. “Кереги жок, Мурат, кереги жок”.

– Эмне ыйлап жатасың? Сага бир нерсе дедиби?

– Жок, сен мен тууралуу эмне ойлоп калдың? Мен акылсыз...

– Ким ал?

– Ал Шумкар байке.

– Эмне?!

– Мурат, мени кечирчи. Мен мындай болот деп ойлогон эмесмин.

– Түшүнбөдүм?

– Мен ал киши минтет деп ойлогон эмесмин. Ал бир-эки жолу “талантыңды баалайм” деп белек берген болчу. А бүгүн болсо...

– Эмне бүгүн?

– Бүгүн сүйүп калганын айтты. Улуу эле киши, балдары бар. Эмнеге антет? Жигитим бар десем...

Ыйлап, кечирим сурап жатсаң эрип калбадымбы. Билесиңби, Жози, сенин чыныгы актрисалык талантың, тилекке каршы, сахнадан эмес, тескерисинче, жөнөкөй турмушта, болгондо да ыңгайсыз абалдан чыгуу керек болгон учурда ушунчалык дапдаана байкалат десең. Жок, сахнадагы аткаруучулук чеберчилигиң анча деле эмес, а чыныгы жашоодо көз жазгырган талантыңа суктангандан башка арга таппайсың.

Сени бекем боорума кыстым. Баарын аңдап-билип эле турам. Бирок ошол жерден чечим кабыл алгам. Мен буга үйлөнөм, бул меники гана болот. Бардыгына көз жумуп туруп үйлөнөм! Жашоомдогу эң туура эмес, мени азапка салчу чечимим ушул болгон. А бирок ал кезде мен минтип ойлонгон эмесмин. Тескерисинче, далай адам ашык болгон кызды мен менчиктеп алам, жубай кылып алам деп өзүмдүн акылыма өзүм сыймыктанган болчумун. Кем акыл...

Көрсө, кызыктын баары ошондо башталып жатыптыр да...



ххх

Урматтуу окурман, айтылуу актриса айым Жозефинанын күйөөсүнүн күндөлүгүнүн жарыяланып баштаганына аз эле убакыт болду. Ар кандай пикирлер айтылып жатат. Мына ошондой пикирлер Жозефина айымга катуу тийгенби, айтор, ал редакцияга келип мени менен бир аз “маданияттуу” түрдө сүйлөшүп кетти. Андыктан ушул жерден сиздерди күндөлүктүн жүрүшүнөн бир аз алыстоого аргасыз кылганы турам. Бул кадам үчүн бардыгыңыздардан кечирим сурайм. Күндөлүк сөзсүз уланат. Ооба, уланат. Болгону окурмандын көңүлүн буруп, Жозефина айымга жооп берүүгө аргасыз болдум.

Адегенде Жозефина айымдын редакцияга келип кеткени боюнча... Чынында актриса айымды бир күнү келип калат деген божомол бар болчу. Болгондо да толтура таарынычы менен келет деп ойлоп жаткам. Ойлогондой эле болду.

– Сиздер эмнеге мен тууралуу жазып жатасыздар?- Жозефина айым кире элек жатып ушундай суроо берди. Бирок жооп берүүгө мүмкүнчүлүк бербеди. Бир сыйра кыйкырып, ызы-чуу салып, “сени менен башкача сүйлөшөм” жана башка бир катар сөгүнгөн сөздөрдү айтып, эшикти тарс жаап чыгып кетти. Сөзгө келген жок...

Андыктан кайрадан эле жазуу түрүндө Жозефина айымга кайрылууну эп көрдүм.

– Урматтуу Жозефина, биринчиден биз сиз тууралуу жазганыбыз жок. Биздин редакцияга сиздин күйөөңүздүн күндөлүгү келип түштү.

Ооба, ал күндөлүктө Мурат мырза экөөңүздөрдүн ортоңордо болгон жана башка толтура элге белгисиз учурлар бар экен. Редакция ал күндөлүктү окурманга кызыктуу болот деп тапты жана жарыялап жатат. Келип түшкөн каттарга, ошол эле күндөлүктүн мазмунуна автор өзү жоопкер. А күндөлүктүн автору болсо, сиздин мурунку күйөөңүз экенин эскерте кетейин. Биз эмес. Демек, бардык суроолорду күйөөңүзгө бергениңиз туура болот.

Баса, ал күндөлүк мындан ары да жарыялана бермекчи. Сизге муну өткөндө келип кыйкырып жатканыңызда айткам. Бирок укпай койдуңуз. Дагы бир жолу айтам, күндөлүк мындан ары да жарыяланат.

P.S. Урматтуу окурман, келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз. Келерки сандардан тарта күндөлүктү жарыялоону улантарыбызды эскертебиз...

Урматтуу окурман, авторлордун талабы менен жарыяланып жаткан сериалдар мындан ары "Супер-Инфо" гезити аркылуу гана уланып, 2019-жылдын 2-январынан тарта SUPER.KG порталына жарыяланбай турганын эскертебиз.



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(62)
04.01.2019. 22:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
24-06-2016
Соӊку аракети:
12-01-2019 22:11
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да чет олкодомун кантип окуйм эми. Сериалдар учун кирчумун
04.01.2019. 22:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
22-11-2012
Соӊку аракети:
20-01-2019 19:44
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен ушул сериалдар үчүн эле кирем тем более алыстамын. Супер кг эгер чет мамлекетте гезит жок болсо кантебиз?
04.01.2019. 23:30 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
20-12-2018
Соӊку аракети:
18-01-2019 10:32
Жынысы:
Белгисиз
0
Aдмин мага купуя кат жонотуп койунчу
06.01.2019. 13:12 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
260
Катталган:
12-05-2014
Соӊку аракети:
20-01-2019 20:03
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы? Купуя кат менен жооп берилди.
Модератор admin_kinozal түзөттү 2019-01-06 13:13:10
10.01.2019. 17:26 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
09-01-2019
Соӊку аракети:
20-01-2019 03:22
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_kinozal,админ сураныч сериалдарды еми кантип окуйбуз чет жакта жашагандар бир жолдору барбы?
07.01.2019. 13:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
04-01-2015
Соӊку аракети:
18-01-2019 14:27
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле алыстагыларды да эске алсаңар болмок. Окурмандарды нааразы кылбай...сураныч, мага да жеке куржундан жөнөтүп кое аласыңарбы?
Биз көпчүлүк окуйбуз бул сериалды. Өтүнүчүбүздү кабыл алып, окурмандарды сыйлайт деп үмүт кылабыз админ!
07.01.2019. 15:12 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
706
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
20-01-2019 13:12
Жынысы:
Белгисиз
0
Kenai, BLATNOI, airusa, originalkgz96, advokat.nur, advokat.nur, Ulanaibekov, саламатсыздарбы!
Купуя аркылуу жооп берилди.
20.01.2019. 00:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
09-12-2011
Соӊку аракети:
20-01-2019 00:41
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_portal,Админ мага да жиберип коюнуздарчы сураныч.Чет жактамын кантип окусак болот
07.01.2019. 18:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
12-12-2017
Соӊку аракети:
20-01-2019 22:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
KG.
0
Гезит сатып албагандар, алыс жактагылар кантип окуйбуз Сериалды, бул жагы кызык гооо...
Админ жооп бериниз???!!!
08.01.2019. 13:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
12-01-2015
Соӊку аракети:
20-01-2019 18:48
Жынысы:
Белгисиз
0
саламатсыздарбы! мага да купуя кат аркылуу жонотуп коюнуздарчы сураныч?!
08.01.2019. 13:10 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
706
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
20-01-2019 13:12
Жынысы:
Белгисиз
0
jamal1957, Dina.janym, саламатсыздарбы! Сиздерге да купуя аркылуу жооп берилди.
08.01.2019. 13:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
07-08-2018
Соӊку аракети:
19-01-2019 20:47
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага да жөнөтүп койгулачы сураныч
08.01.2019. 13:45 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
01-01-2019
Соӊку аракети:
18-01-2019 19:17
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсызбы админ магада Жозефинаны купуя кат аркылуу жонотунузчу суранам
08.01.2019. 14:17 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
706
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
20-01-2019 13:12
Жынысы:
Белгисиз
+1
УРМАТТУУ КОЛДОНУУЧУЛАР! Жарыяланып жаткан сериалдар АВТОРЛОРДУН ТАЛАБЫ менен мындан ары "Супер-Инфо" гезити аркылуу гана уланып, SUPER.KG порталына жарыяланбай турганын эскертебиз.
08.01.2019. 14:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
158
Катталган:
29-06-2016
Соӊку аракети:
20-01-2019 21:34
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсызбы админ мага да Жозефинаны купуя кат аркылуу жонотунузчу суранам
08.01.2019. 16:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
04-05-2013
Соӊку аракети:
20-01-2019 16:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Мен туулган жер!
0
admin-media мага дагы жоноткуло эми
08.01.2019. 18:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
17-01-2018
Соӊку аракети:
20-01-2019 21:42
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ магада жонотуп коюнуздарчы КР да эмеспи
08.01.2019. 21:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
06-07-2017
Соӊку аракети:
18-01-2019 08:06
Жынысы:
Белгисиз
0
1 жума кутуп эми кирсем жок. Мага дагы купуя кылып жонотуп койгулачы, сураныч. Чет жерде журсом кантип окуйм.
08.01.2019. 21:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
06-07-2017
Соӊку аракети:
18-01-2019 08:06
Жынысы:
Белгисиз
0
Сураныч жонотуп койгулачы
08.01.2019. 22:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
18-10-2016
Соӊку аракети:
20-01-2019 21:42
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да сайтка сериалдвр учун кирчим эле. Кызыксыз болуп калат экен. Мага да купуя кат жибергилечи
08.01.2019. 22:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
05-03-2017
Соӊку аракети:
20-01-2019 00:06
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да сериал учун кирчумунда, ушул сериалдарды бутуруп анан чыгарбай койсонор болмок. Эми кантип окуйбуз? Бул жакта газетаны сатса Бир жон.
09.01.2019. 01:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
06-07-2017
Соӊку аракети:
18-01-2019 08:06
Жынысы:
Белгисиз
0
Купуя кат кутом
10.01.2019. 12:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
04-11-2016
Соӊку аракети:
19-01-2019 21:14
Жынысы:
Белгисиз
0
jazgul31,мен дагы
09.01.2019. 10:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
03-07-2012
Соӊку аракети:
09-01-2019 10:53
Жынысы:
Белгисиз
0
мен ушул сериал учун эле кирем сайтыныздарга
09.01.2019. 18:41 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
08-01-2019
Соӊку аракети:
17-01-2019 13:02
Жынысы:
Белгисиз
+1
Salam admin.maqa jiberip koespu?chet jerdemin qezit ala albaim.
10.01.2019. 01:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
18-07-2018
Соӊку аракети:
18-01-2019 01:50
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ купуя катты кайдан окуйм, урушпай түшүндүрүп берип койгулачы... Рахмат
10.01.2019. 02:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
17-02-2016
Соӊку аракети:
17-01-2019 17:56
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсынарбы админ купуя каты магада жонотуп койчу 2серялды сураныч
10.01.2019. 15:06 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
706
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
20-01-2019 13:12
Жынысы:
Белгисиз
0
Купуя катта: "Урматтуу окурман! Жарыяланып жаткан сериалдар АВТОРЛОРДУН ТАЛАБЫ менен мындан ары "Супер-Инфо" гезити аркылуу гана уланып, SUPER.KG порталына жарыяланбай турганын эскертебиз. Чет жактан порталга кирген окурмандарга кантип окууга мүмкүн болорун кабарлайбыз" деп жазылган.
12.01.2019. 03:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
02-07-2013
Соӊку аракети:
18-01-2019 15:25
Жынысы:
Белгисиз
0
Мураттай жолдошум болгондо эхх сонун куйоо кылып алмакмын. Эмнеге бизге Мураттай куйоолор не попадаются ?? Мурат ошол актрисага уйлонгондо эле суктанганмын актрисага. Кандай бактылуу? Актрисанын багы ачылды деп, бирок Мураттай эрдин баркын билген жок актриса. Акча азгырыктарга азгырылды. Кызык Мурат азыр бироону тапты бекен?!
14.01.2019. 15:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
25-01-2016
Соӊку аракети:
19-01-2019 20:51
Жынысы:
Белгисиз
+2
чыдамсыздык менен кутуп атам
19.01.2019. 14:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
25-07-2016
Соӊку аракети:
20-01-2019 21:52
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ,купуя кат кутом
19.01.2019. 16:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
04-11-2016
Соӊку аракети:
19-01-2019 21:14
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантип окуйбуз эми админ купуя кат кутобуз
20.01.2019. 00:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
09-12-2011
Соӊку аракети:
20-01-2019 00:41
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жибергилечи
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 1 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 1) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21724;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: