БАЛА КЕЗДЕГИ БАЛАТЫ

Жыл соңунда белегин артынып, таягын таянып, Аяз кызын ээрчитип кирип келген Аяз атаны баарыбыз билебиз. Бала кезде аны мектептен да күтүп, коён, түлкү, көпөлөк, аюу болуп балатыны айланып ырдаганыбыз эсибизде. Шоу-бизнес өкүлдөрү бала кезде балатыны кандай тосушкан?

ГҮЛНУР АСАНОВА: “ЖЫЛ САЙЫН АЯЗ КЫЗ БОЛЧУМУН”

– Жаңы жылды аябай күтөр элем, анткени жыл сайын Аяз кыз болуп балдарга белек таратканды жакшы көрчүмүн. Кийимдеримди апам тигип берчү, менин милдетим ыр жаттоо эле. Аяз кыздын кийими оңой даярдалганы менен, Аяз атанын сакалын окшоштура албай кыйналганыбыз эсимде. Пахтадан жасасак ал билинип калат же үзүлүп калып эле жүдөй берчүбүз. Анан апам эчкинин терисинен жасап берген. Ал сакал көпкө жетти. Мектептин сүрөтчүсү элем да, Жаңы жылга жакындаганда дубал гезитин чыгарчумун. Балатынын оюнчуктарын талкалап, айнектерин чаптап анын бетин кооздочубуз.

ЖАНЕТА БАЯЛИЕВА: “АЯЗ АТАЛАРДЫН КУЛАГЫН ЭЛЕ КАРАЙ БЕРЧҮМҮН”

– Мен бала кезде кызыл топучан кыз (красная шапочка) болгонду жакшы көрчүмүн. Сүрөттөгү көйнөктү таежем тигип берген. Апам пирожки бышырып, себетке салып берчү. Себетимди көтөрүп балдар менен балатыны айланып жатканда жыгылып, пирожкилерим чачылып ыйлаганым эсимде. Аяз атага катуу ишенчү элем. Бир жолу Аяз атанын кулагынан сөйкө көрүп калгам. Ошондон кийин Аяз аталардын кулагын эле карай берчүмүн.

АЙНУРА САЛАХИДИНОВА: “КАР ХАНЫШАСЫНАН КОРКЧУМУН”

– Жаңы жылда дайыма кооз көйнөк кийчүмүн. Көйнөгүмдү апам кооздоп берчү. Жаңы жылды "чыныгы Аяз ата келет" деген ишенич менен күтчүмүн. Кат жазып балатынын түбүнө катып коюп, аны кар ханышасы келип уурдап кетпесин деп түнү менен кайтарчумун. Эмнегедир кар ханышасынан аябай коркчумун. Эртең менен турсам, катта жазылган белектер жаздыгымдын алдында болуп калчу.

Үйдөгү балаты ийнелери күбүлүп калгыча, жазга чейин турчу. Апам алам десе, ыйлап алдырчу эмеспиз. Ошондо планды аткарып койгон окшойм. Азыр үйдө балаты кооздобойм.

КАНЫКЕЙ: “АПАМ СҮРӨТКӨ ТҮШПӨ ДЕСЕ БОЛБОЙ ТҮШКӨМ”

– Алты жашымда бала-бакчага өзүм барып калгам, анткени үйүбүздүн жанында эле. Жаңы жылдык балаты боло турган күнү апам “Каныкей, сүрөткө түшпө, ага акча төлөш керек” деп кетирген. Макул деп жакшы эле баргам. Сүрөтчү “ким сүрөткө түшөт?” десе, апамдын сөзүн унутуп “мен” деп элден биринчи түшүп алыптырмын. Кийин сүрөтчү ушул сүрөттү үйгө алып келсе, апам экөөбүз тең чочуп кетиптирбиз.

БАКЫТ БАЙСАРИЕВ: “МАГА АТА-ЭНЕМДИН ЖУМУШУНДАГЫ ЖАҢЫ ЖЫЛ ЖАКЧУ”

– Мен борбордо окудум. Жаңы жылдык балаты 5-класска чейин болду. Бир каармандын кийимин кийип, ыр жаттап, Аяз атадан белек алчубуз. Бир жолу 3 бала тең карышкырдын кийимин кийип барып, үчөөбүздүн тең маанайыбыз түшкөн. 5-класстан тарта дискотека болчу. Бирок мага ата-энемдин жумушунда уюштурулган Жаңы жылдык кече жакчу. Анкени ал жактан көп белек алчубуз.

НЕЛЯ: “БАЛАТЫНЫН ОЮНЧУКТАРЫН ТАЛКАЛАП, АЙНЕКТЕРИН КӨЙНӨГҮМӨ ЧАПТАЧУБУЗ”

– Мен Бишкектеги №39 мектепте окугам. Ал кезде азыркыдай көйнөктүн түрлөрү жок эле. Апам атайын көйнөк тиктирип, балатынын оюнчуктарын талкалап айнектерин желим менен көйнөккө чаптачу. Бала кезде коён, карышкыр, түлкү сыяктуу жаныбар болгон жокмун. Башынан эле көйнөккө жакын болчумун. Ал кездеги ар бир Жаңы жыл эсимден кетпейт. Азыр эмнегедир ошондогудай шаңды балдардан сезбейм же алар Аяз атага ишенишпейби, билбейм.

САМАТ ЭРКИНБЕКОВ: “БАЛАТЫГА БАЙКЕМДИН КИЙИМИН КИЙЧҮМҮН”

– Жаңы жылдык балатыга менден улуу байкем кандай кийинип барса, 1 жылдан кийин ошол кийимди кийип барчумун. Чоң болсо, да кичинекей болсо да ошону кийишим керек эле. 1-класстан эле Аяз ата жок экенин билип алгам. Бир жолу Амантай деген классташым “Аяз ата чын эмес экен, боёнуп алыптыр” деп айтып берген. Мугалим: “Баладай болуп жүрсөңөр, Аяз ата бар. Ал жок болсо белекти силерге ким алып келип жатат?!” деп урушкан. Анда мен “белекке акчаны ата-энелерибиз чогулткан” деп айтып салгам. Үйдөгүлөрдүн “Саматтын балатысына акча бериш керек” дегендерин угуп калгам да.


Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 843, 28-декабрь - 3-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан