БИЙЛИКТИН ТЕКЕБАЕВГЕ БОШТОНДУК БЕРГИСИ КЕЛБЕЙБИ?

Коомчулукта “саясий буюртманын негизинде соттолду” деп саналган камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду боштондукка чыгарууну талап кылуу күчөдү.

22-декабрда Текебаевдин партиялаштары бүткүл республика боюнча “Ата Мекендин” лидеринин 60 жылдык юбилейин белгилеп, Бишкекте жоон топ саясатчылардын башын бириктирип иш-чара өткөрүштү. Ага катышкан көрүнүктүү саясатчылар, парламент депутаттары, коомдук ишмерлер, журналисттер учурда Текебаев дарыланып жаткан Улуттук кардиология борборуна да барып, аны куттуктап кайтышты. Бул жолугушууда Өмүрбек Текебаев эркиндикке чыгыш үчүн президенттен ырайым сурабай турганын, ансыз деле бардык эсептер боюнча жатак абагына чыгуу мөөнөтү жакындап калганын айтып, бийликке өзүнүн актыгын далилдеш үчүн күрөшөрүн эскертти. “Мен 8 жылга кесилгем, жалпы эсептегенде бул мөөнөттүн 5 жыл 2 айын отурдум. Дагы 2 айдан кийин жатак абагына чыгам. 1 жылдан кийин шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгам”,- деп билдирди.

Президенттен башкы “ата мекенчини” мөөнөтүнөн эрте боштондукка чыгарып, Дүйшөнкул Чотонов экөөнө каршы козголгон ишти соттон адилеттүү кароону камсыз кылып берүүнү талап кылуу учурунда Утурумдук өкмөттү жетектеген Роза Отунбаева жана Жогорку Кеңештеги 6 фракциянын лидерине да жетти. Алар Текебаевге ырайым кылууну суранып президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышты. Алар Текебаев башка өлкөнүн бир шылуун жаранынын көрсөтмөсү менен эле, айыбы далилденбей туруп мыйзамсыз соттолгонун азыркы бийликке дагы бир жолу эскертишти.

Бул демилгени колдогондор көп болгону менен, ырайым тандалма мүнөздө суралбашы керектигин, камактагы Текебаевден башка саясатчыларга да суралышы керектигин айткандар болууда. Мисалы, коомчулук Садыр Жапаров, Бектур Асанов, Бекболот Талгарбеков өңдүү саясатчылар да саясий негизде соттолгондор деп эсептейт.

Көпчүлүк президенттен кандай реакция болорун күтүп турган учур. Бирок президенттик аппараттын ырын ырдап келе жаткан Вести өңдүү сайттар Отунбаеванын кайрылуусу абсурд” деп жаза башташты. Мындай макаланы кептин төркүнүн түшүнүп тургандар президент жана анын аппаратынын тымызын жообу катары кабыл алышты.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 843, 28-декабрь - 3-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан