Парламент депутаты Дастан Бекешев биздин ишке кийлигишип жатат деп президенттик аппаратты сындап чыкты.
Бекешев 10 өлкөнүн жарандарына визасыз режим киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш жыйынынын күн тартибине киргизүүнү сунуштады. Бирок сунуш күн тартибине киргизилген жок. Өкмөттүн парламенттеги өкүлдөрү “долбоорго 2-окууда өзгөрүүлөр киргени үчүн өкмөт документти кайра карап чыгышы керек” дешти. Бекешев мындай тоскоолдуктун жаралышына президенттик аппаратты айыптады. “Бул долбоорду күн тартибине киргизүүгө Жогорку Кеңештин аппараты даяр. Президенттик аппарат бул жерде “материал даяр эмес” дегени туура эмес. Кайсы документтерди кароого сунуштаса болот же болбойт деп агитация кылганды токтотсун. Тилекке каршы, дагы эле ушундай учурлар болуп жатат”,- деди Бекешев.
Депутат Бразилия, Аргентина, Кипр өңдүү 10 өлкөнүн жарандарынын Кыргыз жеринде визасыз 60 күн жүрүүсүнө уруксат берүүнү сунуштап жатат. Мыйзам долбоору ушул аптада парламенттин тийиштүү комитетинде 2-окууда каралып, жактырылган.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg