ЭКИ ЖҮРӨК, БИР СҮЙҮҮ

(Сексопатолог Күлчоро Аскаровдун китебинен)

Күлчоро мырза кыргыз элине секс маданияты түшүнүгүн киргизген алгачкы адам эле. Жубайлар ортосундагы мамиле төшөк маселесине көз каранды экендигин да алгачкылардан айтып чыккан ушул адам болгон. Артында калган «Эки жүрөк, бир сүйүү» китеби жаштардын да, улуулардын да таберик туткан китеби болуп келет.

(Башталышы өткөн саныбызда)

Жыныстык жагынан шал эркектер
Ошентип, эркек бел суусунун түшөрүнө жакын калганда “алигисин” ушалоону токтотуп, эс алат. “Аспабы” жаткандан кийин ушалоону кайра баштайт. Ушинтип күнүнө 1-2 жолу бел суусун түшүрбөй машыгуусу кажет. Эркек эрктүү болуп, “аспабын” улам тургузуп, кайра жаткызып, бел сууну түшүрбөй ушалоону 15 мүнөткө дейре жеткизиши зарыл. Андан ары машыгып отуруп, бел сууну түшүрбөөнү 30 мүнөткө чейин жеткизиши керек. Анан 45 мүнөткө жеткенде гана токтотуу кажет.
2-тепкич. Эркек колун вазелин, крем же күн караманын майы менен шыбап, аябай жылмакай кылып туруп, “аспабын” ушалай баштайт. Минткенде бел сууну түшүрбөй машыгуу эркекке эки эсеге кыйынга турат. Антсе да эрктүү болуп, бел сууну түшүрбөй 15 мүнөттөн 3 жолу кайталап, 45 мүнөткө жеткизүү керек.
3-тепкич. Эми эркектин “аспабын” ушалоого аялы катышат. Эгер эркек бойдок болсо, көңүлүнө жаккан аял жардам бере алат. Эркек чалкасынан жатып, көзүн жуумп, денесин жана булчуңдарын бош коёт. Көңүлүнүн баарын “аспабынын” жагымдуу дүүлүгүп, козголушуна бурат. Аял колу менен тигинин “аспабын” ушалайт. Мурдагыдай эле улам тургузуп, кайра жаткызып, бел сууну түшүрбөй 15 мүнөттөн катары менен 3 жолу жасап, 45 мүнөткө жеткизет.
4-тепкич. Эми аял колун жогоруда айтып кеткендей крем же май менен жылмакайлатып алып, 15 мүнөттөн 3 ирет кайталап, 45 мүнөткө жеткизет.
5-тепкич. Эркек бел суусун түшүрбөөгө машыгып бүттү дейли. Эми күйөөсү бүт денесин бош коюп, чалкасынан жатат. Аял күйөөсүнүн үстүнө чыгып, анын “аспабын” өзүнүн жан жерине киргизет. Анан акырындык менен ыйкай баштайт. Күйөөсү бел суусу түшөйүн деп калганда аялына токтот дегендей белги берет. Аялы ыйкоону токтотот. Эркектин дүүлүгүүсү азайганда аялы ыйкоону кайра баштайт. Ушинтип күйөөсүнүн бел суусун түшүрбөй, аялы 3 ирет кайталап, 45 мүнөткө дейре жеткизет.
6-тепкич. Эркек эми жыныстык катнашты ар кандай ыкмада (мисалы, капталынан, аялды үстүнө чыгарып, аялды артынан түйүп) жасап, машыгат. Андан кийин гана “эркек үстүндө” ыкмасына өтөт. Себеби, эркек жогоркудай машыгуудан өтпөсө, бел суусу дале бат түшүп кала берет.
Жогорудагы машыгуулардан өткөндөн кийин “эркек үстүндө” ыкмасына өтсө болот. Бул ыкманын бир жакшы жери эркек ыйкоону каалагандай тездетип же акырындатып же жарым-жартылай же түбүнө чейин киргизип, жүз түрлөнтүп жасай алат. Аялды дене кумарына кандырат. Аялдын магдырап жыргалга батканын көргөн эркектин көңүлү эргип, денеси алоолонуп, бакытка чалкыйт. Бул аял менен эркектин кайталангыс сүйүүсүнүн жана дене кумарынын жыргалынын кошул-ташыл болгон мүнөттөрү болуп калат. Муну махабатка малынып, жүрөктөрүндө сүйүү түнөгөн эркектер менен аялдар гана түшүнө алышат.
Мындай сонун рахаттуу абалга жетүү үчүн адамдын акыл-эстүүлүгү, сергектиги, сексуалдык маданияты керектелет. Жогорку машыгуулар 2 же 2,5 айга же 1 жылга дейре созулат.

(Уландысы кийинки саныбызда)

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 401, 9-15-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан