Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка келген соң активдешип кеткен саясат таануучу Алмазбек Акматалиев президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. 59 жаштагы Алмазбек Акматалиев бул академияны 2010-2012-жылдары да жетектеген. Ал акыркы бир жылда ЖМКларда да, социалдык тармактарда да азыркы бийликти мактап, анын ишине оң баа берип жүргөн эксперттердин бири.
Буга чейин аталган окуу жайды Алмаз Насыров жетектеп келген.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg