Жыл сайын 9-классты аяктагандардын 35 ПАЙЫЗЫ мектепте окууну улантышпайт.
Өлкөдө таза суу менен камсыздала элек 600дөй АЙЫЛ бар.
Финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы ГУЛАМЖАН АНАРБАЕВге сөгүш жарыяланды.
Коррупцияга айыпталган Бишкектин Свердлов райондук сотунун мурдагы төрайымы ЭЛВИРА ЖАРКЕЕВА камакка алынды.
Жогорку Кеңештин депутаты Музаффар Исаков өз арызы менен МАНДАТТАН БАШ ТАРТТЫ. Ал буга чейин коррупцияга айыпталып жаткан.
УКМК: "Кытай жарандарына карата КАСТЫКТЫ КОЗУТКАН билдирүүлөрдү тараткандар кармалды".
Ош шаарында 3 бала ИТКЕ ТАЛАНЫП, ооруканага жаткырылды.
Орусияда курулушта иштеп жаткан Кыргыз жаранынын үстүнө БЕТОН ПЛИТА КУЛАП түшүп, ал каза болду.
КСДП фракциясынын депутаты АИДА КАСЫМАЛИЕВА вице-спикер болуп шайланды.
Жаңы жылга карата Бишкекте “Тез жардам” кызматы КҮЧӨТҮЛГӨН ТАРТИПТЕ иштөөгө өтөт.
Кеминде 11-класстын окуучусу СУУГА ЧӨГҮП каза болду.
2019-жылдын 1-январынан тарта жаңы кодекстер күчүнө киргенине байланыштуу АБАКТАН 270 АДАМ эркиндикке чыгат. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.
Быйыл мектеп окуучуларынын КЫШКЫ КАНИКУЛУ 28-декабрдан 14-январга чейин созулат.
ИИМдин маалыматына таянсак, өлкөдө 11 айда 5798 ЖОЛ КЫРСЫГЫ катталып, 600дөн ашык адам каза тапты.
Бишкекте Мамлекеттик тарых музейин оңдоодо 118 МИЛЛИОН СОМдон ашык акча мыйзамсыз коротулганын Башкы прокуратура билдирди.
Расмий маалыматка таянсак, өлкөдө 425 МИҢден ашык адам мамлекеттик жөлөк пул алууда.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.