2018-ЖЫЛЫ КЫРГЫЗ ШОУ-БИЗНЕСИ ЭМНЕ МЕНЕН ЭСТЕ КАЛДЫ? Анжелика ажырашты, Нурлан бактысын Аселден тапты
2018-жыл шоу, маданият өкүлдөрү үчүн кайгылуу да, кубанычтуу да жыл болду. 2017-жылы Кыргыз Республикасынын «Эмгек сиңирген артисти» наамы адилетсиз берилди деп нааразы болгондор чыкты эле. Быйыл «ушулар алса болмок» деп аты аталгандардын айрымдары Токтобек Асаналиев, Шахрезада Аскарова, Салима Балтаева, Азиз Мурадиллаев, Марат Жанталиев, Айбек Карымов, Тургуналы Нурматов, Абдылда Иманкулов, Таалайкан Абазовалар наамга жетишти. Ошондой эле Ит жылы жылдыздар үчүн ийгиликтүү болду. Алсак, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков масштабдуу, элди жандуу музыкага сугарган жеке концертин өткөрсө, чыгармачылыкка жаңы аттанган Ишен Назаров "Апакем" деген ыры менен элдин жүрөгүнөн түнөк таап, "Супердин тандоосунан" эки наамды багындырды. Төмөндө өткөн жылы эсте калган урунттуу окуяларга саресеп салдык.
УРАГАН ҮМҮТТӨР...
2018-жыл Ит жылы босогодон аттаары менен шоу чөйрөсүндө уу-дуу болуп жатып калды. Кыргыз эстрада ырчысы, үлгүлүү айым Анжеликанын үй-бүлөсүнө жарака кетти. Инстаграмда Антифанат деген баракча пайда болуп, Анжеликаны Марат аттуу мырза менен Балиде Жаңы жыл тосконун, ырчы айым бир үй-бүлөнү бузганын жазып чыккан. Бул чуунун аягы басылганча Анжелика ажырашуу тууралуу арызын жазганын айтып, талкууга май тамызды. 2-апрелде ырчы айым жолдошу Урмат Бекболиев менен расмий түрдө ажырашканын жар салды.
Андан көп узабай бир жыл мурун күркүрөтө той берип, Алия аттуу айымга үйлөнүп, кыздуу болгон шоумен Бакыт Байсариев агынан жарылып, жубайы менен ажырашканын айтты. «Жубайым алмаз, иштеп чыкса бриллиант болот» деген Бакыт мырза кыска аралыкта ал оюнан кайтып, «менин ордумда кайсы эркек болбосун ошону кылмак» деп турмуштан
адашканын моюнуна алды.
«Ээнсиреген үй» тасмасында кыз-жигиттин ролун жаратып, андан ары жашоодо түгөйлөргө айланган Атай Өмүрбеков менен Марал Койчукараеваны да ажырашыптыр деген күбүр-шыбырлар чыккан. "Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт" демекчи, кийинчерээк Атай Өмүрбеков уулу атасыз өсүп жатканын жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине ачыктады.
«Гаишниктер», «Уурунун махабаты», «Шаардык келин Шарапат» тасмаларында роль жараткан актриса, ырчы Алиша Диа 8 жыл сүйлөшүп жүргөн жигитине турмушка чыгып, тилекке каршы, түгөйлөр 11 күн жашаган соң эки ажырым жолго кетишти. Себебин актриса тил табыша албай калдык деп түшүндүрдү.
Жыл аягында 9 жыл бирге түтүн булаткан, эл бири-бирине төп келишкен мыкты түгөйлөр катары кабыл алган «Азия MIX» командасынын капитаны Эльдияр Кененсаровдун жубайы Камила Абдил менен ажырашканы да күтүлбөгөн кабар болду. Бул тууралуу алгач Камила Абдил Инстаграм баракчасына жазып, бир жыл мурун мындай чечимге келгенин бөлүштү.

ТОЙЛОР ТОЙГО УЛАНДЫ
2018-жылдагы жакшылыктарды
Айпери Кубик кызы ачып берип, Баткен жергесине келин болгонун ачыктады. Андан кийинки кезек жылдын тоюна келди. 2018-жыл учурдун популярдуу ырчылары, «миллионерлер»
Нурлан Насип менен
Асел Кадырбекованын баш кошуусу менен эсте калды. Илгери байдын кызын 40 күндөп узатчу эле, заманбап жашоодо ага жетпесе да, март айында Нурлан Аселдин туулган күнүндө колун сураса, андан кийин кыз узатуу, үлпөт той болуп майга чейин созулуп, элдин оозунан түшпөй калышты. Албетте, колуктунун 275 миң сомдук үлпөт көйнөгү да талкууга чоң салымын кошту. Андан соң ырчы
Кундуз Канатбек кызы, актриса
Рахат Аксултанова турмушка чыгып, ырчылар
Арсен, Курал Чокоев, Арман, Баястан, шоумен
Нурсултан Курсанали уулу, «Жебе» тобунун ырчысы
Минур Алтынбеков, футболчу
Азамат Байматовдор сүйүктүүлөрүнө баш кошконуна күбө болдук. Бул жылдын дагы бир кубанычтуу кабары
Айжамал Кабылованын араздашып жүргөн жолдошу менен кайра табышканы болду.
КЫРГЫЗ КИНОСУНУН ТАШЫ ӨЙДӨ КУЛАДЫ
Быйыл кыргыз тасмалары чоң ийгиликтерди багындырды. Эң оболу Темир Бирназаров режиссёрдук кылган «Түнкү кырсык» тасмасына токтололу. Аталган тасма Эстониянын Таллин шаарында өткөн «А» классындагы эң беделдүү «Караңгы түндөр» эл аралык кинофестивалынан баш байгени багындырып, кыргыз киносунун тарыхында калды. Бул тасма башкы каармандын ролун жараткан Кыргыз Республикасынын Эл артисти Акылбек Абдыкалыковго да 4 жолу эл аралык сыйлык алып берди.
Режиссёр Таалайбек Кулмендеевдин дебюттук «Мунабия» тасмасы Орусиянын Анапа шаарында өткөн эл аралык «Киношок» фестивалында баш байгени багындырды.
ОРДУ ТОЛГУС ЖОГОТУУЛАР
Бул жыл, тилекке каршы, маданият чөйрөсү чоң жоготууларга учурады. 59 жаш курагында Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министри
Султан Жумагулов, кайталангыс талант, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, актёр
Ашырбек Чокубаев, Кыргыз Республикасынын Маданиятына Эмгек сиңирген ишмер, телеалпаруучу
Салтанат Саматова көп жылдар бою рак илдети менен алышып, акыры акка моюн сунушту. Ошондой эле көптөн бери жүрөк оорусу менен алпурушуп келген Кыргыз Республикасынын Эл артисти
Дүйшөнбек Байдөбөтов жүрөк оорусунан каза тапса, заманыбыздын залкар комузчусу, «Эрке сары» сыяктуу далай күүлөрдү жараткан композитор
Руслан Жумабаев мезгилсиз дүйнө салды.
ХАЙПТЫН АТАСЫН ТААНЫТКАНДАР
«Атың чыкпаса жер өрттө» деген макал менен атын тааныткандар бул жылы көбөйдү. Быйылкы «жер өрттөгүчтөр» Гүлзат Мамытбек, Чыпалак баатыр каймана аты менен таанылган Зарылбек Аликенов жана Зере Асылбек болушту. Алгач Гүлзат Мамытбек «тур, турагой, кыргызым» деп элдин баарын ойготуп атын чыгарды. Андан кийин «баарын чыпалагым менен көтөрүп салам» деген Чыпалак баатыр хайп жаратты. Шоу бир дым боло түшкөндө Зере аттуу ырчы айымдын «Кыз» деген ыры жана ага тарткан клиби талкууга түштү. Кыздарга «бирөөнүн ою менен болбой, өзүң каалагандай жаша» деген кеңешин айткан Зеренин белгилүү болуу планы ишке ашканы менен, «башыңды кесип кетем» деп коркуткандар да чыкты.
МУРАСКЕРЛЕР КӨБӨЙДҮ
Ырчылар Абир Касенов, Байыш Момунов, Турдакун Ниязалиев, Жеңиш Айтиев, Назира Токонова, Гүлзада Рыскулова, Илима Дүйшөналиева, Айгерим Расул кызы, шоумен Манас Алыкулов, тамашоучу Калыбек Турдубаев мураскерлүү болушту. Ал эми Мирбек Атабеков, Бактыгүл Бадыева, Аксай Мукамбетов, Каныкей, Жоодарбешим, Ильяз Абдыразаков, Айнура Салахидинова кыздуу болушту.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
Супер инфо Жозефинаны чыгаргылачы сураныч!
amore92, саламатсызбы! Сизге купуя аркылуу жооп берилди.
admin_portal,сериалдарды кантип окуйбуз? Чет олкодобуз,гезит ала албайбыз
Айжамал Кабылова куйоосу менен элдешти беле?
Сураныч сериалдар жөнүндө маалымат берип койгулачы супер инфо рахмат
Ayzada_asanakunova, саламатсызбы! Купуя аркылуу жооп берилди.
Өлүмдүн үч түсүн Кыргызстандагылар гезиттен окусаңар айтып койгулачы.Элинушка түрмөдөн чыгат экенби?
Саламатсыздарбы супер инфо Урмат Бекболиевден интервю алыныздарчы сураныч.
Jyldyz16, саламатсызбы! Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
Сериалдар чыкбаса кызыксыз экен (((((((((((((
Мага да купуяга жазынызчы админ эмне учун чыкбасын
Балким чыгып калды? Балким башка жакка чыгарышты? Же мен көрбөй калдым?деп баа-ары жоктон сериалдарды издеп жүрөм ((((
2Сериалды тен чыгаргыла эми
Аябай кызыктуу жылдардан болуптур 2018 жыл.