Архив
844   845  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Курман Жолдошев, ютубер: «YouTube`дун КЫЗЫГЫ КӨК БӨРҮДӨН ДА АШАТ»

№844 4-10-январь, 2019-жыл


Замандын агымы менен акча табуунун улам жаңы багыттары пайда болот. Мисалы, сиз азыр эч жакка чыкпай эле, жылуу-жумшак диванда отуруп акча тапсаңыз болот. Кантип? Мисалы, интернет, YouTube деген бар. «Интернеттен акча тапса болот» дегенди кулагыңыз чалса керек, бирок жолун билбей жатсаңыз, анда бүгүнкү каарманыбыз, «интернет ишкери», YouTube`дун «Алтын баскычына» ээ болгон алгачкы кыргыз жигити Курман Жолдошевдин маегине назар салыңыз.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району, Ленин айылы

Туулган жылы, күнү – 1981-жыл, 8-октябрь

Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы

Учурда – Жеке ишкер, ютубер

– Саламатсызбы, Курман мырза? Сизди «интернет жиндиси» деп атаса капа болбойсузбу?

– Жок, капа деле болбойм (күлүп). Анткени менин ишим интернетке байланыштуу. Күнү-түнү.

– Бала чагыңызда интернет анча өнүгө элек эле да. Ал кезде эмнеге кызыкчусуз?

– Апам мугалим, атам дарыгер. Экөө тең айылда. Интеллигенттердин үй-бүлөсүндө чоңойдум десем болот. Дыйканчылыкты, мал бакканды деле жакшы түшүнбөйм. Бала чагымда китепти көп окучумун жана радио, телевизор сыяктуу бир нерселерди чукулаганды жакшы көрчүмүн. Бир нерселерди чачып, кайра курай албай калган учурлар көп болду (күлүп). Үйдө электрге байланыштуу эмнелер болсо баарын бир сыйра бузуп чыккам.

– Интернет айдыңына кызыгууңуз эмнеден улам башталды?

– Жалал-Абадда түрк лицейинде окугам. Чынын айтсам, ал жакка башында окугум келген эмес. Айылда жүрсөк «түрктөр келиптир, лицей куруп, ал жакка жакшы окуган окуучуларды алат экен» деп калышты. Ата-энем «барасыңбы?» деп сураганда «жок» дедим. Коңшу айылда ак-кара түстөгү эски компьютер бар эле. Ошону чукулап кызыгып жүрчүмүн. Анан «лицейге заманбап компьютерлер келиптир, сонун оюндар бар экен» дегенинен бардым. Лицейге өтүп окуганыма, андан ары кетүүмө компьютерге болгон кызыгуум себеп болду. Чыныгы программист эмесмин, бирок техникага кызыгуум ошол маалда ойгонду. Ал кезде компьютердеги оюндарды, Денди дегендерди ойноп жүрдүк. Кийин Түркияга финансы тармагы боюнча окууга өттүм. Ал жактан алган стипендиямдын бардыгын интернет-кафелерге коротчумун. Тамак жечү эмесмин, бирок ошол жерде түнөчүмүн. Интернет-кафелерден оюн ойногондон тышкары Mynet жана Yahoo`дон сайттарды жасаганды үйрөндүк.

– Интернеттен ийгилик качан жылмайды? Тагыраагы, качан интернет аркылуу каражат таба баштадыңыз?

– Сайттарды жаңы жасап баштаганда каражат табуу максаты жок болчу. Жөн гана хобби эле. Жаңы технологияны өздөштүрүп жүрчүбүз. Түркиядан кийин Москвага, андан кийин Кытайга барып, чоң компанияларда финансист, эксперт-менеджер, башкаруучу болуп иштеп жүрдүм. Айлыктары жакшы эле болчу. Кайра Москвага келип үйлөнүп, балалуу болгондон кийин каржылык абалды карай баштадым. Ал маалда өзүм, аялым, балам бар, дагы балалуу болосуң, андан тышкары үйдөгүлөргө акча салыш керек. Эсептеп отурсам жакшы унаа, жакшы үй ала албайт экенсиң. Ипотекага 30-40 жылга аласың, төлөп бүткүчө өзүң да карып каласың. Анан өз алдымча эмне кылсам болот деп издене баштадым. Мурда Москвадагы фирмаларга сайттарды жөн эле жасап берип жүрчү элем, кийин акчага жасай баштадым. Андан соң «пассивдүү киреше» деп коёт, орус балдардын сайттарын карап отуруп сайттардан жарнамалар аркылуу кантип акча жасаса болорун үйрөндүм.

– Мындайча айтканда, диванда отуруп эле акча табууну өздөштүрө баштадыңыз...

– Байкап көрсөм, монетизация жандырса болот экен, Google менен иштешсе болот экен. Алардан түзмө-түз жарнама алса болорун түшүнүп, тематика издей баштагам. Мисалы, финансы, медицина тармагындагы сайттарды ачып, элдерге кеңеш берчү элек. Ал кезде 100гө жакын сайтым бар болчу. Ошентип «пассивдүү кирешем» негизги айлыгымдан да көп болуп кетти.

2014-жылы Орусияда рубль 2 эсе көтөрүлдү. Интернет колдонуучулар жарнаманы 30 рублга сатып алышса, эртеси эле 60 рубль болду. Анан эч ким жарнама бербей калды, кризис башталды. Сайттарыбыз киреше алып келбей калды. Анан башка жолдорду издей баштадык. Англис тилдүү сайттар аркылуу Америкага чыгуу кыйын болду, себеби андай сайттар көп эле. Анан YouTube аркылуу Америкага чыгып кеттик.

– YouTube`дун «Алтын баскычын» алган алгачкы кыргызстандык сиз болдуңуз. Качан, кантип алдыңыз? Бул жетишкендикке кубандыңызбы?

– 2015-жылдын башында YouTube менен активдүү иштеп баштадым. Кыргызстанга келгенде чоң-чоң порталдар бар эле. Бирок контент алардыкы эмес, тагыраагы, автору өздөрү эмес, башка жактардын тасмаларын же клиптерин көрсөтүшөт, ошолорго түшкөн жарнамадан каражат табышат. Мен болсо мурда бул иш менен тааныш болгондуктан автордук эмес контенттен тажап калгам. Өз алдымча балдарга арналган автордук видеолорду жасап, YouTube каналыма жүктөй баштадым. «Алтын баскычты» көп өтпөй эле алдым.

– Кыргызстанда YouTube`дан каражат тапкан канча киши бар?

– Негизи ийгиликтүү иштеп жаткан 10 чакты студиялар бар. Андан башка 40-50 киши үйүндө эле бир компьютер менен өз алдынча иштейт.

– Сизден башка да «Алтын баскыч» алгандар барбы?

– Жакында эле Алмаз Темирбаев деген окуучум «Алтын баскыч» алды.

– Интернетке жүктөгөн видеодо канткенде миллион кароо болот? Келечектеги ютуберлерге кеңеш айта кетсеңиз.

– Биринчи, туура тематика тандоо керек. Экинчи, видеого кызыктуу тема, сүрөт жана кыска баяндоо тандоо зарыл. Анан видеонун мүнөтүн узагыраак кылган жакшы. Сүрөттөргө адамдардын жөн эле турган сүрөтүн эмес, эмоциялары билинген сүрөттөрдү койсо видео жакшы көрүлөт. Анан Кыргызстанда жарнама берүүчүлөр аз да. Ошондуктан видеолорду жок дегенде орусча тартуу керек. Тартып жаткан камера же уюлдук телефондун сапатына көп маани берилбейт. Эң негизгиси – көрөрмандардын кызыгуусун жаратуу. YouTube`да иштөө оңой көрүнгөнү менен, өтө көп иш бар. Биз керек болсо суткасына 24 саат иштейбиз. Анткени Американын көрөрмандары бизде түн киргенде ойгоно баштайт. Компьютерде отуруп аларды байкап турабыз. Диванда отурсаң да көп иштеш керек. Анализ кылганды, анан англис тилин, жок дегенде орус тилин билишиң кажет. Кыргызча контент менен айына 500-1000 доллар тапса болот. Ал үчүн мигранттар да видеону көрүшү зарыл. Орусча, казакча тамашалуу роликтерди, жашыруун камера менен тартылган видеолорду туурап кыргызча тартса болот. Негизи жашыруун камера менен тартылган видеолордун көбү атайын эле уюштурулат. Бирок көбүрөөк акча табуу үчүн англисче билүү зарыл. Андан тышкары жакында Facebook аркылуу да каражат табууга мүмкүнчүлүк болот. Андыктан ал жакка азыртадан видеолорду тартып, жүктөй баштаса жакшы.

– Азыр жаш балдардын YouTube`дан башы чыкпай калды. Арасында балдардын психикасына терс таасирин берчү видеолор да бар. Ата-энелер балдарынын психикасы бузулбашы үчүн эмне кылышы керек деп ойлойсуз?

– YouTube`да «коопсуз режим» деген жери бар. Телефондон эле ошону басып коюш керек. «Коопсуз режим» жанганда терс таасир берчү видеолор өчүрүлүп калат. YouTube`дун өзүндө соңку жылдары Америкадагы алдыңкы психологдор менен бирге комиссия түзүлүп, терс таасир берчү видеолорду тазалоо башталды. Жакында ошондой видеолор жок кылынат. Себеби көптөгөн чоң компаниялар «YouTube менен иштешпейбиз, балдар үчүн экстремисттик видеолорду таратып жатасыңар» деп бойкот жарыялашты.

– Үй-бүлөңүз тууралуу да айта кетсеңиз.

– Келинчегим Кызыл-Кыядан болот. Улуу балам 3-класста, андан кийинкиси 2-класста окушат. Кичүү балам азыр 2 жашта, бала бакчага барат.

– Балдарыңыз сиздин Ютуб каналдарыңызды көрөбү?

– Алар атасын колдоо максатында эле Ютуб каналдарыма кирип, лайк басып чыгып кетишет. Себеби алар 7-8 жашка чыгып калды да, биздики 2 жаштан 8 жашка чейинки балдар үчүн роликтер. Аларга башка оюндар кызыктуу. Балдардын кызыгуусу жашы чоңойгон сайын өзгөрүп турат.

– Жумушуңузга алаксып кетип кээде үй-бүлөңүзгө, балдарыңызга көңүл бура албай калган учурлар болобу?

– Албетте, бизде атаандаштык өтө чоң болгондуктан, кээде 1-2 айлап жок болуп кетебиз. Телефондор өчөт, өтө катуу иштейбиз. Иштин бир кызыгына кирсең көк бөрүдөн да кызык болуп кетет да биздики (күлүп).

– Кыргызстанда миллион көрүү менен канча сом тапса болот?

– Кыргызстанда жарнама берүүчүлөр аз болгондуктан каражат табуу да аз экен. Өткөндө YouTube каналын иштетип, байкоо жүргүзүп көрдүм. Болжолдуу түрдө миллион көрүүгө 25 доллар түшөт экен. Ошондой миллион кароону Орусиядан мекендештерибиз көрсө, көп каражат түшөт. Мисалы, 10 мүнөттүк кыска видео болсо 500 доллар болот, 10 мүнөттөн узун видео болсо 1000 доллардан ашып кетет.

– Маегиңизге ыраазычылык. Ишиңизге ийгилик!

"Бош убактымда чет өлкөдө саякаттаганды жактырам. Африкага эле бара элекмин".
"Ютуб каналыма балдарга арналган видеолорду чыгарып жүрүп, «Алтын баскыч» алдым".

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



Курман Жолдошев, ютубер: “Youtube’дан айына 1000 доллар тапса болот”

Автор: Алтынай Тынышова
Оператор: Руслан Алыбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(10)
08.01.2019. 11:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
191
Катталган:
16-02-2018
Соӊку аракети:
20-01-2019 14:33
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+2
Азамат!
Super TV
08.01.2019. 11:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
261
Катталган:
09-03-2012
Соӊку аракети:
09-01-2019 18:29
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул бала менен кантип байланышып, кеп кенеш алсак болот экен.
08.01.2019. 16:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
19-06-2011
Соӊку аракети:
18-01-2019 16:01
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кантип байланышсак болот, атайын курстары бар бекен?
08.01.2019. 16:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
19-06-2011
Соӊку аракети:
18-01-2019 16:01
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол жагын да жазып койсонуздар болмок, кененирээк маалымат алганга
09.01.2019. 01:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
93
Катталган:
04-09-2016
Соӊку аракети:
21-01-2019 04:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура, мен Америкада жашайм, бул жердеги бекерчилер эртеден кечке видео корушот. Мен да кором бош убактымда, бирок жумушка эле байланыштуу.
09.01.2019. 01:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
35
Катталган:
26-11-2016
Соӊку аракети:
21-01-2019 00:08
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жакында эле окуучум дептир окутуу курсу бар окшойт менда байланышкым келди эле(
09.01.2019. 22:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
116
Катталган:
22-02-2011
Соӊку аракети:
13-01-2019 22:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек.
0
Фейсбукта аккаунту бар, кайрылгыла. Жөндөмдүүлөрдү окутат, ишке алат.
10.01.2019. 12:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
06-02-2018
Соӊку аракети:
17-01-2019 08:21
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эл [moderated]дан акча таап жатса биз акча берип коруп журобуз тигиндей мындай видео кордум деп мактанып.
11.01.2019. 01:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
18-07-2018
Соӊку аракети:
18-01-2019 01:50
Жынысы:
Белгисиз
0
Каналынын аты кандай
12.01.2019. 20:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
307
Катталган:
14-11-2015
Соӊку аракети:
21-01-2019 03:45
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ата-энемдин журогу...
-1
Мындай адамдар менен жашоо, өтө кыйын...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21724;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: