МЕДЕРБЕК КЫДЫРШАЕВ ЧАНДА КЕЗДЕШКЕН ЖЫЛДЫЗ ЭЛЕ...

1990-жылдардагы кыргыз эстрадасынын жылдызы Медербек Кыдыршаев кыргыз элинин жүрөгүндө гитарада чеберчилик менен кол ойноткон мукам үндүү ырчы катары калды. Ал аткарган “Аманат”, “Ойлойсуңбу?”, “Коштошуу”, “Туулган күн”, “Кыялдануу”, “Сен өчпөдүң сезимден”, “Курбулар”, “Тамаша кечеси” ырларын эл унутпай ырдап келет. Эскерте кетсек, ырчы 1962-жылы 18-августта Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырзаке айылында туулуп, 2004-жылы 7-январда каза тапкан. Медербектин 1-жубайынан 2 уул калган. Медербекти бир тууган эжеси жана уулу эскерет.

Клара Кыдыршаева, эжеси: «АР УБАК ЖҮРСӨҢ ЭСКЕРИП, АЙРЫЛУУ ЭМЕС АЖАЛ ДА»

– Медер 6 бир туугандын (2 кыз, 4 эркек) бешинчиси эле. Арык, элпек, жан дүйнөсү жумшак, кыялкеч бала болчу. Куйкум сөздөрдү айтып күлдүрүп, үйдү шаңга бөлөчү. Кичинесинен ыр жандуу болуп чоңойду. Гитараны өзү үйрөнүп алып, мектепте ар кандай маданий иш-чараларда ырдап чыкчу. Мектепти аяктаган соң Оштогу музыкалык мектепте окуду. Ал жактан Рыспай Абдыкадыров үнүн баалап, чыгармачылыктын сырларын үйрөттү. Рыспай агай менен ага-инидей мамиледе эле. Кийин Москвадагы маданият институтунун хор дирижёру факультетин бүтүрдү. Үнү жакшы болгондуктан 1-курстан тартып эле Орусиянын мен-мен деген ырчылары менен кошулуп СССРдин курамындагы өлкөлөргө гастролдоп жүрүштү. Өзү 18 өлкөнү кыдырганын айтып калчу. Ошол кезде эле аты таанылып баштаган ырчы, композиторлор Игорь Николаев, Леонид Агутин болуп чогуу окуп, ырдоо жагынан атаандашып жүргөн. Медерди устаттары “Романстарды кооз тембри менен мыкты аткарат" деп баалачу. Кремлдеги Григоревский залында хордо ырдап жүргөндө достору “жети атаңдын буту баспаган залда ырдап жатасың” деп айтышчу экен. Бир концертте Медердин ырдаганын уккан Алла Пугачёва “Укчу, сага Кудай талантты бериптир, иштөө гана керек” дептир.

Москвада бирге окуп, бирге гастролдогон достору Медер менен кабарлашып жүрүштү. Көзү өткөндөн кийин "дайыны чыкпай калды" деп издөө салышты. АКШда жашаган Лариса Постнова деген кыз кат жазып, Медер менен гастролдо түшкөн сүрөттөрүн салды.

Медер Москвадан окуусун бүтүп, Бишкекке келип, меникинде туруп калды. Кыргыз радиосунда музыкалык редактор болуп ишке орношту. “Түнкү шамдар”, “Ойлойсуңбу?” деген ырларды ырдап чыгары менен эл Медердин үнүн баалады. Абдан бийиктикке жетип, хитке айланган ырларына “Аманат”, “Кыялдануу”,“Сен өчпөдүң сезимден”, “Курбулар”, “Тамаша кечеси” деген ырлары кирет. Ошол 1990-1995-жылдар иним үчүн жемиштүү жылдар болду. Медер эстрадалык, симфониялык оркестрдин коштоосунда да ырдачу. Бирок эстрадага караганда классикага жакын эле. Асанкан Жумакматов Чубак Сатаевдин “Жаз жамгыры” аттуу ырын Медердин аткаруусунда радионун алтын фондуна жаздырган.

Үйгө жаш композиторлор, акындар, обончулар келгенде үй толуп калчу. Исирадин Аманбаев, Арзыбек Бедияров, Абидин Темиров, Алмаш Чойбековалар көп келер эле. Медер менен чогуу иштеп калган Элмирбек Иманалиевдин: “Бир концертте Медер 2 ырды аябай мыкты аткарды. Эл дуулдата кол чаап, сахнадан кетирбей жатты. Сахнадан чыгып келгенден кийин карасам, көздөрүнөн мончоктоп жаш куюлуп жатыптыр. Көрсө, ал ар бир ырын ыйлап аткарат экен”,- деп эскергени бар.

Тагдыр экен, Медер биринчи жубайы менен 2 балалуу болгондо ажырашып кетти. Бир боорумдун артында калган туяктары катары жалаң жакшылыктарды каалайм. Кийин башкага үйлөнүп, аны менен 7 ай гана бирге жашоо буюрду. Өмүрүнүн акыркы кездеринде ооруп, өпкөсүнөн суу сордуруп калдык. Көз жумарда дене табы көтөрүлүп, "Тез жардам" келгичекти бизди таштап кете берди. Кагазга “мени кечиргиле!” деп жазып калтырыптыр. Сыягы үмүтүңөрдү актай алган жокмун деген кыязда кечирим сурап жазган окшойт. 41 жыл гана жашады.

"Ата-энемдин сүймөнчүгү элең, эми түбөлүк экөөнүн ортосунда укта" деп экөөнүн мүрзөсүнүн ортосуна койдурдук. Эстелигине “Айланып келем ыр болуп...” деп жаздырдык. “...Ар убак жүрсөң эскерип, айрылуу эмес ажал да” деп өзү ырдагандай, эми ал биздин жүрөгүбүздө эскерүүлөр менен жашайт.

1 жылдай болуп калды, Ютуб каналына Медердин ырларын киргиздик. Изилдей келсек, анын ырларын 17ден ашык өлкөдө угушат экен.

Москвада чогуу окуган достору Медер тууралуу документалдуу фильм тартып бүтөйүн деп калды.

Медербек уулу Абдысамат, уулу: «АТАМДЫН ТАЛАНТЫ МАГА КАРАГАНДА ИНИМЕ КӨБҮРӨӨК ӨТКӨН»

– Атамдын артында 2 уулу калдык. Мен Абдысамат 1991-жылы, иним Аким-Али 1994-жылы туулганбыз. Экөөбүз тең үйлөнүп-жайланганбыз. Менин 2 кызым бар, Элина, Асема. Келинчегим балдар менен үйдө. Бишкектеги компаниялардын биринде супервайзер (менеджер) болуп иштейм. Адистигим боюнча банк кызматкеримин. Инимдин да 2 баласы бар. Улуусу Элиза, кичүүсү Алим. Апам мамлекеттик кызматта иштейт. Иним экөөбүздү өзү чоңойтуп эр жеткизди. Өзү чоң там салды. Ошол үйдө азыр апам иним менен чогуу турат. Мен өзүмчө үй салып, бөлүнүп кеткем. Аптасына бир жолу апамдыкына барып кабар алып турабыз. Жашообуз эл катары.

Талант кан кууйт деген чын экен, иним экөөбүз тең ырдайбыз. Мен алымча, иним болсо абдан жакшы ырдайт. Ырдап, тойлордун, кечелердин көркүн ачат. Бирок иним кичинесинен ырчы болом деген максат койбогондуктанбы, айтор, ырдоону хобби катары эле карайт. Мен өң-түсүм жагынан атама окшош болсом, иним элге жугумдуулугу, шайырдыгы, ырчылыгы жагынан атамды тартты. Апам атам тууралуу бизге жаман кеп айткан эмес. Болгону тагдыр деп гана койчу. Атамдын ырын укканда сыймыктанам, толкунданам. Унаамда атамдын ырлары жазылган флеш-карта дайыма жүрөт.

Атамдын ырларынын обону да сөзү да бири-бирине төп келген маңыздуу, мааниси терең ырлар. Ошондуктан эл арасында алигиче унутулбай жашап келе жатат. Атамды, чоң атамды да, айылдагы, Өзгөндөгү үйдү да элес-булас билем. Кичине болчубуз да. Атам бизди жакшы көрүп, эркелетип, мээрим төгүп турар эле. Досмат чоң атам токтоо, олуттуу сүйлөгөн, пейили жакшы адам эле. Апам да “кайнатам жакшы адам болчу” дейт. Аны да дайыма эскерип куран окуп турабыз.

Атам өзүнө талапты катуу койгондуктан популярдуу болуп турган кезде “концерт бербейсиңби?” дешсе, “азыр эрте” дечү экен. Ошентип жеке концерт бербей калган дешет. “Медер ырдап жатканда эл анын үнүнө арбалып калчу. Үнү кайталангыс эле” дегендерди да угуп калабыз. Атам өзү “Айланып келем ыр болуп...” деп ырдагандай, көзү өтсө да, элине, уулдарына ыр болуп айланып келди.

Атамдын чыныгы күйөрманы таенем менен таежем Рахат. Туугандар чогулуп калганда атамдын ырын сөзсүз койдуруп, угузат. Мурун бизде ырларынын оригиналы да жок болчу. Аны табууга Сыймык Бейшекеев агай жардам берген. Атамдын ырларынын клиптери да бар дешет. Бирок сураштырып таба элекпиз.

Атамдын сахналаш досторунан Абидин Темиров аяш атабыз менен катташып турабыз. Башка бизди Медердин уулу деп тааныган айрым сахналаштары деле саламдашып калышат. Абидин аяш атабыз бизди "атаңардын жайына алып барып келем" деп жүрөт. Буюрса, барып келебиз.

Бир кездеги сахна жылдызы Медербектин балалык, студент, анан популярдуу болуп турган чагы.

Канымжан Усупбекова
star@super.kg
(Сүрөттөр Клара Кыдыршаеванын жеке архивинен алынды)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Mikra
2019-01-08 11:07:53
Аттин ай.Арабыздан эрте алып кетти ажал.Жездем жакшы киши болчу.2-аялы Фарида абжем менен аз жашасада саз жашады.Жездем мыкты инсан болчуу.Жезде жаткан жерин жайлуу болсун.ырларынды укканда журогум оооруйт.Фарида абжем сизди аябай суйуп сыйлачу.Жаратканыма сизди Фарида эжем сизди оз колу менен узатып сыздап кала бердиго.кала берсе эжем сизди эстеп ыйлай берип журок оруда болду.Кудайым эжем экоонорго наристе буйрубаптыр.Калган омурунузду Аллахым эки уулунузга неберелергеЭжениз Клара айымга берсин
0
aydinnur
2019-01-08 17:11:08
Таланттуу ушундай легендага айланган ырчылар жөнүндө көп жазсаңар болот эле.
+1
admin_portal
2019-01-08 18:46:00
aydinnur, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, эске алабыз.
+1
voennyi88
2019-01-08 19:44:39
aydinnur, ошону айтсан. Кайра кайра эле Нурлан Насип,Самара,Асель,Анжеликаларды чыгара бербей. И баса Чыпалак баатырда бар.
+5
BekAmir
2019-01-09 15:29:37
Чыныгы талант эле жакшы Адам эле
0
ilgis1991
2019-01-11 01:58:42
2 - аялы менен 7 эле ай жашаптыр да. Менимче 2 уул төрөп берген 1-аялы менен көбүрөөк бактылуу күндөрдү жашаса керек
0
munduz2016
2019-01-23 08:29:48
Аманатын күндө бир маал угамын.Кайталангыс талант.Аллах өз рахматына алган болсун!!!
0
№ 844, 4-10-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан