ӨЛКӨДӨГҮ ТОО-ЛЫЖА БАЗАЛАРЫНЫН ДАРЕГИ, ТЕЛЕФОНУ, БААЛАРЫ

Кыш. Аппак кар. Лыжа тепкенге эң сонун учур. Андыктан эс алуу күндөрү тоо-лыжа базаларына баруу – эң сонун идея. Эгер мындай ой сизде да болсо Кыргызстандын аймагындагы тоо-лыжа базалары тууралуу маалымат беребиз.

ТУУРА КИЙИМ ТАНДАҢЫЗ

Үйрөнчүктөргө профессионал спортчулардыкындай спорттук күрмө алыштын кажети жок. Ошентсе да айрым нерселерди туура тандоо керек.

Биринчи – лыжа бут кийимин тандоодо анын ыңгайлуулугуна көңүл буруңуз.

Экинчи атайын лыжа тепкенге ылайыкталган шымдарды алыңыз. Бул сиз үйүңүзгө кургак бойдон кетишиңизге кепилдик берет. Сиз жаңы үйрөнгөндө көп кулайсыз. Кулоо жеңил болушу үчүн коргоочу лыжалык шлем дагы керектелет. Мындан тышкары мээлей менен көз айнек алганды унутпаңыз.

ТУУРА КУЛОО

Лыжа тепкенди үйрөнүп жатканда сиз кулаганга даяр болушуңуз керек. Кулоо – бул лыжа тепкенди үйрөнүүнүн бир бөлүгү. Ошондуктан эң биринчи туура кулаганды үйрөнүү зарыл. Тагыраагы, каптал жагыңыз менен кулаганга үйрөнүңүз. Алдыны же артты көздөй кулоо менен сиз олуттуу жаракат алып калышыңыз ыктымал.

КӨНҮГҮҮ ЖАСОО

Лыжа базасына келгенден кийин дароо эле лыжа тээп кетпестен, 15 мүнөттөй гимнастикалык көнүгүүлөрдү жасаңыз. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында булчуңдарды жибитүү организмди оор ишке даярдай тургандыгы илгери эле аныкталган.

ЛЫЖА ТАНДОО

Эгер сиз бул спортко жаңыдан кызыгып баштасаңыз, сизге кыска лыжалар ылайыктуу келет. Тагыраагы, бойго ченегенде узундугу ээкке же мурунга жетиши зарыл. Кыска лыжалардын дагы бир артыкчылыгы – бурууга оңой болгондугу.

БИРИНЧИ КАДАМДАР

Профессионалдар алгач лыжаны таякчалары жок, тегиз жерде тээп баштоону сунушташат. Таякчаларынын жардамы жок сиз салмагыңызды бир буттан экинчи бутка которууну жана лыжанын кыймылын өзүңүздүн бутуңуз менен башкарганды үйрөнөсүз.

ТУУРА ТОКТОО

Тепкенди үйрөнгөндөн кийин, эми лыжаны кантип токтотууну да билип алышыңыз керек. Лыжанын эки чети атайын металл менен жасалып, кант деп аталат. Токтоо үчүн таманыңызды четке буруу менен басымды дал ушул канттарга жасайсыз. Канттарга болгон басым канчалык күчтүү болсо, ылдамдык ошончолук азаят.

ЛЫЖА ТЕБҮҮДӨН ЫРАХАТ АЛЫҢЫЗ

Лыжа тепкенди үйрөнүп жатасызбы же профессионал болуп калдыңызбы, эң негизгиси лыжа тебүү – бул кызыктуу көңүл ачуунун бир түрү.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

Адамдар лыжа тепкенди таш доорунда эле билишкен. Бизге чейин жеткен эң байыркы лыжалар Швециянын музейлеринин биринде орун алган. Ал 4 миң жыл мурунку лыжалар.

Норвегия лыжа спортунун борбору деп бекеринен айтылбайт. Себеби тоо-лыжа спорту 18-кылымда дал ушул өлкөдө ойлоп табылган.

Эң кымбат лыжалардын баасы 62 миң долларды түзүп, бриллиант менен кооздолгон.

2008-жылы Швецияда эң узун лыжа жасалган. Ал лыжага 1043 спортчу туруп, анын узундугу 534 метрди түзгөн.

Кубан Жумамидинов

sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Neizvestno777
2019-01-09 00:13:34
Гезит сатылбай жатса ,электрондук версиясын платный кылып койбойсунарбы урматтуу супер инфо жааматы, биз эми кантип окуйбуз сериалдарды?
+9
nursiyanur
2019-01-10 16:56:57
оштуку кана ош олкого кирбейби же я
-1
elhan123
2019-01-10 20:20:35
nursiyanur,Ошто атайын база барбы
+1
Elaman_Arypov
2019-01-10 21:28:37
nursiyanur,донсоолор толуп жататко бир лыжа сатып алда бекер эле теп
+3
almanbetperm
2019-01-12 10:37:24
nursiyanur,ошто каерде бар эле кар жаабаса, жаасада бир кундо ээрип кетет, чыйырчыкта эле болбосо, алда кыйраткан жер эмес
0
№ 844, 4-10-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан