Концерттин аталышы – «Башталось»
Өткөн күнү – 29-декабрь
Өткөн орду – Бишкектеги «Асанбай» оюн-зоок борбору
Көрүүчүлөрдүн саны – Залдын 100 пайызы
Башталышы – 20:00 (50 мүнөт кечигип башталды)
Билет баасы – Бекер
Алып баруучу – Бексултан Жолдошев
Мыкты номерлер – Зеренин аткаруусундагы “Кыз” ыры жана битбокстун коштоосунда Зеренин күйөрман кызынын манас айтканы
КОНЦЕРТКЕ БАРБАЙ КОЮУ "КҮНӨӨ" ЭЛЕ
Сентябрь айында интернет желесине Зере аттуу кыздын ич кийимчен тартылган клиби чыгып, ал ыры жана мындай клиби менен кыргыз коомундагы кыздарга тыюуларга, чектөөлөргө каршылык билдирип чыккан. Зере аз убакыттын ичинде сынга да, экинчи тарабынан колдоого да ээ болуп чыга келди. 19 жаштагы Зеренин аялдарга карата гендердик теңсиздик, анын бир мисалы катары үрөй учурган Бурулайдын окуясынан улам таасирленип жазган “Кыз” ыры, негизгиси ага тартылган клип хейтерлердин соккусунун алдында калды. Ал гана эмес, “клипти өчүрбөсөң өлтүрүп кетебиз” деген коркутуулар болуп жатканын айтып ырчы кыз укук коргоо органдарына кайрылганы бар. Бул кырдаалга байланыштуу Зеренин атасы Асылбек Жоодонбеков “Зере менин кызым. Эркин ойлонгон, эркин мамлекеттин кызы. Мен анын ар бир чечимин колдойм” деп кызына чеп болуп берди. Ошол кыргыз коомчулугун бир силкинтип алган ырчы кыз 29-декабрда концерт берди. Бул концертке барбай коюунун өзү “күнөө” эле. Бир чети өз оюн ачык айткан, “эл эмне дейт?” деген рамкадан тыш жаш кызды жакындан тааныгым келсе, экинчи жагынан кадимки кыргыз шоу-бизнес өкүлдөрүнүкүнөн башкача концерт болот деген үмүткө жетелендим.
Концерт боло турган "Асанбай" борборуна баш бактым. Аз убакыттын аралыгында концерт бергидей канчалык күйөрман топтой алды, концертке канча адам келет деген чочулоо бар болчу менде. Андыктан келген адамдарга көз чаптырып жаттым. Зере 19 жашта, аны колдоп келген күйөрмандарынын дээрлик бардыгы ырчы кыз менен тең куракта экенин байкадым. Менин чочулоомду артка калтырып, залдын 100 пайызы көрүүчүлөргө, анын 90 пайызы кыздарга толду. Бул жакта да адаттагыдай эле кечигүү “салты” кайталанды, кечикпесек концерт көркүнө чыкпай калбайбы. Белгиленген убакыттан 50 мүнөт өткөндөн кийин алып баруучу сахнага чыга келди.
ХЕЙТЕРЛЕРГЕ АРНАЛГАН ЫР, ТОЛКУНДАНГАН АТА...
“Зере сахнага чыккыча бир аз колу-бутуңарды чоюп аны колдогонго даяр болгула” деген алып баруучу залдагы күйөрмандарды бир отургузуп, бир тургузуп бийлетип бир топ убарага салды. Аяз кызды чакыргандай “Зе-релетип” кыйкырып жатып көптөн күткөн Зере көрүндү. 2-кабаттагы адамдарды аралай 1-кабатка түшүп, зал толо күйөрмандарды жиреп өткөн ырчы кыз сахнага жетти. Бекер концерт, каалоочулардын бардыгына эшик ачык болгону Зеренин “мен эч кимден коркпойм, өз оюмду ачык айтуудан тайманбайм” деген жообу болду окшойт. Жаш кыздын эр жүрөктүгүнө баракелде дедим. Сахнада эч кандай жасалга жок, биз көнүп калгандай жалтыр-жултур кооз көйнөк кийген кыз эмес, май куюучулардын формасын кийген Зере турду. “Мени ич кийимчен чыгат деп ойлоп алган жоксуңарбы? Силер кийимден бийик ой жүгүртөсүңөр деп ишенем. Мага май куюучулардын формасы абдан жагат, андыктан бүгүн ушундай кийинүүнү туура көрдүм” деген ырчы кыз концертин атактуулук алып келген “Кыз” аттуу ыры менен баштады.
Жөнөкөй, ачык, негизгиси көрүүчүлөр менен тил табыша билген шайыр кыз ар бир ырына токтолуп, кантип чыгарма жаралып калганын күйөрмандарына айтып берип жатты. “Менин биринчи ырыма клип чыгары менен хейтерлердин саны өстү. Мен аларды түшүнөм, анткени 1-2 жыл мурун эле мен да хейтер болчумун. Кимдин жаман жагын көрө калсам деп эле аңдып отурчумун. Азыр ар бир терс комментарийден, дизлайктардан эргүү, алдыга умтулганга стимул алам. Кезектеги ырым хейтерлерге арналат” деген Зере “Мен башкача” аттуу ырын аткарып берди. Атайын боорунда “Ооба, башкачамын” деген жазуусу бар футболка дайындай келген экен. Аны ыр учурунда залдагы күйөрмандарына ыргытты. Кезектеги чыгармасын аткарып жатып ырчы кыз сахнанын четинде турган атасын чакырды. Кызына гүлдестесин тапшырган атасы толкунданып турганын жашыра алган жок.
КӨРҮҮЧҮЛӨР "ЗЕРЕ, СЕН АЗАМАТСЫҢ!" ДЕП КЫЙКЫРЫШТЫ
Зере концертке чейин интернетте онлайн сынак өткөрүп, анын жеңүүчүсү Алина аттуу битбокс аткаруучусу болгон экен. Концертте Алина сахнага чакырылып, битбокс аткарып берди. Андан соң залдан каалоочулар чыгып ырдап, Алина битбокс менен коштоп жатты. Эң кызыгы, залдан жаш кыз чыгып манас айтканы болду. Битбокс жана “Манас”. Мен жаштардын “Манаска”, кыргыздын тарыхына кызыкканына сүйүндүм, башкалар битбокс менен “Манастын” айкалышына сүйүнүштүбү же меникиндей эле сезим болдубу, айтор, айт-уйт деп эле колдоп жатып калдык.
Зеренин “Башталось” альбому “Кыз”, “Мен башкача”, “Илгери-илгери”, “Daddy told”, “Baby boy” аттуу 5 чыгармадан турат экен. Концертте да ушул 5 чыгарма жандуу аткарылды. Калың элге көп жайылбаганы менен, залдагы көпчүлүк ырчынын ар бир ырын коштоп жатка ырдап жатышты. Ал гана эмес, “Сен азаматсың”, “биз сени жакшы көрөбүз” сыяктуу колдоо кыйкырыктары ырчынын өз аудиториясы бардыгынан кабар берет.
"ИНДИЯГА КЕТИП ЖАТАМ..."
Канча бир жыл мурун өзгөчө стили менен кыргыз шоу-бизнесине Каныкей кирип, көптөгөн күйөрман топтоп, ийгиликтерге жете алган. Зереде дагы ошондой эле мүмкүнчүлүк бардай. Бирок ал Фейсбуктагы баракчасына “Концерт өткөндөн 10 күндөн кийин мен Индияга кетем. Акыркы күндөрү мага оор болуп кетти. Мен дайыма өзүм эмне каалап жатканым менен, менден эмне каалап жатышат деген суроого жооп издеп келем. Альбом чыгаруу менен өзүмө музыкант экенимди далилдедимби же аудиториягабы? Мен жашоонун маңызын, андагы өз ордумду, ким экенимди таанып-билгим келет. Андыктан мен Индияга кетип жатам, ал жактан мектепте волонтёр болом. Эч кандай драманын кереги жок, мен кайра келем” деп жазган. Ырчы кыз каалаган максатына жетип, кайрадан мекенине келсин деп тилек кылдым.
Ал эми концертти жалпылап айтсам, акустика начар болдубу, айтор, ырларынын сөзү угулбай, “ички үйдөгүлөр каткырса, сырткы үйдөгүлөр ырсаят” болуп элдин шарына кошулуп алып кылтылдап бийлеп жүрдүм. Ал эми сөзүн билгендер кошо ырдап-бийлеп жатышты. Вокал жагын айтсам, ырчы өзү үчүн, өзүн түшүнгөндөр үчүн чыгармачылык жолго түштү, 5 ыр болсо да жандуу ырдады көпчүлүк алдында. Демек, анда мындан ары да өсүүгө мүмкүнчүлүк бар.
Толик сынчы