УКТАП ЖАТКАН ЖЕ КРИТКЕ КЕТКЕН КАРТАЛАР, ОЙ, ЫРЧЫЛАР...

Кыргыз шоу дүйнөсү

Өткөн саныбызда бул жылы шоу-бизнести басып турган туздарды, ырларын эл сүйүп уккан хан, ханышаларды, эмгеги көзгө толумдуу вазирлер менен айымдарды жазганбыз. Бул жолу бир нече жылдык тыныгуудан кийин ишке киргендерди, критке кеткендерди, куш уйку салгандарды тизмектөөнү туура көрдүк.

КОЛДОГУ АЧЫК КАРТАЛАР
Атаандашынын колундагы карталарды аңдып, кандай жүрүш жасар экен деп кооптонуу менен байкоо салган мүнөттөр кандай кызыктуу. Басууга даяр, колдо ачык турган карталарды иштейм деп шымаланууга киришкен ырчыларга окшоштурдук. Мисалы, Неля ымыркайын торолтуп коюп, эки билегин түрүнө ишке киришкен кербези. 12 ыр камтылган “Сүйүү баяны” деген альбомун жарыкка чыгарды. Ичинде Урмат экөө аткарган дуэттер да толтура. Урмат демекчи, бул ырчы жубайына окшош жүрүш жасайт өңдүү. Дегеним, Неля кош бойлуу болуп турганда Урмат дагы талкан сугунуп алган сымал унчукпай калган. Неля вокал боюнча сабак алып, фестиваль-сынактарга катыша баштаганда Урмат да кыймылга келди. “Назаровдон кем бекем?” деген окшойт, “Балама” деген ырды жаратып таштады.
Анча-мынча ырчыларды чабам деген Темир Назаров кыска мөөнөттөгү уйкудан ойгонду. Бул жигиттин уйкусу катуу деле болгон жок. Уйку-соонун ортосунда бир аз кыңылдай коюп да жүрдү. Экс-продюсери менен элдешкен Темир кандай эмгек жаратар экен, бир аз күтө туралы.
Ханышалардын катарын толуктасамбы дегендердин арасында Асема бар. Бул айым көз жарган соң баласынын жытына мас болуп, “Наристем” деген ыр жаратты.
“Две реки” деп созуп, жаш ырчылар арасында төбөсү көрүнө баштаган Тилек Каныметов бир нече жыл сахна түгүл көшөгө артынан да көрүнбөй кеткен. Көрсө, бул ырчы акчанын артынан Кытайга иштеп кетиптир. Чөнтөгүн канчалык тултуйтканын ким билет, кыскасы, мекенине кайтып келип, жаңы ырларды жаздырууга киришти.

ЖЕРДЕГИ АЛЫНА ЭЛЕК КАРТАЛАР
Жердеги колго алына элек карталарды элестетсеңиз. Ошол карталарды элестетип отуруп, чээнге киргендей уйкусу келген ырчылар көзгө урунду. Алар кимдер? Океандын ары жагында жүргөн Омар. Омар түнкү клубда ырдап акча таап жатканы менен, чыгармачылыгы жууркан астында катылуу.
Байкадым бир кызыл гүлдү бакчадан” деген саптарды жаңыдан созо баштаганда Айчүрөк Иманалиева ушунчалык популярдуу эле. Жаш келсе – ишке, кары келсе – ашка дедиби, акыркы учурда Айчүрөк айымдын оозунан жаңы ырлар куюлушпай калды.
Дагы бир ырчы Алихан эмнегедир уйкуда. Же бул жигитке продюсери анчалык көңүл бөлбөй жатабы, ким билет?
Курбуларынан “Алина деги бир жулунуп тигинтейин, минтейин дебейт” деп кейип калгандарын угуп калчубуз. “Кыймылда” деген киши болбой калдыбы же Алина Жетигенова эрте эле ордун жаштарга бошотуп бердиби, айтор, карааны алыстагандан алыстап баратат.
Жашоодогу ары тур, бери турга маанайы чөгүп, ар бир майда-баратты жүрөгүнө жакын алып кейий берген Султан Садыралиев качан арышын чоңойтот? Муну Султан өзү да билбесе керек. Чиркин өмүр, жанып турган жылдыздын бүлбүлдөп калганы жаман турбайбы.
Дүйнө жүзүндөгү ири державалар Кытай менен АКШ­нын ортосунда чабылган Бактыгүл Бадыева. Жаңы эле АКШдан келген ырчы кайрадан Кытайга сапар тартыптыр. Эмне эле бул эки мамлекетке жабышып калды, азырынча табышмак.
Семанын сахнадан оолактаганынын сыры бештен белгилүү. Анткени бул жигит ишкерликке оой баштады.
Таланттуу, бирок таланттуумун деп алы жеткенин да, жетпегенин да басууга, чабууга аракеттенгенди жактыра бербеген Алтынбек Алымов. Бул жигит карт бойдок аталбай үйлөнсө, болуп көрбөгөндөй чыгармачылык эргүү жаралабы деген жакшы тилек менен күн кечире туралы.
Кыркында бала жытын искеген Мерген Турган. “Казак аял алсаң, Казакстанга карай зымырайсың” деген тамаша кеп бар эмеспи эл арасында. Анын сыңарындай Мерген байкебиз да акыркы учурларда баурдастарга кол бала болуп кеткен шекилдүү.
Досторунун “бас, бизге кошулуп сен да ырдап кал” деп сүйрөгөнүнөн эле келип калгандай болгон Акбар Сүйүнбаев. Эмитен эле жоошуп калган ырчы мырза августта үйлөнсө, сахна менен таптакыр эле кош айтышабы деп турам.
Ырчылыкка караганда көбүрөөк тамадалыкка ыктаган Чыңгыз Мырзаев. “Коёнектер, көзү тегеректер” деп жүрүп эле басыгы солгундап калды.
Казакстанда катуу иштеп коюп чарчап калган окшойт. Мекенине кайтып келгени жаңы чыгармалардын үстүндө иштеп жаткандай болгон Тынай Алыбаев. Азыр баса албай калган карталарды көтөрүп маанайы жок отурган адамдай эле унчукпай калды.
Анжеликаны түшүнсө болот. Мына-мына көз жарам деп турган айым бир аз тыныгууга кетти.

КРИТКЕ КЕТКЕН КАРТАЛАР
Өз милдетин аткарып, жабылып калган карталарды да четте калтырган жокпуз. Убагында жанга жагымдуу ырларды жараткан, бирок акыркы учурда ыр дүйнөсүнөн оолактагандардын башында Мирбек Иманбеков турат. Бул жигит продюсери экөөнүн түзгөн келишими менен катар чыгармачылыкты да жыйыштырды көрүнөт.
Үй-бүлөнү багыш үчүн кафеде ырдаганы менен, эл көзүнөн алыстаган Кайрат Примбердиев.
Жаңы ырларды, жаңы клиптерди жаадырып күйөр­ман топтосо, ийгилик коштомок эле бул ырчыны. Тилекке каршы, андай кадамга Эрмек Маматов да бара албады.
Жаркырап келе жатып эле көшөгөгө кире качкан Бегимай Карабаева. Бегимай бул кадамы менен, жаш ырчы кыздар сахнада көп кармалбасын көрсөтүп койду. Көшөгөң көгөрүп, бакыт тап дегенден башка эмне айта алабыз.
Созулкан Алибекова, апей, Клара Алибекова. Кичинесинен дүңгүрөп чыккан Кларанын таланты Байыш экөөнүн очогу өчкөндө кошо жалп өчкөн сыяктуу.
Бек Борбиевдин өнөк­төш­төрүнүн бири Мая. Бектин жа­нында жүргөн-­дө­гүдөй алым­дуулук эми келбесе керек.
Замир Мырза мугалим болуп, сахна менен кош айтышат өңдүү.
Чынында, эл Айгүл Чалованын бир эле “Сүйүү арманы” деген ыры бар деп ойлойт. Айгүл аталган ырдан башка деле чыгармаларды жаратууга жетишкен. Бирок алар алгачкы ырындай боло алышкан жок. Кыскасы, сүйүүсүн арман кылган кыз катуу уйку кучагында.

КЕЛЕЧЕКТЕ БАСА ДА, ЧАБА ДА АЛЧУЛАР
Москва бир күндө эле курулган эмес” деген сыяктуу учурда шоу-бизнести басып турган Гүлнур, Бек өңдүү туздар бул жарыкка ушундай деңгээлде төрөлүшкөн эмес. Канчалаган эмгек, өжөрлүк жумшалып, анан Эмгек сиңирген артист, Эл артисти болуп отурушат. Кыймылдаган кыр ашат болуп уктап да калбай, катуу да кетпей, дайыма чыгармачылык үстүндө жүргөн ырчыларыбыз көп. Алар: Айдин Шер, Арсен, Замир Арыкбаев, Съездбек Искеналиев, Эрлан Андашев, Нурлан Насип, Айжан Газиева, Максат Бегалиев, Айя Садырова, Бегимай Бекбоева, Ынак Осмоналиев, Самат Дөөлөтбаков, Бегимай Эсенгулова, Гүлжигит Сатибеков, Кубаныч Сатаев, Добр жана башкалар.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
akiykat
2010-07-16 14:33:33
Замир Арыкбаев, Съездбек Искеналиев, Айя Садырова, Бегимай Бекбоева, Самат Дөөлөтбаков, Бегимай Эсенгулова,Айдин Шер,Айжан Газиева булар деле критке чыгып калган карталар го....
катуу тийсе кечиргиле
0
akiykat
2010-07-16 14:34:42
Арсен, Эрлан Андашев, Нурлан Насип, Ынак Осмоналиев, Добр жана Зари --- мына ушул ырчыларга умуттонсо болот го ..........
0
baby
2010-08-07 00:01:12
А где Атабеков
0
№ 401, 9-15-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан