Былтыр Ит жылын кыргыз шоу-бизнесинин көпчүлүгү саякатчы бака болуп чет өлкөдө тосушса, Доңуз жылын үй-бүлө курчоосунда белгилегенди туура көрүшүптүр. Айдана Дека, ырчы: “ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ ҮЙ-БҮЛӨМ МЕНЕН ТОСКУМ КЕЛДИ”
– 2018-жылы көптөгөн кыялдарым ишке ашып, мен үчүн ийгиликтүү жылдардан болду. Эң биринчи эле бала чактан бери кыялданып жүргөн Түштүк Кореяга барып келдим. Бишкек шаарында жеке концертимди койдум, Казакстанга чоң иш-чарага катышып, Кыргыз жеринин атынан ырдадым. Эң негизгиси, автоунаалуу болдум. Мурун түнкү саат 12ден кийин досторум менен кетип калчумун. Быйыл эмнегедир ата-энем, бир туугандарым менен тоскум келди. Ошентип эч жакка барбай, Жаңы жылды үй-бүлөмдүн курчоосунда тостум. Былтыркы жетишкен ийгиликтерим мага Жаңы жылга жаңы, чоң стимул берди. Кудай буюрса, 2019-жылга чоң бир максат койдум, аны убактысы келгенде көрөсүздөр. Каныкей, ырчы: “БАЛДАРЫМ ЖЫЛУУ СУУГА ТҮШҮП ЖЫРГАП ЖАТЫШАТ”
– Жаңы жыл үй-бүлөлүк майрам демекчи, Доңуз жылын төртөөбүз тостук. Саат жебеси түнкү 12ни какканда бардык жак тарс-турс болуп фейерверктер атылат эмеспи. Уулубуз Алим андай нерсени көп түшүнө элек экен. Фейерверктердин жарылганын угуп ит келатат деп качып жатпайбы. Биз бул жакта аны карап күлүп, аябай кызык болдук. Албетте, Жаңы жылда ырым кылып бири-бирибизге белектерди арнадык. Жаңы жылды тосуп алган соң тынчыраак деп Кеминдеги эс алуучу жайга бардык. Бул жактын абасы таза, жылуу бассейнде балдарыбыз менен түшүп жыргап эс алып жатабыз. Ит жылы мен үчүн үй-бүлөлүк жактан жемиштүү болуп, эрке кызыбыз Акмарал жарыкка келди. Кудай ушул бактыбызды кут кылсын. Самат Муратбекович, “Жебе” тобунун ырчысы: “ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ ТӨРӨТКАНАДАН ТОСТУК”
– 29-декабрь күнү биз экинчи ирет кыздуу болгонбуз. Жубайым төрөтканада болгондуктан улуу кызым экөөбүз жашап жаттык. Акыркы кезде кызым апасын издеп, кечке сурап, маанайы жок болуп жатты эле. 31-декабрь күнү кызым экөөбүз уурданып төрөтканага кирдик. Ал жактан Жанелди көрүп калышып “кичинекей бала менен кирүүгө болбойт” деп кызматкерлер кармап бир топко кире албай убара тарттык. Акыры медициналык кызматкерлерге шартыбызды түшүндүрүп, белек берип жатып кирдик. Жубайым менен кичинекей кызыбыз Аяга жолугуп, Жаңы жылды палатадан тосуп, анан гана кызым экөөбүз үйгө кеттик. Мурун Жаңы жылды достор менен кафеде белгилечү элек, бул ирет өзгөчө шартта, төрөтканада тостук.
Баястан, рэп ырчысы: “ЖУБАЙЫМДЫН КОШ БОЙЛУУЛУГУ МЕН ҮЧҮН ЧОҢ БАКЫТ”
– Ит жылы мен үчүн эсте каларлык көз ирмемдерге бай болду. Бир нече чыгармаларым жаралды, “Жылдын мыкты рэп аткаруучусу” аталдым. Анан да эң башкысы, сүйүктүүм Зульфияга үйлөндүм, экөөбүз бир үй-бүлө болдук. Буюрса, келерки жылга дагы жакшы, кубанычтуу кабар менен кирип жатабыз. Жубайымдын кош бойлуу болгону мен үчүн чоң кубаныч болду. Өзүм кичинекей балдарды аябай жакшы көрөм. Андыктан өзүбүздүн перзент күтүп жатканыбыздагы кубанычымды сөз менен жеткирип бере албасам керек. Ал эми Жаңы жылды агам, мен үй-бүлөбүз менен ата-энемдикинде тостук. Үй-бүлөбүз менен жакшы каалоо-тилектерди айтышып, Жаңы жылга жаңы пландарды койдук.
Гүлжамал Абылкасымова
Асыл Орозбекова