Ишен Назаров, "Жылдын супер дебюту" наамынын ээси: «СУПЕРДИН» СЫЙЛЫГЫН АЛГАНДАН КИЙИН КЕСИПТЕШТЕРДИН МАГА МАМИЛЕСИ ӨЗГӨРДҮ»

Ишен Назаров “Супер-Инфо” гезитинин тандоосу менен былтыр “2018-жылдын супер дебюту” аталса, анын аткаруусундагы “Апакем” аттуу ыры “Жылдын супер ыры” наамына татыды. Кыска убакытта элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан хит ыр жараткан Ишен менен мурунку, азыркы жашоосу тууралуу маектештик.

“МЕКТЕПТЕ НАЗАРОВ ДЕГЕН ФАМИЛИЯ КӨП ЖАҢЫРЧУ”

Ишен Назаровдун балалыгы Аксы жергесинде Кара-Суу айылында өткөн. “Кичинекей чакта тентектик кылып чоңойдук. Айылга барсам ар бир бак, көчө, мектеп, баары балалыкты элестетет” дейт ырчы мырза.

– Мени жакшы билбегендер жоош деп ойлошот. Чынында, андай деле эмес, тентектиктин убагында планын толтургам. Аталаш үч тууган балдар бир класста окудук. Шок элек, ошондуктан мектепте Назаровдун фамилиясы көп айтылчу. Эки тууганымдын аталары мал менен жайлоо, кыштоого чыгышат эле, андыктан алардыкы көп нерсени билбей калышты. Менин атам мугалим болгондуктан көп арыз-муңду укчу. Кээде чектен ашып кетсем мектептен эле уруп коёт эле.

Ар бир доордун өзүнүн кызыктуу учурлары болот экен. Сиздерге 11-класста болгон окуяны айтып берейин. Жыл аягында мектепте 9-класстар менен 11-класстар гана калат эмеспи. Эртең акыркы сынак деген күнү классташтар чогулуп 9-класстын балдарын коркутуп койдук. Коркуттук дегенде кандай, ал убакта дюшес, вафли алдыртчубуз, балким, анча-мынча жулкулдатып койгондурбуз. Биз деле убагында ал нерседен өткөнбүз да. Окуучулардын арасынан бирөөсү ата-энесине айтып коюптур. Балдар менен унаада сынак тапшырганы келатсак атам мени көрүп колун кезеп өтүп кетип жатпайбы. “Тууй, бир нерсе болгон экен” деп жүрөгүм лакылдап чыкты. Мектепке барсак милиция кызматкерлери, мугалимдер топтолуп калышыптыр. Бизди кабинетке киргизип алып милиция кызматкерлери түшүнүк кат алышты, баарын жазганыбыз дагы деле көз алдымда. “Кылмышыбызды” моюнубузга алып, тизилип турсак аталаш тууганым кечигип келип жатпайбы. Аны суракка алышса, такыр моюнуна албайт “биз кылган эмеспиз” деп. Ал да “айтпайбыз” деген сөзүндө туруп жатат да. Ага бир туруп күлкүм келет, бир туруп ыйлагым келет. Азыр күлкүлүү сезилет, учурунда аябай коркконбуз.

“БИР КҮН КУРУЛУШТА ИШТЕП ТАПКАН АКЧАМДЫ АККОРДЕОН ОЙНОП 2 СААТТА ТАПТЫМ”

Ишен 1-курска келгенде дароо оозго алынат. Анткени анын айтымында, 2-3-курстар ойной албаган обонду аккордеон менен оңой эле ойноп койчу.

– Мектепти бүтүп Жалал-Абадга маданият техникумуна тапшыргам. Ал кезде Бишкекке келиш мен үчүн кыйын болчу. Каникул учурунда айылга бардым. Бир жездем Бишкекке алма ташычу. Атамдарга толук түшүндүрбөй эле жездем менен макулдашып, Бишкекке келе бердим. Атам “дагы бир нерсенин башынан чыкпасаң болду” деген боюнча калды. 2 күндөй жездеме жардамдашып “Баткен” базарында жүрдүм. Классташтарымдын баары Бишкекте экен, 31-август күнү кезикмей болдук. “Министрдин кызынын махабаты” тасмасындагы Жоробек менен Зина чоң сааттан жолугушат эмес беле. Айылда чоң саат укмуш көрүнчү да, ошентип кинодогу атактуу чоң сааттан кезигели деп сүйлөштүк. Саатты көрүү бизге бакыт болчу. Ошентип ар кимден сураштырып отуруп кезикчү жерге келдим. Балдардын баары ошол жерде экен. Аянтка келип концерт көрдүк. “Жашоо бул жакта экен го” дедим да, Жалал-Абаддагы окууга барбай койдум. Үйдөгүлөргө “окуу жакпай калды” дедим, бул жакта куруучу болуп 2 жылдай иштедим. Кайра айылга барсам Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде окуган айылдашым бар экен, ал “университетте жалаң костюм-шым, классикалык кийим киесиң” дегенинен кызыгуум артты. Ал, ата-энем да "ошол жакка тапшыр" деп сунуштап, тапшырдым.

1-курста эле укканымды аккордеон менен кайра ойночумун. Студенттер арасында “аккордеонду укмуш ойногон бала келиптир” деп баары эле мага келишет. Анткени 2-3-курстагылар да мендей ойной алышчу эмес. Ошентип сабактан кийин мен аккордеон ойноп берем, студенттер ырдап, көп отурчубуз.

Бир жолу чоң курстун балдары “Биз чайканаларга ырдайбыз. Бизге аккордеончу керек болуп жатат, кошулбайсыңбы” деп мени кошуп алышты. Дароо эле чыгып кеттим жумушка. Чайканаларда “кабинкаларга” кирип ырдайбыз, эс алуучулар көңүлүнөн чыгарып беришет. Мен куруучу болуп иштеп кечке чейин тапканым 300 сом болчу. А мында 2 саатта эле аккордеондо ойноп ошончо акча таап баштадым. Ошентип түнү менен иштеп, эртең менен сабакка бара албай сабактан артта калып кеттим. Акыры 3-курсумда сырттан окуу бөлүмүнө которуп салдым. Учурда 6-курстун студентимин.

“КЕЛИНЧЕГИМДИН КЫЙНАЛГАНЫН КӨРҮП ЧЫДАБАЙ КЕТТИМ”

Ырчы мырзаны тагдыр бекеринен Бишкекке айдабаса керек. Бишкекке келбесе Ишен жубайын тапмак эмес. Жубайын таппаса Адеми аттуу ширин кызы жаралмак эмес. Эгер кызы төрөлбөсө, балким, элди ыйлаткан “Апакем” ыры да чыкмак эместир.

– Мен окууга кеч тапшырдым. Келинчегим менден 3 жаш кичүү, бирок 1 курс өйдө окучу. Мени аккордеон ойноткондордун арасында жубайым Наргиза да бар эле. Ырдап-чоордоп жүрүп баарыбыз жакшы досторго айландык. Бир жолу баарын Сары-Челекке чакыргам. Ошол жактан сезимдерибиз ачыкталды окшойт. Досумдун унаасында мен алдыңкы орундукта, ал артында отурган болчу. Кайтканыбызда күзгүнү Наргиза жакка каратып Бишкекке келгиче карап келдим, ошол көз караш да көптү чечип койду окшойт. Бишкекке келгенде жолугушуп жүрдүк, кийин олуттуу мамилеге өттүк. 4-5 жылдай сүйлөшүп, ал окуусун бүткөндө баш коштук.

Кызымдын төрөлгөнү да мен үчүн эстен кеткис окуя болду. Жубайым толготуп төрөтканага эртең менен барганбыз, кийинки күнү түштө төрөдү. Келинчегимдин жанында болуп, анын кыйналганын көрүп чыдабай кеттим. Болушунча жакшы сөздөрдү айтып көңүлүн алганга аракет кылам. Бирок андай учурда аялдар эч нерсени жактырбай калышат турбайбы, мени жаман көрөт. Бир маалда аялым да, мен да чыдабай, врачка “кесарево кыла бергилечи, мен макулмун” десем орус акушер экен, “өзү төрөйт” деп койду. Аялымдын абалын көрүп 8 баланы төрөгөн апамды эстедим, ыраазы болдум. Барган сайын жубайымдын алы кетип баштады, бир туруп экөөбүз кучакташып алып ыйладык. Менин эшикке чыккым келет. Эшикке чыксам бир туугандарымды көрүп ыйлап ийчүдөймүн. Аягында аялымды төрөткөнү алып киришти. Жубайымдын алсыраганын көргөм да, "эмне болот эми?" деп коркуп отурам. 5 мүнөт өтпөй эле “сүйүнчүңдү бер, кыздуу болдуң” дешти. Чыксам “Музаман” тобунун жигиттери, досторум күтүп отурушуптур. Алардын жанында отурган жеримден уктап калыптырмын. Кызымды төрөгөндөн кийин бир көргөм да, кайра көргүм келет, жубайыма сүрөтүн жөнөт дейм, айтор, балалуу болгон өтө бийик сезим экен. Ушул кызым да мага чоң дем берди. Кызымдын артынан “Апакем” деген ырым жаралды десем да туура болот.

“АПАКЕМ” АТТУУ ЫР ЭЛГЕ ТААНЫТАТ ДЕП ОЙЛОГОН ЭМЕСМИН”

“Супер-Инфо” гезитинин сыйлыгын алгандан кийин элдин, кесиптештердин да мамилеси өзгөрдү” дейт ырчы мырза.

– “Апакем” деген чыгарманы жаздырып жатканда мынчалык болбосо да, элге жаккан ыр болот деп кыялданганбыз. Бирок элге жүзүмдү таанытат деп ойлогон эмесмин. “Супер-Инфо” гезити тарабынан аталган ыр үчүн сыйлыкка татыган соң ордуң да башкача болуп калат экен. Жадакалса кесиптештер, тааныштардын да мамилеси өзгөрө түштү. Досторум “жууп бересиң” дешти эле, ошого да убакыт болбой жатат. Бирок досторума айтып коёюн, сөзүмдө туруп, сөзсүз жууп берем. Анан албетте, “Супер-Инфо” гезитине чоң ыраазычылык, биздин эмгекти баалап, сыйлыкка көрсөткөнүңүздөр үчүн!

"Кызым төрөлгөндөн кийин мага азыркы ийгиликтердин баары келди".

Гүлжамал Абылкасымова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
“Сахнада жүргөнүмө 6 жыл болсо да, “Апакем” ырынан кийин атым таанылды"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
ZhanMM
2019-01-15 10:09:07
"Апакем" - мыкты ыр
+14
jemile
2019-01-15 10:38:58
Ошондо обону өзүнүкүбү?
0
guli-1980
2019-01-15 16:16:39
jemile,жок менин аткаруумдагы деп айтса болмок
0
Aikan1966
2019-01-15 11:00:54
апасы менен клип тартылса андан да сонун болмок
+6
dobrajelatel
2019-01-15 12:56:22
Жөнөкөй, соонун маек болуптур. Эс алып окудум. Пиар, мактаныч, кыйынсынуу жок. Ийгилик жана бакыт сага Назаров!
+8
Busi06
2019-01-15 17:47:32
Иии ширин кыз десе шоколад кыз турбайбы омуру мн болсун кызыныз, бизге да насип кылсын ушундай шоколад кыздарды
+5
Balshi
2019-01-15 22:09:17
Кыз деген бакыт ,кут,береке деп айтат жолдошум.боюмда барда эркек торосон кетирем,мага Кыз керек деп оозду ачырган.
+5
Anarik87
2019-01-15 23:16:11
кандай соонун кыздуу болуш эх
+2
Mama-Yasmin
2019-01-16 00:25:46
Молодец экенсиз аялыныздын торотуно катышып , тушунуп баарын.... Аллахым сизден ыраазы болсун.
+5
Eli.91
2019-01-16 09:21:35
Ушул алса экен супер наамды деп тиленген элем.Апакем деген ыры соонунда мага жагат кайра-кайра тажабай УГА берём.Оркундой бериниз бирок ушул бойдон адамдык сапатынызды жоготбонуз сизге ийгилик.Кызыныздын омуру узуун келечеги кен бактылуу инсандардан болсун.
+4
al79mi
2019-01-17 09:21:17
Мына жонокой адам деп ушул жигитти айтса болот!Азамат! Адилет Азимовго караганда чын журоктон чыккан маек болгону байкалып турат!Ийгилик!
+4
warcaw
2019-01-17 22:20:25
Добуш бергенмин менда..
+5
№ 845, 11-17-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан