ЧЫМКЕНТТЕН ЧЫККАН ПАВЕЛ ПРИЛУЧНЫЙ ОРУС КИНОСУН БАГЫНДЫРУУДА

Орусиялык актёр Павел Прилучный үчүн 20 миллион рублдук Гелендваген Брабус автосу, 30 миллион рублдук батири байлык деле эмес, күнүмдүк кадимки буюм. Учурдагы Орусиянын эң көрүнүктүү актёрлорунун бири Павелдин кантип ийгиликке жетишкени, Голливуд жылдызын “чапканы” жана чөнтөгү кызыктырабы, анда кеттик.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

Туулган жылы, күнү – 1987-жыл, 5-ноябрь

Туулган жери – СССР, Чымкент шаары

Бою – 180 сантиметр

Тартылган тасмалары - “Жабык мектеп”, “Мажор”, Мажор-1”, “Мажор-2”, “Мажор-3”, “Квест” жана башкалар

БИЙЧИ, ЫРЧЫ ЖАНА МУШКЕР

Павел мушкер менен хореографтын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Андыктан бала кезинен бокс менен машыгып, кошумча хореография, вокал боюнча ийримдерге барчу. “1990-жылдардын башында Казакстанда улуттар аралык кагылыштар тез-тез кайталанып турган. Бир жолу ата-энем жумуштан келсе, кошуналарыбызды бычактап кетишиптир. Ошондон кийин биз тез арада Чымкенттин борборундагы 5 бөлмөлүү үйүбүздү сатып, акчаны түйүп алып Москвага поезд менен жол тарттык. Биз поезд менен жер кыдырып келгиче советтик рубль инфляция болуп кетиптир. Ошентип поездден капитал кылабыз деген бир чемодан акчабыз түстүү макулатурага айланып түшкөнбүз”,- деп эскерет Прилучный.

Паша 11 жашка чыкканда атасы каза табат. Бирок өспүрүм жигит мүңкүрөп калбай жалгыз Орусиянын Новосибирск облусундагы Бердск шаарына келип, өз алдынча жашоо кечирет. Кийинчерээк курьер, жүк ташуучу, стриптиз-клубда алпаруучу болуп эмгектенет. 14 жаш курагында Павел бокс жаатында ийгиликке жетишип, Орусиянын спорт чеберлигине талапкер болгон. Бирок машыгуу учурунда көп жолу баш мээси чайкалгандыктан, “келечекте мага баштын кереги тиет” деп бокс менен машыгуусуна чекит коёт.

Ошентип Паша билим алууга өтөт. Алгач Новосибирсктеги театралдык училищеге тапшырып, ошол эле учурда “Глобус” аттуу жергиликтүү театралдык топтун мүчөсү болуп, спектаклде ойноп баштайт. Бирок Паша "мындан ары өсө албайт экенмин" деп эч кимге айтпай-дебей кайрадан Москвага кетип калат.

“2014-ЖЫЛДЫН АЧЫЛЫШЫ”

Павел Москвада МХАТда (Москва көркөм академиялык театры) андан кийин ГИТИСте окуп, актёрдук карьерасын баштайт. Алгач эпизоддук ролдорду жаратып отуруп экинчи пландагы актёрдун ролуна жетет. Окууну аяктаганда Павелдин портфолиосу бир топ тасмаларга толуп, ысымы таанылып калган. Диплом колго тиери менен аны 2011-жылы жаштардын кызыгуусун арттырган “Жабык мектеп” сериалына чакырышат. 16 жаштагы эрке баланын ролун жараткан Павел бат эле элдин кызыгуусун арттырат.
Кезек сериалдарга келет. Удаасынан ал тартылган сериалдар жарыкка чыгып, азыркы күндө сериалдар Павелдин, актёр болсо сериалдардын багын ачып келет. Актёрдун атактуулугун арттырып, элдик актёр кылган бул “Мажор” криминалдык драмасы болду. Сериалда актёр полициянын ыкчам иликтөө бөлүмүнө капыстан келген баш каарман Игорь Соколовскийдин ролун жараткан. Аталган драма үчүн актёр “2014-жылдын ачылышы” деген наамга татыган. 2016-жылы “Мажор” америкалыктар трансляция кылуу үчүн укук алган алгачкы орусиялык сериал болгон.

Маалыматтарга караганда, “Мажор” тасмасына Павелдин бир күндүк тартылганы бир нече миң рублга бааланган. Ошондой эле Прилучныйдын бир күндүк тартылуусу жарым миллион рублга чейин жетет деген маалымат бар.

“КҮҮГҮМ” ТАСМАСЫНДАГЫ РОЗАЛИНИН ЖҮРӨГҮНӨ ЧОК САЛГАН

2009-жылы Театрда иштеп жүргөндө тагдыр Пашаны “Күүгүм” тасмасында Розали Хейлдин ролун жараткан Голливуд актрисасы Никки Рид менен тааныштырат. Бир кезде сүйүүгө мас болгон актриса орус бойфрендинин фамилиясын алаканына да тарттырган. Кийин мамилесин токтотушканда татуировкасын өчүртүп салган. “Мен анын ким экенин деле билген эмесмин. “Күүгүм” тасмасы ал кезде эми тартылып жаткан экен да. Көрсө, Никки Орусияга жаңы тасмасын көрсөтүү үчүн келген экен. Бизде окуган анын курбусу спектаклге чакырыптыр. Спектакль аяктаары менен сахнанын артына ал келип мага англис тилинде бир нерселерди айтты, мен бир да сөзүн түшүнгөн эмесмин. Кийин түнү жатаканама келиптир, эртең көрүшөлү деп жатып Никкиден араң кутулгам. Эртеси жолуктук, ал мени, мен аны түшүнбөйбүз, жаңсап, актёрлук чеберчилигибизди колдонуп отуруп баарлаштык. Айтор, мамилебиз уланып, жакын болуп кеттик. Экөөбүз бир жылдай эки жакта туруп скайп аркылуу байланышып “сүйүшүп” жүрдүк”,- дейт актёр сүйүүсү тууралуу. Акыры Павел театрдагы жумушун таштап, сүйүктүүсүнүн артынан АКШга кетмей болгондо Никки байланышка чыкпай коёт. Ошону менен жарым жылдан кийин актриса пайда болгондо Павел дос боюнча эле калалы деп койгонун айтат.

ПАВЕЛ ҮЙ-БҮЛӨГӨ ТУРУКСУЗБУ?

Павел жубайы Агата Муцениеце менен “Жабык мектеп” тасмасына тартылуу учурунда таанышкан. Пашанын айтымында, ал жубайын бир көрүп сүйгөн. Экөө таанышканда Агатанын башка жигити бар болчу. Бирок Прилучныйдын сүйүүсү күч болуп, Агата мурунку сүйүктүүсүн жыйыштырып, бир жылдан соң 2011-жылы экөө жакындарынын коштоосунда баш кошушат. Бир уул, бир кыздын ата-энеси болгон Прилучныйларды үлгүлүү үй-бүлө деп көбү суктанчу. Жайында Павел менен Агата ажырашуу алдында турат деген маалымат тарайт. Актёрлор канчалык урушуп-талашпасын, кайра табышып келишет. Анткени аларды актёр өзү айтмакчы, тунук сүйүү кошкон.

Прилучныйлар "Жабык мектеп" сериалында кыз-жигиттин ролун жаратышкан.
Павел менен Голливуд жылдызы Никки Рид бири-биринин тилин түшүнүшпөй эле сүйүшүп жүрүшкөн.
Жубайлар дагы деле чогуу сериалдарга тартылып келет.
Актёрдун атагын арттырган "Мажор" сериалы.

Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
gulzalin
2019-01-15 11:00:43
Таланттуу актёр.
+3
Aibako937
2019-01-15 16:51:13
Жашында уктап, жалкоолонбогону учун Бир нече окууда окуп ийгилик жаратыптыр. Уйкусун женген Адам эн кучтуу Адам болсо керек деп есептейм.
+10
Astra12
2019-01-17 01:01:49
"Мажор" тасмасынан кийин жакшы таанып калгам
+2
№ 845, 11-17-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан