СУЛТАН САДЫРАЛИЕВ 3-ИРЕТ АТА БОЛДУ!

Жыл жаңырары менен белгилүү ырчы Султан Садыралиевдин үйүндө кубанычтуу кабар болуп, наристе үнү жаңырды. Султан Садыралиевге байланышып, тун уулу Акмырза жана кызы Айсанаттын жаңыдан жарыкка келген бөбөгү тууралуу сурадык: “Кудайдын буйругу менен жубайым Асел 4-январда уул төрөдү. Учурда жубайымдын да, уулумдун да абалы жакшы. Балама ат тандоодо досторум менен кеңештим. Бир нече жакшы ысымдардын арасынан Мухаммед деген атка токтолдук. Буюрса, ысымын татыктуу алып жүргөн инсан болот деп ишенем”,- дейт кубанган ырчы. Мухаммеддин бешик боосу бекем болуп, келечекте атасындай эл уулу болсун!

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Jazdyn_tany
2019-01-15 15:22:34
Бешик боосу бек болсун! Бизге дагы жуксун!
+1
Skarlett-Skarlett
2019-01-15 18:31:09
Уй булолордо наристе уну жаныра берсин!Бешик боонор бек болсун!
+1
moldobaev.zamir
2019-01-17 14:52:47
Бешик боосу бек болсун,омуру узуун болсун
+1
Sharipa-asia
2019-01-19 21:46:31
Бешик боосу бек болсун!
0
№ 845, 11-17-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан