ТОЛГОНАЙ АРЗЫКЕЕВА ПРОДЮСЕРЛҮҮ БОЛДУ

Татынакай, жаш ырчы кыз Толгонай Арзыкеева продюсерлүү болду. Ырчы кыз мындан ары Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабековдун колдоосунда иш алып барат. Толгонай менен байланышканыбызда ал буларга токтолду: “Былтыр ноябрь айында Мирбек байке менен бир ырды чогуу аткарып калдык. Ошондо иштешүү тууралуу сүйлөшүп баштаганбыз. Буюрса, жаңы жылдан баштап расмий түрдө ишке кириштик. Мирбек Атабековду башынан кумир тутчумун, эми ал устатым жана продюсерим болду. Кубанычымда чек жок. Азыр вокалдан сабак алып жатам, жаңы чыгармаларга даярдык күч. Продюсеримдин ишеничин актаганга болгон аракетимди жумшайм”.

Толгонай менен Мирбектин тандемине ийгилик каалайбыз. Эске салсак, буга чейин Мирбек Атабеков продюсерликти колго алып, ырчы Бек Исраиловго колдоо көрсөтөрүн билдирген.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Aikan1966
2019-01-15 10:51:22
Ийгилик
+1
№ 845, 11-17-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан