ЖАРЫЯСЫНА ИШИ ДАЛ КЕЛБЕГЕН ЖЫЛДАР. АЙМАКТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ ЖЫЛЫНДА АЙМАКТАР ӨНҮГҮП КЕТТИБИ?

Биздин өлкөдө ар жылды бийлик атайын дилгир максатка жетелеген багыт менен атап келет. Бирок атап коюу бир маселе, ал эми ага жараша иш жүргүзүү экинчи маселе. Эгерде буга чейин жылдар жарыялангандай иш жүргүзүлгөн болсо өлкөбүз эбак өнүгүп кетмек. Бирок бардыгы баягыдай. Аты бар, жыйынтыгы жок жылдар...

ТУРИЗМ ЖЫЛЫНАН ЫЙМАН ЖЫЛЫНА ЧЕЙИН...

Жылды кайсы бир олуттуу иштерге арноо өлкө башчынын жарлыгы менен жарыяланып, бүтүндөй өлкөдө ошол жылга ылайык иш-чаралар өтөт. БУУ быйылкы жылды эл аралык түпкү элдердин тили деп атады. Дүйнө жүзүндө учурда 7 миңден ашуун тилдер бар, эки жума ичинде бир тил жоголууда деп айтылат. Бул жерде кыргыз тили да жоголуп бара жаткан тилдердин катарына эбак кирип калганын айта кетпесе болбойт...

Кыргыз өлкөсүндө эгемендик алгандан тарта ар жылдар ар кандай аталып келген. 1 жылдагы иш-чаралар ошого ылайык өткөрүлүп турат. Бирок бир жылдан кийин эле унутулуп калмай жайы да бар. Аскар Акаевдин 10 жылдан ашык башкаруусундагы жылдарды атасак бир беттен ашып кетет. Анын акыркы 5 жылдыгы жана андан берки Бакиев, Отунбаева, Атамбаев жана Жээнбековдун тушунда кайсы жыл кандай аталып, ошого ылайык көрүнүктүү иштер жасалганбы, салыштырып көрсө болот.

2001-жыл – Туризм жылы

Өлкөдө туризм жылы деп жарыяланган. Эгемендик алгандан 10 жыл өткөндөн кийин туризмге басым жасалып, бул тармакты жандандыруу иштери башталган. Туризмдеги көрсөткүчтөр 1999-жылы жалпы ИДПнын 2,5 пайызын түзсө, 2000-жылы 2,9 пайыз жана туризм жылында 3,9 пайызга чейин өскөн.

2002-жыл – Тоолор жылы

Кыргыз өлкөсүнүн демилгеси менен БУУ бул жылды эл аралык тоо жылы деп жарыялаган. Кызыгы, дал ушул жылы Кашкар тоосу тараптан Кытайга Кыргыздын 90 гектардай жери берилип кеткендиги үчүн каргашалуу Аксы окуясы орун алган.

2003-жыл – Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылы

Кыргыз эли эң байыркы элдердин бири экендигин Аскар Акаев БУУнун трибунасында айтып, 2003-жыл мамлекеттүүлүктүн жылы деп жар салган. Бул байыртадан келе жаткан элдин дүйнөгө дагы бир жолу эзелтен мамлекеттүүлүккө ээ болуп келгенин көрсөтүү эле. Бул жылы өлкөбүздө башка өлкөнүн авиабазасынын (“Кант”) ачылышы мамлекеттүүлүктүн деңгээлин көргөзөт.

2004-жыл – Социалдык мобилизациялоо жана акыйкат башкаруу жылы

Президент Аскар Акаев жылды жыйынтыктап жатып, бул ураан менен жакырчылык 6 пайызга төмөндөдү деп мактанган. Акыйкат башкаруу демекчи, бул жылы Ички иштер министрлигинин башкарма башчысы Чыныбек Алиевди өлтүрүп кетишкен жана “Кумтөрголд” компаниясынын акциясы “Центерра голд” ишканасына сатылып, бул иш кийин өлкөнүн кызыкчылыгына дал келбегени айтылды.

2005-жыл – Социалдык стабилдүүлүк жана турак жай куруу жылы

Өлкөдө жылды кандай атаса ошонун карама-каршысы болгонун байкоого болот. Бул жыл социалдык стабилдүүлүк жана турак жай куруу деген аталыш менен жарыяланган. Ушул жылы канчалык “социалдык стабилдүүлүк” болгонун 24-марттагы революция, Акаевдин бийликтен куулушу, мародёрчулук окуялары менен баарыбыз көрө алдык...

2006-жыл – КМШ бирикмесине арналган

Аталган жыл бардык КМШ өлкөлөрүндө көз карандысыз мамлекеттердин шериктештик бирикмесине арналган. Бул жылы Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилип, КМШ жылына ылайык, КМШнын бир катар өлкөлөрүндөгүдөй Курманбек Бакиев президенттин ыйгарым укуктарын бекемдетип алган.

2007-жыл – Айыл маданиятын өнүктүрүү жылы

Аталган жыл айыл маданиятын өнүктүрүүгө арналган. Анда аймактарда маданият жана искусствону өнүктүрүү үчүн бюджеттен 33 миллион сом сарпталган.

2008-жыл – Чыңгыз Айтматовго арналган

Кыргыздан чыккан чыгаан жазуучунун 80 жылдык юбилейине карата Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыяланган. Республика боюнча жазуучу тууралуу ар түрдүү иш-чаралар, конференциялар өткөрүлгөн. Өзүнө арналган жылда жазуучубуз дүйнө салган...

2009-жыл – Жаштар жылы

Жаштардын коомчулуктун бардык багыттагы иштерге активдүү катышуусу, жаштардын үнүн кайдыгер калтырбоо, “Биздин жыл – биздин үн” деген ураанда өткөн. Бул арада өлкөдө жаштардын сырткы миграциясы токтолбой өсө берди. Ушул жылы КМШ боюнча эң жакыр өлкө болуп таанылганбыз.

2010-жыл – Мурас жылы

Өлкө аймагындагы маданий мурас деп эсептелинген бардык объектилер корулуп, сактоо чаралары көрүлгөн. Материалдык гана эмес, оозеки элдик чыгармалар да маданий мурас катары бааланып, иш-чаралар уюштурулган.

2011-жыл – Курманжан датка жылы

Алай ханышасы Курманжан датканын 200 жылдыгына карата ал кездеги президент Роза Отунбаева жылды датканын урматына арнаган. Атайын иш-чаралар менен бирге көркөм тасма тартуу чечими кабыл алынган.




2012-жыл – Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак, кечиримдүүлүк жылы

Өлкөнүн жаңы шайланган президенти Алмазбек Атамбаев 2012-жылды ушинтип жарыялаган. Негизги багыт үй-бүлө баалуулуктарын сактоо, ала качууга каршы күрөш, коомдогу тынчтык сыяктуу демилгелери көрсөтүлгөн.

2013-жыл – Эмгекчилер жылы

Эмгекчинин мээнетин, коомчулуктагы ордун көтөрүү, алардын мамлекетке болгон таасирин күчөтүү таризинде бул жыл эмгекчи жылы деп жарыяланган. Карапайым элге басым жасалып, жумуш ордулары түзүлөт деген үмүт болгон. Жумушсуздук азайган жок, эмгек менен камсыз болгондордун саны кескин өскөн жок.

2014-жыл – Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы

Мындай айтылганы менен, өлкөнүн туруктуу өнүктүрүү саясаты, чечилбеген чек ара маселелери дагы деле орчундуу көйгөй бойдон кала берди. Мамлекеттүүлүктү бекемдөө деп жатып, Кыргыз өлкөсү жыл соңунда Бажы биримдигине кирди.

2015-жыл – Улуттук экономиканы чыңдоо жылы

Бажы биримдигине мүчө болгондон тарта өлкө экономикасы кыйла басаңдап, жаңы эреже, жаңы талаптарга көнүү аракеттери көрүлүп баштады. 2013-жылдан 2017-жылга карата түзүлгөн өлкөнү туруктуу өнүктүрүү стратегиясына ылайык, белгиленген ири долбоорлордун башталышы күтүлгөн. Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун ачылышы, энергетика жана айыл чарба, транспорт долбоору жалпы 418 миллиард сомго жасалмак.

2016-жыл – Тарых жана маданият жылы

2016-жылы Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө 25 жыл толгону, Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы, үркүндүн 100 жылдыгына карата Тарых жылы деп жарыяланды.

2017-жыл – Ыйман, адеп жана маданият жылы

Бир гана материалдык байлыктын артынан чуркабай, руханий байлыкты да өстүрүү, жаштар адептүү жана ыймандуу болуусу керектиги жар салынган. Бул жыл өз жарандарынын билим алуусу, таалим-тарбия системин түзүү мамлекеттин бирден-бир милдети деген ураан менен өткөн.

2018-ЖЫЛ – АЙМАКТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ ЖЫЛЫ

Сооронбай Жээнбековдун тушунда 2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланды. Бир гана ири шаарларда иш жүргүзө бербей, алыскы айылдарга чейин көңүл бурулат деп ишендирилген. Өлкөнүн 67% калкы аймактарда жашайт, демек, орто жана чакан ишмердүүлүк, билим берүү жана маданий мекемелерди куруу, ичүүчү суу жана башка ушундай маселелер чечилиши керек эле. Алгачкы кадамдар ар облустун шаарларын өнүктүрүү менен башталып, долбоордун концепциясы 2020-жылга чейин каралган.

Өткөн жылды бир кылчайып карап, азырынча бир дагы аймак жарытылуу өнүгүп кетпегендигин баамдаса болот. Жакырчылыкта жашагандардын саны кыскарып кеткен жок, 2017-жылы бул көрсөткүч 25,6%ды түзсө, 2018-жылы да ар бир 5-кыргыз жараны жакырчылыкта. Айыл аймактардын 80%дан ашууну мамлекеттик дотацияда, бул көрсөткүч абдан жогору бойдон. Аймактардагы экономиканы баамдасак, өндүрүштө жалпы ИДПнын 18 пайызын, айыл чарба иши 12 пайыздык көрсөткүчтү түздү.

Азырынча Ысык-Көл туристтик Вегаска айланып кеткен жок, Нарын же Баткенде жүздөгөн адамдарды иш менен камсыз кылган завод-фабрикалар ачыла элек. Тескерисинче, ар аймакта чет өлкөлүк инвесторлор менен жергиликтүү калк ортосундагы маселелер азырынча ачык бойдон калып келүүдө.

АЙМАКТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ. ДУБЛЬ II

Аймактарды өнүктүрүү үчүн бир жыл жетишпей тургандыгы белгилүү болчу, андыктан быйылкы жыл дагы аймактарга басым жасалганы таң калтырган жок. Албетте, канча жылдан бери чечилбей келген аймактардагы көйгөйлөрдү дароо чечип салуу мүмкүн эмес. 2019-жылды коомчулук тышкы карыздардан кутулуу жылы же коррупцияга каршы күрөш деп жарыялоого да даяр болчу. Бирок жыл башы түкүрүккө каршы күрөш менен башталбадыбы...

Жээнбеков элет жерлерин өнүктүрүү жолу уланат деп, аймактардын күнүмдүк турмушуна жаңы технологияларды киргизүү максатында быйылкы жылды “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” деп билдирди. Өлкөнү санариптештирүү менен мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө адам фактору жоюлуп, жарандар үчүн жеңилдиктер орун алат. Жылдын аталышы кулакка жагымдуу угулат, иш жүзүндө кандай аткарыларын жылдын соңунда билебиз. Аймактарды өнүктүрүү. Дубль II башталды.

Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 845, 11-17-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан