АДАХАН МАДУМАРОВ: «БИЙЛИККЕ МЫЙЗАМ БУЗУУ МЕНЕН КЕЛГЕН АДАМ ЭЧ КАЧАН АДИЛЕТТҮҮЛҮК ОРНОТПОЙТ»

– Адахан Кимсанбаевич, бүгүн “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев ооруканадан кайра абакка которулду. Жаңы жыл алдынан Жогорку Кеңештин 6 фракциясынын лидерлери, Утурумдук өкмөттүн төрайымы президентке кайрылышты эле ырайым берүүнү сурап, сунуштап десе да болот. Президент Жогорку Кеңеш менен эсептешпей турганынын белгисиби бул?

– Бул маселени эки өңүттөн кароо керек. Биринчиден, Отунбаева жана парламенттеги фракция жетекчилери жеткен сабатсыздыгын көрсөтүштү. Мунапыс, ырайым бир адамдын суранычы менен кабыл алынбайт. Экинчиден, эгер билип туруп ушул кадамга барышса, анда элге жөн эле спектакль коюп коюшту. Муну популисттик кадам деп гана кабыл алуу керек. Элге адилеттүү, чынчыл болуп көрүнгүлөрү келишти десе болот. Коомчулукта “көрсө, булар адилеттикти талап кылып жаткан тура” деген ой жаралат. Анчалык чындыкты, адилеттикти издешсе, эмне үчүн түрмөдө жаткан башка саясатчыларга да ырайым сурашпайт? Бир адамды бөлүп кароо туура эмес, баарына тегиз мамиле жасалышы зарыл. Мисалы, Бекболот Талгарбеков башында турган топ, Дүйшөн Чотонов, Садыр Жапаров да саясий негизде камакта отурат. Мен кимдир бирөөгө жагуу же жамандоо үчүн эмес, калыстык үчүн ушуну айтып коюшум керек.

Мунапысты президент өз эрки менен бийликке келери менен жасашы керек болчу. Мен муну дээрлик 2 жылдан бери айтып келе жатам. Бир партиянын эмес, бүтүндөй элдин президентимин деген ишарат кылышы керек эле. Тилекке каршы, азыркы президент ага бара алган жок, барышы да мүмкүн эмес. Себеби өзү бийликке мыйзам бузуу менен келген. Мыйзам бузуу менен келген адам эч качан адилеттүүлүк орнотпойт.

– Президенттин “өзү суранса анан берем” дегенин кандай кабыл алдыңыз?

– Өзү суранса берем дегени – керкейүүчүлүк, өзүнүн маанилүү экенин баса көрсөтүү. Бүгүн түрмөдө отурган жигиттердин баары сабаттуу. Алар президенттен ырайым сурабай турганын айтып жатышат. Бул принципиалдуулук маселеси. Эгер ырайым сураса алар күнөөсүн моюнга алып, камчысын моюнга илип президенттин алдына ийилип барганга тете болот. Мунапыс бирөөнүн суранычын аткаруу үчүн эмес, адилеттүүлүк, калыстык, боорукерлик деген принциптердин негизинде жасалуучу иш.

– Адатта шайлоодон шайлоого жылган сайын элдин саясий аң-сезими өсөт, чыныгы татыктуулардын бийликке келишине жол ачылат деп айтылганы менен, иш жүзүндө тескери кетип жаткан жокпузбу?

– Туура, себеби элден пейил кетти. Ким экенибизди унутуп баратабыз. Алтыныбыздын баарын кытай компаниялары басып бүттү. Инвестиция десе эле кен казууну бетке кармашат. Инвестицияны завод-фабрика куруу, жол салуу менен деле ишке ашырса болот. Азыркы президентмин деген киши убагында пенсияны 11 миң сом, айлыкты 26 миң сом кылам деген, кана? Тескерисинче, түкүрүккө 5 жарым миң сом айып пул салынды. Шайлоодо таратылган миң сомдуктардын мисалында 5 добуштун баасы 1 түкүрүктүн айып пулун төлөөгө жетпеген заман келди деген сөздөр айтылууда. Бүгүн ар бир Кыргыз жараны күнөөбүздү моюнга алышыбыз керек. Ошондо гана “мындай кылган болбойт тура” деп бир силкинип, өзгөрүүгө бет алабыз.

politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 845, 11-17-январь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан